Акыркы макалалар

Ысык-Көлдө эл аралык туристтик жарманке өткөрүлөт

"Кыргыз деңизи" санаторийинин базасында 30-апрелде "Ысык-Көл-2015" деп аталган эл аралык туристтик жарманке өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Туристтик жарманкеге Кыргызстандын, Казакстандын, Россиянын жана башка алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн курорттук-ден соолукту чыңдоочу мекемелеринин, туристтик тармактарынын өкүлдөрү катышмакчы.

Жарманкеде Казакстан жана Россиянын туроператорлору менен ЖМК өкүлдөрүнө Ысык-Көл аймагы боюнча маалыматтык тур уюштурулат.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...