Акыркы макалалар

Казакстанда кырсыкка кабылган кичи автобус 19 эмес, 7 жүргүнчүгө гана ылайыкталган

Казакстанда кырсыкка кабылган кичи автобус 19 эмес, 7 жүргүнчүгө гана ылайыкталган

Жамбылдагы жол кырсыгына кабылган автоунаа Литвадан жүк ташуучу унаа катары алып келинип, Кыргызстандан жүк жана жүргүнчү ташый турган унаа катары катталган.

Казакстандагы трагедияданы жараткан кырсыктуу кичи автобус, 2015-жылдын январь айында жүк ташыган унаа катары Литвадан Кыргызстанга алып келинген.

Кыргызстанга келгенден кийин, февраль айында аны жүк ташуучу жана жүргүнчүлөрдү сала турган унаа катары каттоодон өткөрүшкөн. Жыйынтыгында 7 жүргүнчүлүк кичиавтобус катары катталган. Бул туурасында Кыргызстандын каттоо кызматынын маалымат кызматы Sputnik сайтына билдирди.

Жекшемби күнү, 19-апрелде эртең менен ири жол кырсыгынан кыргызстандык 15 адам курман болуп, бир тобу күйүп кеткен. Кырсык Жамбыл облусуна караштуу Моюнкум аймагындагы Алматы — Екатеринбург жолунун 487-чакырымында болгон. Жүк ташуучу "Газель-2705" машинасы менен "Мерседес-Бенц Спринтер" кичиавтобус кагышкан. Кырсык болгон учурда спринтердин ичинде эки айдоочуну жана үч баланы эсептегенде 19 адам келе жаткан.

Кээ бир маалымат булактарынын билдирүүсүнө ылайык, Россияга каттаган эмгек мигранттарын ташыган автоунаалардын айдоочулары отургузуп эмес, эки катар кылып жаткырып алып кеткен учурлар кездешет.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...