Акыркы макалалар

Алматыда тогуз коргоол боюнча III Дүйнөлүк чемпионат өтүп жатат

Алматыда тогуз коргоол боюнча III Дүйнөлүк чемпионат өтүп жатат

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматынын өкүлү Нурпери Садырбекованын “Азаттыкка” билдиргенине караганда 13-апрелде Казакстандын Алматы шаарында башталган оюндар 18-апрелге чейин уланат. Ага 23 өлкөдөн 50дөн ашуун спортчулар катышууда. Кыргызстандын намысын спорт чеберлери даражасына ээ болгон 9 тогуз коргоолчу коргоодо. Жеңүүчүлөр блиц, рапид жана классика түрү боюнча аныкталып, жалпысынан 6 топтом медаль ойнотулат. Ар бир түрдө оюнчулар 7 тур оюн ойношот.

Классикалык түр боюнча 2 турдун жыйынтыгында кыргызстандыктар Анарбек Жамакеев, Мураталы Исмаилов, Аида Керимбекова жана Чолпон Кендирбаева атаандаштарына утулбай азырынча көч башында келе жатышат. Блиц боюнча оюндар 16-апрелде, рапид боюнча 17-апрелде болот. Тогуз коргоол боюнча биринчи дүйнөлүк чемпионат 2010-жылы Астана шаарында өткөн. 2012-жылы экинчи дүйнөлүк чемпионат Чехиянын Пардубице шаарында болгон.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...