Акыркы макалалар

ѲТКѲН ТАРЫХЫН БИЛБЕГЕН – КЕЛЕЧЕККЕ ЖОЛ ТАППАЙТ

ѲТКѲН ТАРЫХЫН БИЛБЕГЕН  – КЕЛЕЧЕККЕ ЖОЛ ТАППАЙТ

Качкынбай КАДЫРКУЛОВ, Айыл чарба илимдеринин кандидаты, окумуштуу

(Уландысы)

- Сиз германиялык окумуштуу Шольборгдун дарсын уккандан кийин, кыргыз тарыхын өз бет алдыңызча иликтеп-изилдеп көрсөм деген ой келдиби?

- Шольборг ѳз дарсында, табияттын ар кандай татаал кубулуштары болуп өткѳнү, канча алааматтарды башынан өткөргөн адам баласы жөнүндө токтолгон эле. «Акыркы алмуздак бүткөндөн кийин, Европа менен Американын түндүк тараптарында жан-жаныбарлардын жашоосу мүмкүн болбой калган. Ошол убакта, мал чарбасы менен аңчылык оокатын кылган көчмөндөр азыркы Кытайдын, Монголиянын аймактарында жашап, жер казып, темир эритип, ар кандай үй-жай буюм-туюмдарын, курал-жарак, найза, жаа, жебелерди жасаганды өздөштүрүп, бөлөк элдерге караганда турмуш деңгээли бир топ алдыда болгон. Ошол кездеги кытайлар көчмөн кыргыздардын жортуулдарынан коргонуш үчүн улуу дубал-сепилдерин салган» деп, доктор Шольборг мындан 25-35 кылым мурда көчмөн кыргыздар Персияга, Индияга жортуулун жасап, аларды чаап, баш ийдирип, андан ары кытайларды көп чапкандыктан, коргонуш үчүн Сары дарыянын ары жагына Кытай дубалдарын кургандыгы жөнүндө дарсын угуп, көчмөн кыргыздар жөнүндө түшүнүгүм бөлөкчө болуп калды.

Бул дарыя, азыркы учурда Кытай ээлеген аймактын так ортосу болгон Кытайдын борбору Бээжиндин (Пекин) жанына жакын жерден агып өтөт. Картада кызыл менен сызылган Хуанге дарыясы – ошол Сары дарыя. Курулган чептин узундугу 7 миң километрге жакын болгон экен, азыр 3 жарым километри калган. Калганы ар кандай себептер менен урап жок болгон. Азыркы кытай тилиндеги «Хуан» деген сѳз - “сары” дегенди, ал эми «ге» - “суу” деген түшүнүктү берет. Башкача айтканда, «Сары суу».

Кытайлардын кол жазмаларында, Бактык деген көчмөндөрдүн Теңиркут деген ханы өтө катаал, катуу чыккан. Анын мыктылыгы ушунда болуптур, ошо кездеги көчмөндөрдү бириктирип 300 000 аскер курап, мындан 3 миң жыл мурун кытайларды Хуангенин ары жагындагы “Байыркы чекке” чейин сүргөнү жөнүндө жазылат.

Кыргыздардын аскерлери бүтүндөй атчан жүрүшкөн. Жортуулда жүргѳн кыргыздардын атчан колу көргөн элдин жүрөгүн солкулдаткан. Аскер колдорунун өзүнчө аталыштары болгон: Оң кол, Сол кол, Маңдайкы кол, Бел кол, Аркалык кол. Булардын ичинде, Аркалык кол – жардамга кармаган – резервдик кол жортуулда кошо жүргөн. Мындан башка, хандыктын ордосун тейлеп, коргоп жүргөндөрдү Ичкилик, экинчи аты Наймандар деп аталган. Чалгын кол - булар “чериктер” деп аталган. Мындан тышкары, Корлуктар деген болгон. “Кор”деген – «убактылуу колдонулбай жаткан» дегенди билдирген. “Корлуктар” деп, жабдуучу бөлүктү коргогон кошуунду айткан. Аскердик мааниде ар биринин аты болгон, булар Оң каруу, экинчиси Сол каруу. Маңдайкы кол - Чоң каруу, Чоң тайпа деп да аталган. Кол салганда же жайылып чабуул койгондо кошуундун бөлүктөрүнүн Туулары көтөрүлүп, доолбас, кернейлер аркылуу башкарылган. Негизги белги -кошуундун Асабасы, Туусу болгон. Кошуундар колдордон же каруулардан түзүлүп, алардын кол башчылары бири-биринен өзүлөрүнүн желек-байрактарынын өңү-түсү, түзүлүшү менен өзгөчөлөнүп турган. Чоң кол, Чоң каруу же Маңдайкы колдун бөлөкчө айтылышы - Жунгар деген. Чоң каруу – Маңдайкы колдо жөө аскерлери болуп, Оң менен Солдо жөө аскерлер болчу эмес. Моңгол деген сөздүн өзү, кыргыздардын «маңдайкы кол» деген эле аскердик түшүнүктүн этноними.

