Акыркы макалалар

Казакстанда болгон жол кырсыгынан унаа күйүп кетип, 14 кыргызстандык каза болду

Казакстанда болгон жол кырсыгынан унаа күйүп кетип, 14 кыргызстандык каза болду

Кырсык болгон жерде 13 адамдын күйүп калган денеси табылды, алардын арасында "Газель" унаасынын айдоочусу жана микроавтобустагы 13 адам болгон.

Казакстандын Жамбыл областынын Мойынкум районунда болгон жол транспорт кырсыгынан 14 кыргызстандык каза болду, беш адам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу "ВБ"га КРдин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.

Аталган маалыматта такталгандай, кечээ, 19-апрелде саат 10.00дө Жамбыл областынын Жол көзөмөл кызматынын ыкчам нөөмөт бөлүмүнө республикалык маанидеги Алмата – Екатеринбург унаа жолунун 487-чакырымында эки унаа кагышканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Мойынкум районунда болгон кырсыкта Казакстандын жараны, 1976-жылы туулган К. А. Аданов айдаган 147 FРО номерлүү "Газель-2705" унаасы жана "Мерседес-Бенц Спринтер" унаасы сүзүшкөн. Микроавтобустун ээси ким экендиги такталып жатат.

Спринтер унаасы Бишкектен Екатеринбургга бара жаткан. Унаанын салонунда айдоочу жана 18 жүргүнчү болгон.

Жол кырсыгынан эки унаа күйүп кеткен. Кырсык болгон жерде 13 адамдын күйүп калган денеси табылды, алардын арасында "Газель" унаасынын айдоочусу жана микроавтобустагы 13 адам болгон. Каза болгондордун үчөө балдар, ошондой эле 1992-жылы туулган автобустун жүргүнчүсү Арыскулов Ерлан алган жаракатынан улам Караганда областынын Приозерск шаарындагы ооруканада көз жумду.

Окуя болгон жерде каза тапкан Кыргызстандын жарандары:

Аббас Оринбаев, 2008-жылы туулган;

Абророддин Оринбаев, 2006-жылы туулган;

Хадичахон Оринбаева, 2003-жылы туулган;

Гавхарай Оринбаева, 1981-жылы туулган;

Мавжуда Оринбаева, 1953-жылы туулган;

Абдисамат Эрашиев, 1974-жылы туулган.

Башка адамдарын ким экендиги такталып жатат.

Караганда областынын Приозерск шаарындагы ооруканага жаткырылгандар:

Темирлан Токтарбаев, 1971-жылы туулган;

Максатбек Сайкоев, 1985-жылы туулган;

Тайырбек Сейтбеков, 1971-жылы туулган;

Мейрамбек Самат, 1993-жылы туулган;

Рустамбек Даурешов, туулган жылы такталууда.

Унаалардан чыккан өрт саат 13.00дө өчүрүлгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жабыр тарткандардын жакындарын (0770) 88-00-19 телефонуна кайрылууну чакырат.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...