Акыркы макалалар

Күмөндөр АБЫЛОВ, куудул: «Насывайга жиберсем, өзүң вино алып келип жатпайсыңбы?”

Күмөндөр АБЫЛОВ, куудул: «Насывайга жиберсем, өзүң вино алып келип жатпайсыңбы?”

- Эсимде, мен Нарын театрында иштеп жүргөн кезде КРнын эмгек сиңирген артисти Акмат Бердибаев да иштечү. Ал киши белгилүү комузчу Ыбырай Тумановдун күйөө баласы болчу, Ыбырай Тумановдун кызына үйлөнгөн экен. Мен жаңы театрга барган кезде Акмат Бердибаев алтымыштарга чыгып калган. Ал винону аябай жакшы көрөр эле. «Эй жигит, бери кел! Ме, барып алып келе калчы» деп биртке тыйын берет. Мен аны виного жеткире албай, жарым акчасын өзүм кошуп сатып келем. Анан экөөбүз бөлүп ичип алчубуз. Бул көрүнүш кайра-кайра кайталана берди. Анан бир күнү «Аба, берсеңиз акчасын толук бербейсизби, такай эле кем бересиз. Жетпегенин өзүм кошуп алып келип атам. Сиз эмгек сиңирген артист болсоңуз, мен катардагы эле артист болсом. Мен дайыма эле виного акча таба албайм да» десем, ыкшып күлүп «Эй келесоо, мен сени күнүгө эле насывайга жиберип атсам, өзүң эле вино алып келип атпайсыңбы» дейт.

Кымбат Турдубекова

Түп нускага шилтеме : pk.journalist.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...