Акыркы макалалар

Көчөнүн жол белгилери оңдолот

Бишкек шаарынын көчөлөрүндөгү жол белгилери жана светофорлордун абалы борбордук муниципалитетте талкууланды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жол коопсуздук башкармалыгынын атайын монтаждык-эксплуатациялык башкармалыгынын жетекчиси Сергей Дьяченконун айтымында, шаар ичинде 6500 жол белгиси бар, алардын 4500үнүн абалы начар.

«Алардын көбү эскирип калгандыктан жаңы белгилерге алмаштыруу керек. Анын пайдалануу мөөнөтү 3 жылга гана жетет. Жогоруда аталган белгилерден тышкары дагы 3 миңдей жол белгисин орнотуу зарыл. 2011-2012 - жылдардын ичинде шаардын көчөлөрүндө 800дөй белги коюлган, ал эми 2013-жылдын башынан бери 130 белги оңдолгон», - дейт ал.

Ошондой эле ал, Бишкекте акыркы жалдары унаа жол кырсыгынын саны өсүп жаткандыгын айтты. Былтыр 1782 кырсык катталып, 99 адам каза болсо, 2089 адам ар кандай жаракатарды алган.

Шаар башчысы Жол коопсуздук башкармалыгынын атайын монтаждык-эксплуатациялык башкармалыгынын жетекчисине жолдордогу белгилерди иретке келтирүү тапшырмасын берди. «Күндүн жылышы менен биринчи кезекте ооруканалардын, мектептердин, ЖОЖдордун, соода борборлорунун жанындагы белгилерди иретке келтиргиле. Мындай жайлардын жанында жөө жүргүнчүлөр үчүн өтө турган белгилер коюлсун», - деди И.Өмүркулов.

АБДЫРАЙ КЫЗЫ БЕГАЙИМ

1-март, 2013-жыл, №08

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...