Акыркы макалалар

Арам акча алыска алып барбайт

Мындан эки ай мурун Ош шаарында жашаган 16 жаштагы А.А аттуу бир кыз жоголгон. Жумуш издеп жүрүп эле дайынсыз кеткен өспүрүм жакында Ош облустук ички иштер бөлүмүнүн 10-бөлүмү тарабынан табылды. Бул маалыматты Ош облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) 10-бөлүмүнүн башчысы Жакып Зулпиев билдирди. Көрсө, ал кыз алдамчылардын торуна түшүп, алар жашы жете элек өспүрүмдүн денесин сатып пайда көрүп жатканы маалым болду. Жабырлануучу А.А кызынын айтымында, ал бир досунун көрсөтмөсү менен Кара-Суу шаарына жумуш издеп келет. Ошондо Гүлнара Садирова аттуу айым, туулгандыгың тууралуу күбөлүгүң болсо кафеге жумушка алам деп алдоо жолу менен бир үйгө алып барат. Ал үйгө киргенден кийин аны коркутуп, уруп-согуп сойкулук кылууга мажбурлашат. Бул үйдө ушундай ыплас иштер болуп жүргөнү коңшу-колоңдорго маалым эле. Алар орган кызматкерлерине кайрылып, кабар беришет. Ош облустук ИИБ облустук прокуратуранын макулдашуусу менен 5-февраль күнү Кара-Суу шаарынын Гапар Айтиев көчөсүндө жайгашкан №6 үйдө жашаган Хатирахан Касимованын үйү тинтүүгө алынат. Чындыгында, текшерүү учурунда, аталган үйдө сойкулук менен алектенген 6 кыз аныкталды. Үчөө Өзбекстандын жарандары, алар бул ишке өз эрки менен келишкендигин мойнуна алышып, өз өлкөсүнө кайтарылмакчы. Калгандары Кыргызстандын жарандары, алардын ичинде жогорудагы жашы жете элек А.А атуу кыз жана бир дудук кыз да болгон. Кармалган кыздар азыр өздүгүн тастыктоочу документтери жок болгондуктан Ош шаарындагы кабыл алуу жана кайра бөлүштүрүү бөлүмүнө алынып келинди. Ал эми бул мыйзамсыз жорукту ишке ашырып жүргөн 1950-жылы туулган Хатирахан Касимова жана 1985-жылы туулган Гүлнара Садирова темир тор артында сурак берүүдө. Аларга кылмыш жаза кодексинин 260-беренеси (сойкулукка тартуу) жана 261-беренеси (сойкулук үчүн көмүскө жайларды уюштуруу же күтүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. “Алар сөзсүз түрдө тийиштүү жазаларын алышат”,-деп билдирет Жакып Зулпиев.

ЗЫЙНАТ ИБРАЙИМОВА, Ош

1-март, 2013-жыл, №08

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...