Акыркы макалалар

Бажы биримдиги багыбызды ачабы?

Кыргызстанда мындан эки жыл мурда демилгеленген Бажы биримдигине кирүү кадамы азырынча кагаз жүзүндө келе жатат. Бирдиктүү экономикалык алкакка биригүүнүн ыңгайлуу жолу катары сыпатталган бул үчилтикке кошулуунун айланасында коомчулукта бирдиктүү пикир жок. Айрымдары Бажы биримдигине кирүүнүн пайдасынан зыяны ашыкча дешсе, айрымдары бул пикирге каршы жүйөөсүн билдирип келе жатат.

Максат бир, пикирлер ар башка

Бул маселе февраль айынын орто ченинде Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген Орусиянын Бажы кызматынын башчысы Андрей Бельяниновдун биримдикке кирүү тууралуу чакырык таштоосу күңгөй-тескей талкууларды дагы күчөттү. Кыргыз өкмөтү буга чейин биримдикке кирүү камылгасын көрүп, келерки жылдан баштап кадам таштай турганын билдирген болчу.

Кыргыз расмийлери Бажы биримдигине кошуунун артыкчылыктарын байма-бай айтып, Кыргызстан үчүн бир топ оң жагдайлар түзүлөрүнө үмүт этсе, адистер муну “ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” таризинде сыпатташууда.

Экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев биримдикке кирүүдө кыргыз экономикасы үчүн бир топ ыңгайлуу жагдайлар түзүлөрүн айтып, мындан чочуулоонун кажети жок дейт. “Экономикалык алкактан алып караганда, биздин 80 пайыз алакабыз Бажы биримдигине кирген мамлекеттер менен болуп жатат. Экспорттук потенциалыбыз ошол жакка барып, өзүнүн ордун таабууда. Бажы биримдигинин өзүнүн келишими бар. Биз алып-сатарлык менен алек болбойбуз, өзүбүздүн өндүргөн товарларыбызды экспорттогонго Бажы биримдиги шарт түзүп берет. Чек араларыбыздын баары жабылды. Товарларыбыз өтпөй калды. Сүтүбүздү албай жатат. Биримдикке киргенден кийин бул жааттагы көйгөйлөр өзүнөн-өзү чечилет. Бүгүнкү күндө сыртта жети жүз миңдин тегерегинде эмгек мигранттары жүрөт. Биримдикке кирүүнүн дагы бир жакшы жагы мекендештерибиз Орусия, Казакстан, Белоруссияда ошол өлкөнүн жарандары сыяктуу өз кесиби боюнча жумушка орношконго мыкты шарт түзүлөт. Келишимде бул маселе каралган. Мурдагыдай жогорку билимдүүлөр ал жакка барып көчө шыпырбай, мугалими мугалим, дарыгери дарыгер болуп иштегенге жол ачылат”,-деди.

Ошол эле учурда бул кадам ириде экономикалык ыңгайлуулуктан да саясий кызыкчылыктын кулагы көрүнүп турганын жашыргандар да жок эмес. Борбор Азиядагы эркин экономикалык институтунун жетекчиси Мирсулжан Намазалиев муну төмөнкүчө тастыктады. “Кыргызстандагы Бажы биримдигине кирүү чечими экономикалык эсептер аркылуу эмес, саясий өңүттүн айынан болуп турганы айкын. Себеби, Бажы биримдигинин айынан импорттук салыктардын, алымдардын пайызы бир кыйла көтөрүлөт, ошол эле Кытайдан келип жаткан товардык позицияларга салыктарды эсептөө механизми дагы өзгөрөт. Булардын бардыгы баалардын өсүүсүнө алып келет. Кээ бир товарлардын баалары бир нече эсе өсө турган болсо, кээ бирөөлөрү 20-30 пайызга дагы өсүшү күтүлүүдө. Бул жарандарыбыз үчүн жакшы жышаан эмес, тескерисинче, кийим-кече, жаңы технологиялар жана жабдуулар жана башка ушул сыяктуу товарлардын бааларынын кымбаттоосу өзгөчө жакыр элдин капчыгын талкалайт. Анан дагы Орусия, Казакстан, Белоруссия дүйнөлүк соодада 2 гана пайыз ээлешет, ал эми Кыргызстан жаңы сатуу маркеттерди ачып, дүйнөлүк соодага терең аралашканы биздин атаандаштыкка туруктуулугубузду жана калкыбыздын бакубаттыгын өнүктүрмөк. Ал эми Бажы биримдиги менен биз протекционисттик, өздөрүнүн АвтоВАЗга окшогон заводдорун коргогон коомго киребиз да, тышка чыгуу мүмкүнчүлүгүбүздү азайтабыз”,-деп билдирди М.Намазалиев.

Бажы биримдигинин баяны

2010-жылдын башынан тартып Орусия, Казакстан жана Белорусия өлкөлөрүнүн ортосунда Бажы биримдиги иштей баштаган. Ал эми Кыргызстан 2011-жылдын апрель айында биримдикке кирүү тууралуу арызын жолдогон.

Орусия, Казакстан жана Белорусия өлкөлөрү кирген бул биримдиктин “шарапаты” менен аталган өлкөлөр ортосунда бажы, товарга кошумча төлөмдөр тууралуу сөз болбойт.

Артыкчылыктары

Аталган үчилтиктин арты менен ириде Кыргызстандын экономикасы, анан калса эли үчүн жайыл дасторкондун чети гана ачылбастан, Орусияда иштеп жүргөн миңдеген мекендештерибизге да жарык нурун тийгизери айтылууда. Мындан сырткары:

- Кыргыз-казак чек арасында бажы бекеттеринин жоюлуусу;

- Эмгек мигранттарынын тоскоолсуз жүрүүсү;

- Кытайдан арзан баадагы кездемелер келе турган болсо, тигүүчүлөрдүн саны өсөрү күтүлүүдө.

