Акыркы макалалар

Эки кыргызстандык жана эки индиялык студент Бишкекке арналган клип тартышты

Эки кыргызстандык жана эки индиялык студент Бишкекке арналган клип тартышты

Бишкектеги Кыргызстандын эл аралык университетинин Медицина эл аралык мектебинин студенттери Frunze Streets деп аталган топ түзүшүп, өздөрүнүн Resolute деп аталган ырына тартылган клипти 19-апрелде сунушташмакчы. Бул тууралуу "ВБ"га музыканттардын өздөрү билдирди.

Топтун башчысы Сандип Бийяваттын айтымында, студенттер эки кыргызстандык жана эки индиялык жигиттен турган топ түзүшкөн. Музыканттар фьюжн жана рок стилдери менен иш алып барышат.

Топтун дагы бир катышуучусу Уптал Калал клипмейкер болуп, UK Pictures деп аталган продакшн-студия түзгөн. Ал Frunze Streets тобунун жаңы клибин "Норус" тоо лыжа базасында жана "Спартак" стадионунда тарткан.

Жаш музыканттар келечекте өз адистиктери менен иштебей эле музыкант болууга ниеттенип жатышканын айтышты.

"Бул жаңы клип Бишкекке арналат",-дейт Уптал.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...