Кытайдын жылнаамаларында, Каган деген түшүнүк бар. Каганга 200 кандык баш ийип, ар бир кагандын өзүнүн эли болгон. Кагандын өзүнүн эрежесинде, кокус каган өлсө, анын ордуна Сол канаттын ханы каган болчу экен, аны Дүкөй деп да аташкан. Ошол Дүкөй бийликке келчү экен. Мындай маалыматтар Кытайдын жылнаамаларында кездешти.

Бирок, тарыхта дайыма эле эрежелер сактала бербеген, ошол эле Дүкөйдү өлтүрүшүп, Оң колдун ханы каган болуп алчу экен. Бийликти талашуу көчмөндөрдүн ичинде күчтүү болгон. Себеби ар бир хан 100дөн же андан ашык аял алышкандыктан, ал аялдардан мыкты балдар төрөлүп, алар бой жеткенде бардыгы эл-журт башкаргысы келип, бийликке умтулган. Антпешке арга жок, бардыгы хан тукумдары, кыз жагынан да болгон, эркектер тарабынан да болгон. Буга далил, Кубулай менен Кайду хандардын касташкан согуштары, экөө тең Жеңгиз хандын неберелери болгон.

Байыркы кыргыздар түптөгөн аскердик мамлекеттин куралганы - азыркы күчтүү мамлекеттердин баардыгында колдонулуп жатат.

- Кыргыздар учурунда Евразияда чоң империя болуп туруп, кандай себептер менен ушунча аймакты колунан чыгарып жиберишкен?

- Дүйнөдө жаратылыштын толуп жаткан кубулуштары болот, алааматтын айтылбас кырсыктары каптап, кээде кыска убакыт болсо, кээде узак жылдарга созулат. Кыргыздардын империясынын тушунда, 125 жылга созулган катуу кургакчылык болуп, жер шаарында катаал өзгөрүүлөр жүрөт. Жер бетиндеги болгон жан-жаныбарлар кырылып, көчмөндөрдү катуу ооруу-эпидемия каптап, анын азабынан канчалары кырылат. Табияттын кескин өзгөрүлүшүнө континенттер дуушар болуп, бузулууга учурайт. Ушунун негизинде көчмөн-кыргыздардын да аман калгандарынын жашоо-турмуштары кыйындап, жер бетин улуу жут каптайт.

Катуу оору-сыктоолорго көбүнчө каны окшош элдер жабыр болот. Кырылганы кырылып, аман калгандары жер которуп кетишет. Көчмөн кыргыздардын малы, боз үйлөрү ошол бойдон калып, бөлөктөр ээлик кылып кылат. Кеткиси келбегендер ар жерди мекендеп кала беришет. Көпчүлүктү түзгөн элге, майда элдердин баш көтөргөндөрү арбып, бара-бара күчтөр көбөйүп отуруп, көчмөн кыргыздардын чачкын болушуна алып келет. Чабылып-чачылган көчмөндөрдүн көптөрү көчүп-конуп жүрүп ар кайсы жерлерге отурукташат. Мындай маалыматтар тарыхта тастыкталып, жазылып калганын Шольборг ѳз дарсында баяндаган.

Германияда ушул кезде 16 өлкө бар. Мындан миңдеген жыл мурда көчмөндөр ал жерге барган мезгилинде, ал жакта 350гө жакын майда эл болгон. Кийин, Саксония, төмөнкү Саксония, анан Саксония-эпхалт эли пайда болот. Алар, ушу кезде деле бар. Ошол үчөө, Чыгыштан Батышка бири-бирин улап кеткен. Убагында, ал жерге барган көчмөн кыргыздар жанагы аты аталган үч жерди басып ээлеп алат да, элдерин кырбай жөн гана жайыттарына ээлик кылып, адырлуу мал бакканга ыңгайлуу жерлерине жайгашып, эли менен тынчтыкта жашап, тартипке чакырып, аларга көчмөндөрдүн маданиятын үйрөтүшкөн.

