Акыркы макалалар

Ош: Жеңишке арналган аскердик парадга даярдык көрүүгө 785 миң сом бөлүндү

Ош: Жеңишке арналган аскердик парадга даярдык көрүүгө 785 миң сом бөлүндү

Ош шаарындагы Жеңиш майрамына карата парадга даярдык көрүлүп, "Түбөлүк от" реконструкцияланып жатат.

Жеңиштин 70 жылдыгына карата Ош шаарынын борборунда атайын театрлаштырылган оюн-зоокторго жана майрамдык парадга шаардык бюджеттен 785 сом миң бөлүндү. Бул туурасында Ош мэриясынын маалыматы кызматы билдирет.

Ош шаарынын вице-мэр Замирбек Аскаровдун айтымында, 9-май күнү аскердик парад, театрлаштырылган оюн-зооктор өтүп, согуш ардагерлерине жоокердик ботко таратылат. Жеңиш майрамына арналган иш-чараларга шаардагы театрлардын артисттери, студенттер, маданият жана аскер кызматкерлери катышат.

Аскердик парадга даярдык көрүү боюнча шаардык бюджеттен 785 сом бөлүнүп, "Түбөлүк от" мемориалдык комплексин реконструкциялоого 1,5 миллион сом каралган.

Андан сырткары, Ош шаарынын мэриясынын кызматкерлери согуштун ардагерлерине жардам катары алар үчүн ачылган эсепке 1 күндүк эмгек акыларын которушкан.

Учурда Ош шаарында согуштун 26 жана ооруктун 54 ардагери жашап жатат.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...