Акыркы макалалар

Ысык-Көлдө “Эскерүү каттамы” аттуу акция болот

Ленинград блокадачыларынын Кыргызстандагы коому активисттер менен бирге “Эскерүү каттамы” аттуу акция өткөрөт. Анын уюштуруучусу Марат Кутанов “Азаттыкка” билдиргендей, 13-апрель күнү атайын жасалгаланган автобуста 54 киши Бишкектен Ысык-Көлгө барат. Алар Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Ленинграддан келген жеткинчектерди тарбиялаган Ысык-Көлдөгү балдар үйлөрүнө белек-бечкектерди тапшырышат. Ошондой эле аймактагы согуш ардагерлерине концерт тартууланат.

Эки күндүк акцияга каржылык көмөктү Ысык-Көл облустук администрациясы, Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги көрсөтүп жатат.

Ленинград 1941-жылдын сентябрь айынан тартып фронт-шаарга айланган. Блокада 1944-жылдын 27-январында cовет жоокерлери тарабынан талкаланган. Курчоодо калган Ленинграддан 16 миңден ашуун адам Кыргызстанга көчүрүлгөн. Алардын арасында 3,5 миң бала болгон.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...