Акыркы макалалар

Ошто партиялардын жармаңкеси өтүп жатат

Ош улуттук драма театрында “партиялардын жармаңкеси” аттуу иш-чара өтүп жатат. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.

Жармаңкеге 12 саясий партия катышып жатат. Алар өздөрүнүн программаларын шайлоочуларга тааныштырууда. Миңге чукул адамды чогулткан иш-чарага КСДП, “Ата Мекен”, “Республика Ата-Журт” партияларынын Оштогу өкүлдөрү да катышууда.

Кыргызстанда расмий каттодон өткөн саясий партиялардын саны 200дөн ашты. Быйыл күздө Жогорку Кеңешке кезектеги шайлоо өтөт.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...