Бирок...

Ансыз да экономикасы алсыз, тышкы соодада экспортунан импорту көп Кыргызстандын келечегине терс таасирин тийгизиши ыктымал. Анткени:

- чет өлкөлөрдөн импорттолуучу товарлардын баасы кымбаттайт;

- тышкы экономикалык байланыштарды да өз алдынча жүргүзө албай калышы ыктымал;

- азык-түлүк, жашылча-жемиштердин наркы кескин жогорулайт;

- Кытайдан келген товарларды реэкспорттоо же алып сатуучулук азаят;

- авто унааларга болгон нарк дароо көтөрүлөт;

- Дордой, Кара-Суу сыяктуу ири базарларда соода төмөндөйт.

- Дүйнөлүк соода уюмуна айып пул төлөп калуу коркунучу келип чыгат;

- Бажы уюмунун 92 пайыз бириккен бажы тарифтери Орусиянын тарифтерине негизделген. Кыргызстандагы орточо бажы тарифтеринин ставкасы 5,1 пайыз болсо, Бажы союзунуку 10,6 пайыз. Ар кыл изилдөөлөргө таянсак, импорттук товарлардын баалары 10 пайыздан 100 пайызга дейре көтөрүлүшү мүмкүн.

Кызыкчылыктардын кыйырында

Кыргызстан биримдикке кошулса да, кошулбаса да залал тартары айтылып жүрөт. Анткени, кошулган күндө да айрым экономикалык артыкчылыктарга ээ болгону, кошулбай койгондон улам тарта турган “саясий зыяндын” алдында арык аттап суу кечпей калуу ыктымалдуулугу жогору. Бажы биримдигине Кыргызстандын керек болуп жатканы өз кызыкчылыктарын коргоодогу оңтойлуу экендиги турулуу иш. “Бул үчилтикте 57 пайыз добушка ээ Орусиянын алдында алты пайызы бар Кыргызстан кайсы атамекендик өндүрүшүн коргоп алмак эле?” деген бүдөмүк суроо туулат. Бул алкактан алып караганда Бажы биримдиги экономикалык ыңгайлуулукка караганда саясий максатты көбүрөөк көздөп жатканы көз көрүнөө иш.

Жыйынтыктап айтканда, эмки кадам Бажы биримдигине кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү Кыргызстандын кызыкчылыгын коргой ала тургандай деңгээлде жүргүзүүдөн көз каранды.

Заман-собол: Кыргызстандын Бажы биримдигинен утары жана уттурары эмнеде?

Абдувахаб Нурбаев, Ош шаардык ишкерлер союзунун төрагасы:

- Бажы биримдигине кирүүгө биздин өкмөт өтө катуу шашылып жатат. Мында “жети өлчөп, бир кесип” терең акыл калчашыбыз керек. Бажы биримдигине киргенден кийин Кыргызстандын ишкерлерине кандай шарттар болот, кайсы шарттын негизинде иштейт? Бул тууралуу бир дагы ачык-айкын маалымат жок. Өкмөт өзү эле алдыда жүгүрүп бараткандай таасир калтырууда. Эл менен сөзсүз эсептешүү керек. Азыр мурдагыдай беш-алты аткаминер чечип кое турган заман эмес. Бул багыт азыр ишкерлер үчүн туман. Ар бир мамлекеттин экономикасынын негизги локомотиви - бул ишкерлер. Негизги оорчулук ишкерлерге түшөт. Муну шашпай, ишкерлер менен толук аныктап, анын шарттарын жарыялап, бул жагы утуш алып келет, бул жагы тескерисинче болот деп ачык эле айтып эл менен кеңири талкууга алышы зарыл. Мына ошондон кийин гана чечим кабыл алуу керек.

Шамшыбек Эргешов, Ош жаш ишкерлер ассоциациясынын башкаруу кеңешинин төрагасы:

- Адегенде биз өндүрүштү өркүндөтүшүбүз керек. Анткени, биз алып-сатарлык менен жашап келе жатпайбызбы. Биздин алар менен тең тайлаша турган өндүрүш ишканаларыбыз жок. Кайра эле Орусия, Казакстан же болбосо Белорусия чыгарган товарларды сатып алып, ошолордун азыгы менен жашап калышыбыз ыктымал. Өндүрүшүбүз өтө эле алсыз, жогорудагы мамлекеттердин өндүрүшүнө туруштук бере албайт. Келип эле баягы чоң киттерге жем болгон балык болуп калабыз. Кире турган болгон күндө дагы өзүбүздүн ички өндүрүшүбүздү өркүндөтүшүбүз зарыл. Анын үстүнө ал жерде Кыргызстандын үлүшү өтө эле аз. Биздин айткан сөзүбүздүн эч кандай мааниси болбой калат, бара-бара соода жүргүзүүдөн да ажырап калуубуз мүмкүн. Анткени, ошого жараша биздин үлүшүбүз болуп жатпайбы. Дагы бир терс жагы жашоо стандартыбыз көтөрүлөт. Күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүккө баа көтөрүлөт дагы, ага биздин жашоо стандартыбыз, маселен алган айлыгыбыз, пенсия жана башкалар туура келбейт.

Собол узаткан: НАЗГҮЛ БОСТОНБАЕВА

1-март, 2013-жыл, №08

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...