Акыркы макалалар

Ош шаарын таза суу менен камсыздоого 9 млн сом бөлүндү

"Ошшаарсууканал" муниципалдык ишканасына Ош шаарында таза суу көйгөйүн чечүү максатында КРдин президенти Алмазбек Атамбаевдин түз демилгеси менен 9 млн сом акча каражаты бөлүнүп берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан маадымдашты.

"Бүгүнкү күндө Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан тендер өткөрүлүп, "Интер Сервис" жоопкерчилиги чектелген ишканасы тарабынан курулуш иштери кызуу жүрүп жатат, биринчи кезектеги саркынды сууларды тазалоо бекетин капиталдык ремонттоо жана ишке киргизүү иштери 2015-жылдын аягына чейин бүткөрүлөт. Тактап айтканда, жыл соңунда жаңы форматта биринчи кезектеги күнүнө 20 миң куб метр саркынды сууларды тазалоо бекети толук кандуу ишке кирет. Буюрса Ош шаарында таза суу проблемасы 2016-жылы толугу менен чечилет",-деп айтылат маалыматта.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...