Акыркы макалалар

Коррупцияга каршы коомдук кабылдама

Коррупцияга каршы коомдук кабылдама

20-февраль күнү Нарын шаарындагы облустук профсоюздар кеңешинин имаратында Улуттук коопсуздук кызматынын алдындагы Коррупцияга каршы кызматтын Нарын облусу боюнча коомдук кабылдамасы ачылды.

Коомдук кабылдаманы ачууга арналган салтанаттуу иш чарага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Абдыраимакунова, Нарын шаарынын мэри Баатырбек Жээналиев жана коомчулуктун өкүлдөрү катышып, кызыл тасмасын кесип, элге кызмат кылган, көйгөйлөрүн чечкенге жардам берген кабылдама болуусун тилек кылышты.

Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Касымовдун айтымында, бул кабылдама Кыргыз Республикасынын Президентинин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Жарлыгынын алкагында Мамлекеттик коопсуздук комитетинин жетекчилигинин демилгеси менен ачылып олтурат. Кабылдаманы ачуунун негизги максаты карапайым калктын укуктарын коргоо, коррупция багытындагы көйгөйлүү маселелер болсо жеринде талкуулап чечип берүү, эл менен түздөн-түз диалог түзүү болуп саналат.

- Өзүңүздөргө маалым болгондой коррупция бүгүнкү күндө эң жөнөкөй бала бакчалардан, мектептерден баштап, укук коргоо, сот системасына, бийликтин эң жогорку баскычтарына чейин камтып, мамлекетибиздин өнүгүүсүнө кедергисин тийгизип келүүдө, - дейт улуттук коопсуздук кызматынын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Касымов. - Ошол себептен мамлекеттин социалдык, экономикалык, инвестициялык, стратегиялык пландары иш жүзүнө ашпай келет. Бүгүн биз коррупция менен жалгыз укук коргоо органдары күрөшүүгө чамасы келбей атканын түшүнүп отурабыз. Ошондуктан жалпы коомчулукту, бейөкмөт уюмдарды, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн, карапайым калкты, жалпы эле мекенчил атуулдарды коррупцияга каршы аеосуз күрөш жүргүзүүгө чакырып атабыз. Бул жердеги коомдук кабылдама ишемби, жекшемби күндөрүнөн башка бардык күндөрү эртең мененки саат 9.00дөн кечки саат 6.00гө чейин иштейт. Эки адам кызмат көрсөтөт. Алар коррупцияга байланышкан көйгөйлүү маселелер боюнча арыздарды алып, бизге жөнөтүшөт. Ошондой эле кайрылган адамдарга юридикалык кеңештерди беришет.

Ж.Касымов билдиргендей, карапайым калктын ичинде коррупцияга байланышкан маселелерде укугу бузулгандардын саны өтө эле арбын. Элдин көбү кимге кайрылаарын, борборго жазган арыздар кайра эле жергиликтүү деңгээлде каралаарын билишпейт. Анын үстүнө борборго барып келүүнүн чыгымы арбын. Мына ушундай тоскоолдуктарды жеңилдетип, элдин көйгөйлөрүн жеринде чечип берүү кабылдаманын негизги милдеттеринен. Анонимдүү маалымат берүүнү каалагандар 5-08-49, 5-14-58 ишеним телефондору аркылуу кайрылышса болот.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...