Акыркы макалалар

Бишкекте “Бүткүл дүйнөлүк авиация жана космонавтика” күнүнө карата фотокөргөзмө ачылды

Бишкекте “Бүткүл дүйнөлүк авиация жана космонавтика” күнүнө карата фотокөргөзмө ачылды

Көргөзмөгө космонавтикага байланыштуу 100 чамалуу фотосүрөттөр коюлган.

1961-жылы 12 апрелде Ю.А.Гагарин “Чыгыш-1” космос кемесинде биринчи жолу космос мейкиндигин багындырып, ал жакта 1 саат 48 мүнөт өткөргөн.

1965-жылы 16-июнда Валентина Терешкова “Чыгыш-6” кемесинде айымдардан алгачкы болуп космоско учкан. Орбитада 3 күн болгон. Терешкова космоско учканын жакындарынан жашырган. Туугандары бул тууралуу радиодон угушкан. Айым-космонавт Советтер Союзунун Баатыры наамын алган.

Кыргызстандык Салижан Шарипов 1998-жылы 23-январда “Endeavour” кемесинде космосту багындырган 375-учкуч. Эки жолу учуп, жалпысынан мейкиндикте 201 күн 14 саат 48 мүнөт жана 53 секунд жашап-иштеген.

“Бүткүл дүйнөлүк авиацияжана космонавтика” күнүнө карата фотокөргөзмөнү Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько ачты. Иш чарага элчилик өкүлдөрү, студенттер жана шаар тургундары катышты.

Көргөзмө эки жумага созулаары күтүлөт. Кирүү акысыз.

БУУнун Генералдык Ассамблеясынын 65-сессиясынын чечими менен 12-апрель “Бүткүл дүйнөлүк авиация жана космонавтика” күнү деп аталган. Жыл сайын эл аралык деңгээлде белгиленет.

Элвира Султанмурат кызы

Түп нускага шилтеме : koktom.journalist.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...