Германия мамлекетинин түптөлүшүнө көчмөндөрдүн чоң таасири тийген. Мындан башка Венгрияны (Хунгария), Болгарияны, Түркияны, Евразияны көчмөн кыргыздар ээлеп түптөшкөн. Аларга мал бакканды үйрѳтүшкөн, тилекке каршы жаратылыштын бир нече кырсыктарынан жабыр тартып кетишкен. Ага чейин, мурда айтканымдай, улуу кургакчылык-жутта көчмөндөрдүн көбү ооруга чалдыгып, кырылып калган.

Кыргыз империясынын улуу тарыхы ушундай. Калганы, XIX-XX кылымдардын баскынчылык заманында кыргыздарды курут кылуу, жоюу саясаты уланат.

- Чоң-чоң китепканалардан тарых изилдөөчүлөрдүн илимий эмгектерин окуган экенсиз. Бет алдыңызча иликтеп жүрүп, көчмөн кыргыздар жөнүндө кызыктуу эмнелерди таба алдыңыз?

- Улуу окуяларды башынан өткөргөн тарыхка бай эл, жазма тарыхта: Гун, Бома, Хун, Сак, Сакалиб, Скиф, Усун, Селжук, Солкар, Шалкар, Карлук, Кыпчак деген элдердин мамлекети болуп туруп, кийин алар жок болуп кетишкен деген пикирлер бар. Менин иликтөөмдө, кыргыздарга карата адашкан, туура эмес, жасалма пикирлер бар деп тыянак чыгардым. Байыркы көчмөн элдер – булар биздин ата-бабаларыбыз. Алардын калтырган бай, улуу мурастары бизге тиешелүү, ал үчүн толгон-токой тарыхый далилдер көп. Алар жашап келген жер-суулардын аттары, үрп-адаттары, дили, тили жаратылышка болгон көз караштары, жашоо шарттары, жылкыларга, аскердик курал-жарактарга болгон мамилелери негизинен көчмөн кыргыздарга гана таандык.

Айрыкча байыркы көчмөндөрдүн аскердик маанидеги тартип жагы өнүгүп, кытайлардын жылнаама китептеринде жазылып калган. Отуз жылдан бери тарыхый маалымат топтоп, көптөгөн китеп беттерин ачып, өз алдымча иштегенге аракет кылып көрдүм. Кытайдын падышасы Хуан-Динин заманында, көчмөн кыргыздардын Теңиркуттарына, Ажолоруна кыздарын күйөөгө берип, эли салык төлөп турушканы кытайдын жазма тарыхында да бар экени белгилүү.

Ал булактарда, алардын урпактарынын жашап турган жерлери Кара деңизден тарта Ыраакы Чыгыш, Амур дарыясынан Алтай, Гималай тоолорунан тундраларга чейинки зор аймактарды ээлеп, тиричиликтери аңчылык, малчылык менен жоокерчиликти аркалап, көчүп-конуп жашап келишкени жазылган. Ошондуктан улуу көчмөн кыргыздар жашап турган жерлердин аттары, сууларынын аттары, тоо болобу, өзөн болобу - бардыгынын аттары бүтүндөй кыргыз тилинде. Ал эми, кийинген кийимдери, тарткан чоорлору, каккан комуздары, ырдаган ырлары, ат таптаган саяпкерлери, куш таптаган мүшүшкөрлөрү, жомокчулугу, баатырдыгы, уландарынын көкүлдөрү, кыздарынын саамал чачтары, төрөлгөн балдардын дене-жамбаштарындагы көк тактары, жылкыны ардактап бакканы, устакан тарткандары, этти жеши, кымызы, жуураты, айраны, каймагы, куруту, Теңирге сыйынуусу, кыз алып уул үйлөшү, сөөк коюшу, улуттук оюндары, Кудайды таануусу бүтүндөй кыргызга таандык.

