Акыркы макалалар

АЖЫЛЫК, ЭНЕ ТИЛ, СѲѲК КОЮУ, ТОЙ-ТОПУР ЖАНА БАШКАЛАР ТУУРАЛУУ

АЖЫЛЫК, ЭНЕ ТИЛ, СѲѲК КОЮУ, ТОЙ-ТОПУР ЖАНА БАШКАЛАР ТУУРАЛУУ

Тѳлѳгѳн АБАСОВ, Аксы району, Эл агартуунун отличниги

Жашоодо ѳзүн-ѳзү сынап кѳрсүн деп, баарыбызга Жаратканым мээнет такканы чындык. Бул оомалуу-тѳкмѳлүү дүйнѳдѳ түбѳлүк жашаган пенде жок, жашай да албайбыз. Пенделер кѳзүбүз ѳткѳнчѳ тырмаңдап, бакубат жашоо үчүн эмгектенип келебиз. Жараткан баарына бирдей жашоо бербейт экен, чын эле сыноодобуз. Ар кандай кесиптин ээси болуу менен бирѳѳ момун, бирѳѳ айдама, шылуун, шуулдак, бирѳѳ акылдуу, бирѳѳ алдамчы, бирѳѳ жарды, бирѳѳ бай жана башка ушул сыяктуу. «Кѳк Асаба» гезитин окуп жатып, алты багытты камтыган макалаларга конкурс жарыяланганын кѳрүп, жѳнѳкѳй калемгер катары эл-журтума, аткаминерлерге, интеллигенцияга, кыргызымдын улан-кыздарына айтчу ойлорумду (бугумду) ортого салгым келди.

1.АЖЫЛЫККА БАРАМ ДЕГЕНДЕР ЭЛГЕ ЖАРДАМЫН ТИЙГИЗСИН

Эгер байысак, айылыбызга, шаарга же жашаган кѳчѳбүзгѳ пайда келтирсек чоң сооп табар элек. Шариятта деле жашаган жериңе, жакыр үй-бүлѳгѳ жардам берип, жакын туугандарыңдын жашоосуна кам кѳрүп, алардын турмушун оңдоп, анан ажылыкка жѳнѳѳ керектигин айтат. Акчаң дагы пешене тер менен табылган болсун дейт. Ал эми биздин ажыга баруучуларда бул түшүнүк жокко эсе. Менинимче, ажыга баруучулар негизинен байлар, алар сѳзсүз барышат. Андыктан, Кыргыз ѳкмѳтү, Жогорку Кеңеш, Дин башкармалыгы биргеликте кеңешип, ажыга жѳнѳѳчүлѳрдѳн айылдын, шаардын кѳйгѳйлүү маселелерин чечүүдѳ кандай нерселерге акчалай жардам бергени тууралуу аныктамаларды (кол коюлуп, мѳѳр басылган) жергиликтүү ѳзүн-ѳзү башкаруу же шаар башчыларынан алуу керек: 1. Жол куруу үчүн; 2.Кѳпүрѳ салууга; 3.Бала бакчага; 4.Саламатчылыкты сактоого; 5.Мектептерге; 6.Жакыр үй-бүлѳлѳргѳ, тоголок жетимдерге; 7.Майыптарга; 8.Таза суу чыгарууга ж.б. Алардан алынган акчалар депутаттардын кѳзѳмѳлүндѳ кассага кириш болуп, анан аныктама, күбѳлүк кат берилсе, элибиз үчүн канча жардам болот эле. Делѳѳрүп «ажы болсом, арабдарга жардам берсем» деп сакалды коюп, теспени чоюп, сагызган чапан же жырык чапан кийип, атак-даңк алсам деген жарандар эч кейибей канча болсо да акча тѳгүшѳт эле. Жогору жактан белгилүү ѳлчѳмдѳгү акча суммасы тѳгүлсүн деп чечим чыгарылса, эң жакшы болот. Аныктамаларды кѳрүп анан ажылыкка жѳнѳтүлсѳ деген ой. Деги эле ажылыкка канча жолу барыш керек буга да чек коюлса жакшы болмок. Менимче, ар бир кыргыз жараны үчүн милдет болбосо керек. Болсо да бир жолу барса жетиштүү. Сегиз жолу ажыга бардым деген оштук аялдын сыймыктана сүйлѳгѳндүгүн угуп жийиркенесиң. Качан кыргыздын аялдары ажылыкка барчу эле. Биз сыйлаган, сыймыктанган Курманжан датка энебиз деле ажылыкка барган эмес. Азыр байуу үчүн, соодагерлик кылуу үчүн барып атышканын алар айтпаса да кыргыз эли түшүнүп эле турат.

Ажыга барып, кашыктап бал сатып, сакал коюп, селде чалынып, сѳѳлѳт күтүп келгендердин деле чыныгы ыйман күткѳнү азыраак. Ажы болуп соолуктуруучу жайда жатканы, уурулукка аралашканы жок эмес. Дегеле молдокелерибиз парздарды айтып тамшанып келет. Нике дегендин кыргызча түшүндүрмѳсүн билбей, ала жип жѳнүндѳ түшүнүгү жок молдолор четтен табылат. Урматтуу молдокелер, Нике - бул сѳз байлашуу, Намаз окуу - бул Кудайга алкоо-мактоолорду келтирүү, эстеп туруу, Орозо - бул эркти сыноо эмеспи. Азыр атасынын сакалы жок туруп, баласы сакал коюп (анысы да муруту жок, чокчо сакал), ак допу кийип, юбкасы бутта оролуп, кейпин бузуп, анан атасына намаз окуң деп зиркилдегени ѳтѳ уят иш. Чокчо сакал койгону хизб-ут тахрир партиясы же башка диндик партияларга мүчѳ болгонунун белгиси болсо керек. Ойлонолу кыргыздар, неге ѳзбектер, чечендер, татарлар ж.б. улуттар ѳздѳрүнүн эле улуттук баш кийимдерин кийип намаз окушат. Биз деле ѳзүбүздүн калпакты, такыяны кийип мечитке барсак, булар кыргыз экен деп кѳптѳрү сүйүнѳ карашат эле.

