Акыркы макалалар

Кыз менен баланын мамиле түзүү маданиятынын жоктугу кыз ала качууга себепби?

Кыз менен баланын мамиле түзүү маданиятынын жоктугу кыз ала качууга себепби?

Үй-бүлө- бул кичинекей мамлекет, ал эми ошол мамлекетти кандай жол менен курушат. Кээ бирөөлөрү сүйүшүп-күйүшүп, ата-энесинин макулдугу менен же болбосо кыргыздын салты менен сөйкө салып, үйлөнүшсө, кай бирөөлөрү бул кыргыздын үрп-адаты деп ала качуу жолу жол менен турмуш курушууда. Кыргызстанда жылына болжолдуу 16миңге чейин кыз ала качууга кириптер болушат, алардын дээрлик жарымы өз эркине каршы күч менен никеге тургузууларын эл аралык изилдөө тастыктаган. Бириккен улуттар уюмунун балдар уюму- ЮНИСЕФ тараткан маалыматка ылайык, Кыргызстанда кыздардын 12%дан ашууну 18жашка толо электе эле турмушка чыгышат. Ал эми айыл жерлеринде бул сан 14%га ашат. Мындан сырткары эрте турмуш куруу көрүнүшү кыргызстанда көнүмүш көрүнүш экени белгиленген. Чындыгында ала качуу салтпы же кылмышпы? Дегеле ала качуу качандан бери биздин жашообузда орун алган? Бул суроолорго “Форум” уктуруубузда сөз кылдык. Уктуруубузга атайын коноктор Көз карандысыз гендердик изилдөөчү эксперт Бакты Кыдырмышева жана Ош МУнун студенти Райхан Абдразаковалар келишкен.

Ала качуунун негизги себеби эмнеде?

Бакты Кыдырмышева

- Кыргыз коомундагы кыз-жигиттердин мамиле түзүү таанышуу маданиятынын жоктугун айтат элем. Мисалы: Күйөөгө турмушка чыгайын деген кыз, ал үйдө отуруш керек, таанышпоо керек деп айтышат. Эгер кичине чыгып, таанышып койсоң эле жаман аттуу болуп каласың деп ойлошот. Бул жерде жеңелердин ролу аябай күчтүү болот. Бала дагы кантип таанышат? Ошо жеңеси аркылуу таанышып анан ала качканга аргасыз болушат. Өздөрү таанышып, сүйүшүп үй-бүлөө курайын деген ойлору жок. Экинчи чоң көйгөй бул финансылык. Өзүңөр билгендей той аземине көп акча кетет. Азыркы жаштар көп талаптарды коюп алышкан. Азыркы жиптер, лимузиндер деп. Ошол баардык кымбат баалууларды көтөрө албай, ала качканга токтололу деген учурларда болот. Эгер эки жак тең ыраазы болушуп, ала качышса анда мен аны ала качуу деп эсептебейм. Эгер көчөдөн эле көрүп, ала качса анда аны кылмыш деп эсептейм.

Райхан Абдыразакова

-Илгерки муундардын өкүлдөрү айтып келишет, бул салт деп. Эже айтып өткөндөй суйлөшүү маданияты жок деп жатпайбы. Чыдыгында ал учурларда сезимдерин сый менен билгизе турган мамиле болгон. Кийин бул салт эмес эле зордук-зомбулукка өттү. Балдар кыздарга сөз айтуудан айбыгабы, кандайдыр бир себептер менен , жактырган кызын ала качканга өтөт. Доор алмашуунун натыйжасында, кыздар дагы өздөрүнүн мүмкүнчүлүгүн чыгарбай, отурбайм деп, өз эрки менен көбүрөөк тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ боло башташты. Ала-качуу маселесинин алкагында көптөгөн чырлар чыккан. Ушунун натыйжасында, мамлекетте орчундуу маселеге айланып, муну укук коргоо органдары, жогорку бийлик карап туруп, конституцияга кылмыш деп киргизип койгон.

Ар бир адам өзүнүн бактысы үчүн күрөшүп, келечектин пайдубалын жан шериги менен бирге тургузуп, бактылуулардын катарын толуктаса...Бир келген аманат өмүрдө адам бактылуу болууга укуктуу. Көшөгөң көгөрсүн деген батаны кыз ыйлап жатып эмес, өз эрки менен келип, жоопкерчиликти сезүү менен угушу, жүрөгүнө түйүшү ылаазым.

Түп нускага шилтеме : www.yntymak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...