Акыркы макалалар

Жайыл районунда белгисиз бир аял 1,5 айлык баласын көчөгө таштап кеткен

Жайыл районунда белгисиз бир аял 1,5 айлык баласын көчөгө таштап кетип калган. Наристени кароосуз калтырып кеткен аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан маалымдашты.

Милиция кызматкерлерине 8-апрель күнү саат 19:20 чамасында маалымат келген. Анда Кара-Балтада белгисиз аял 1,5 айлык баласын кароосуз таштап, белгисиз тарапка кетип калганы билдирилирген. Окуянын негизинде иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары Кара-Балта шаарынын 28 жаштагы С.С. аттуу тургуну кармалган. Ал ошол учурда мас абалында болгонун айтып, актанган.

Ушу тапта аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

Түп нускага шилтеме : de-facto.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...