Акыркы макалалар

Кыргызстан-Кытай: соттолгон жарандар алмашылат

Кыргызстан менен Кытай соттолгон жарандарын алмашат. Мындай мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин отурумунда биринчи окуудан жактырылды. Башкы прокурордун орун басары Людмила Усманованын айтымында, бул келишим боюнча Кытай менен Кыргызстан соттолгон жарандарын алмашат. “Бул келишимге ылайык, соттолгон жарандар жаза мөөнөтүн өз мекенинде өтөй алат. Аны менен Кытай сотунун өкүмү Кыргызстанда да күчүнө ээ”, - дейт ал.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча Кытайдын абактарында Кыргызстандын 20 жараны кармалууда. Алардын 14ү героин алып барып кармалган. Кытайдын мыйзамына ылайык, 50 граммдан жогору баңгизат менен кармалгандар атууга кетет.

АЛМАЗ ДОСБЕК УУЛУ

1-март, 2013-жыл, №08

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...