Акыркы макалалар

Жеңиштин 70 жылдыгына карата Бишкекте аскердик-патриоттук ырлар сынагы өтүүдө

Бишкектин Октябрь районунда Улуу Ата-Мекендик согуштун 70 жылдык жеңишине арналган аскердик-патриоттук ырлар сынагы башталды.

Фестиваль 62-гимназия мектебинин чоӊ залында эки номинация боюнча өткөрүлүүдө. Орто билим берүү жана музыкалык мектептер арасында, ошондой эле жогорку окуу жайлардын студенттик жамааттарынын ортосунда.

Фестивалга катышууга 20дай чыгармачыл жамааттар катталган. Ар бир номинациянын жеӊүүчүлөрү диплом жана акчалай сыйлыктарга ээ болушат.

Аскердик-патриоттук ырлар фестивалынын лауреат жана дипломанттарынын гала-концерти 17-апрелинде Кыргыз улуттук консерваториянын концерттик залында өтөт.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...