- Жылкы баласы жөнүндө сөз болуп кетти. Евразияга жылкы баласын кыргыздар жайылтканы жөнүндөгү маалыматка токтолуп кетсеңиз?

- Үй жаныбарларын биздин ата-бабаларыбыз миңдеген жылдар мурун үйрөтүшкөн. Кыргыздар биринчилерден үй жаныбары катары жылкыны таанып, жылкы баласыз жашай алышкан эмес. Мында чындыктын чоң далили да бар, мындан канча миң жылдар мурда болгон үй жаныбарларынын сөөктөрүн археологдор менен палентеологдор казып аныктап жатышат. Буга далил, Таштык, Андрон, Миң суу (Минисуйский) маданияттарын айтсак болот.

Кыргыздар атсыз жүрүшкѳн эмес, Евразияны ат менен кыдырган. Күлүк аттарды саяпкерлер ошо кезде эле таптап минип, коно чаптырган. Аттарга ат койгон да кыргыздар. Мисалы, аргымак деп таскагы катуу жылкыны айтышкан, Теке жоомарт – Ахал текин деп жакын аралыкка чабылган күлүктү айткан, Сай кашка деп алыс аралыкка чуркаган күлүктү айткан, Буудан деп кургак чөл жерде минген жылкыларды, Тобурчак деп, келбети келишкен, жоого кирчү жүрөктүү атты айткан. Араб, Ирландия, Шотландия, Франция жана дагы көптөгөн европалыктарда кыргыздар минип барган күлүк аттардын тукумдары жайылган.

Жорго деп, үстү тынч, жүрүшү ылдам, буттарын капталга бирдей таштаган атты айткан. Чарба жылкы деп, кымыз менен согумга жарактуу жылкыларды айтышкан. Жортуулга минген аттарды Тулпар деп айтса, Карабайыр казан ат деген тукумдан баатырлар эр сайышка, кол башчылары жоого аттанганда минишкен. Себеби, «кара» деген бул «чоң, күчтүү, кубаттуу» дегенди билдирсе, «байыр» деген - колго багылган, адамдын колунан жем- чөп жеп көнгөн атты айткан. Көчмөн кыргыздардын жоокери бир башына экиден-үчтөн ат коштотуп алып жүргөн.

Кыргыз жылкылары чыдамкай, кубаттуу келип, кышкысын бакканга оңой, кое берсе кар астындагы отторду буту менен тээп жейт, жайкысын жайытта оттойт. Үйрөткөнгө бат көнгөн мындай малга башка элдер абдан таң калышып, кызыгып жүрүшүп кийин кыргыздардан сатып ала башташкан. Ошол себептен, кыргыздардын байыркы кылымдарда жылкы баласына койгон аталыштары, ушу кезде эл арасында тукумдары (породалар) жашап келгени, кыргыздардын качанкы улуу эл экенин төгүнгѳ чыгарбайт.

- Сѳзүбүздүн соңунда, кѳчмѳндѳр тууралуу дагы эмнелерди кошуп айта кетер элеңиз?

- Көчмөндөр цивилизациясында, накта теңчилдик демократиясы алгач кыргыздарда түптөлүп, анын уландысы ушу кезде дүйнө элдерин аралап, сиңип кеткен. Эгерде кан же каган өлсө, чоң жыйында, аш-тойлордо курултай өткөрүлүп, бүтүн эл чогулуп, эл башы - аксакалдар кеңеши чечим кабыл алган. Кан же каганчылыкка дайындоодо ар кандай оюн-зооктор өткөрүлүп, эр сайышта баатырлар тандалган. Эр сайышта кайсыл уруунун баатыры жеңсе, ошону каган же кан кылып шайлап алышкан. Шайлоого катышпаган, баш ийбеген элдердин жерине барып, өз шарттары боюнча ал жердин элинин баш ийип берүү макулдугун алып, ага макул болбосо согушуп эл кырылбасын деп, эрөөл сайышты уюштурушкан. Эрөөл сайышка чыгып жеңилип калса, жеңген тарапка баш ийип беришкен. Көчмөндөр аз элдерди эч убакта тукум курут кылып, кырып жок кылган эмес. Бөөдө адам чыгымы болбосун деп, баш ийбеген элдерди ушундай шарт менен кошуп алып, журт курап тукум улап келген.

Маек курган Кайнарбек БИЙЛИБАЕВ

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...