2. 70 ТИЛ БИЛЕ БЕРЕЛИ, БИРОК, ЭНЕ ТИЛИБИЗДИ УНУТПАЙЛЫ

Биздин байлыгыбыз - сѳз (эне тилибиз). Илгертеден кыргыз эли сѳзгѳ конок берип, сѳз баккан, угарман, адептүү эл. Тил ѳнѳрүн сыйлайлы. Демократ болобуз деп кѳп нерсени бузуп алдык. Жумалап, айлап дастан, манас айткан, турган жерден карап туруп сыпааттап тѳгүп ырдаган, дүйнѳ жүзүндѳ бир эле кыргыз эли бар. Бул тѳкмѳ акындык ѳнѳр кыргыз элине жараткан тарабынан берилген улуу белек. Негедир кыргыздар тез ээрчийбиз, дегеним, молдолор да так кыргызча сүйлѳшпѳйт. Сѳзсүз түрдѳ ѳзбекче же башка тилди аралаштырып сүйлѳшѳт. Кыргызча айтсак атак-даңктан айрылып, же дѳѳлѳт күтѳ албай калабызбы? Мисалы: арам-адал дегенди харам-халал дегенибиз сакалды, селдени урматтоолукпу? Ошондой эле эл башкарган жакшыларыбыз, алардын катчылары баш болуп орусча аралаштырып сүйлѳгѳнү билимдүүлүкпү же маданияттуулукпу? Чыңгыз абабыздан үлгү алсак , чыныгы кыргыз болор элек. Айтматов кыргызча сүйлѳгѳндѳ бир да орусча кошпой, так кыргызча сүйлѳгѳнүн сыналгыдан кѳрүп, ыраазы болгон жайым бар. Азыр жетекчилер сүйлѳшсѳ эле жарым сѳзү “по-моему” менен бүтѳт. 70 тил биле берели, бирок, эне тилибизди да унутпай так сүйлѳйлү. Калган тилди ѳз убагында кѳпүрѳ тил катары пайдаланалы. Биз кыргыз тилибиз, кыргыз пейлибиз менен дайыма сыймыктанышыбыз керек. Дүйнѳгѳ даңкы чыккан атактуу чыгыш тарыхчысы, академик В.В. Бартольд «Кыргыз элиндей меймандос эл жок болсо керек. 1-2 куплет ыр билбеген кыргыз жок, бардыгы так, уйкаштырып ыр менен жооп бере алат» дегени биз үчүн сыймык, элибизге болгон жогорку баа.

3. ѲЗҮБҮЗДҮН КЫРГЫЗ КИЙИМИН КИЙЕЛИ!

Орусташкандан кийин кѳп каада-салттан, улуттук кийимден айрылганыбыз чындык. Азыр эгемендүүлүк алып, айрым каада-салттар ѳз ордуна келип сүйүнгѳн чагыбыз. Эми кыргыз кыз-келиндери кандай кийинсе болот деген менин жекече оюм. Кыргыз кыздары паранжы жамынбаган, тумчуланып жоолук салынбаганы чындык. Бирок, «Европаны, Американы туурап, жарым-жылаңач жүрбѳ» десең, мына сага деп арабдардын улуттук кийими хиджабды кийип албай, нукура эле кыргыз кийимин кийип жүрсѳ деген ой. Кош этек кѳйнѳк, чыптама кийип, маңдайы ачык, жүздѳрү жайдары, жигиттер менен тең жарышып атка минип, кыз куумайга чыгып айрым жигиттерди мыш кылган жоокерлик жагыбыз кайда калды. Албетте, такыя кийишкен. Кызга качан жоолук салынган? Келин болуп келгенде «ак жалгап жүр кагылайын» деп кайын эне батасын берип, ак жоолук салган. Деги эле кыргыз эли жаратман эл, кызга ѳзүнчѳ, келинге ѳзүнчѳ, орто жаштагы аялга, анан байбичелерге арнап сонун, кѳз талдырган кийимдерди тигишкен.

Биздин Республикабызда эгемендүүлүк алсак деле, мектептерде баягы союз убагындагы орус мектеп формасынан чыга албадык. Менин жеке оюм: коомчулук, кыргыз ѳкмѳтү, министрлик, облустук, райондук билим берүү бѳлүмдѳрү сүйлѳшүп, мектеп окуучуларына улуттук форма жасашса. Эгер жогору жак колдосо, мугалимдер, директорлор, коомчулук чын дилден ыраазы болуп, кыргыз бар экенине ынанат эле.

4. Кыргыз элинде той берүү, аш ѳткѳрүү жана маркумду узатуудагы ашыкча ысырапкорчулук

Той - бул барчылыктын белгиси. Бирок, калайык-калк, биз ашынып баратабыз. Кыз тойду ѳткѳрүүдѳ: жакын туугандары кошумчасын кошуп сеп беришкен. Тойдо коңшу-колоң, жакын санаалаштар жѳн эле келип, тамак жеп кетишкен. Акыркы 10 жылда кыз тойу уул тойдон ашып кетти. Баарын чакырмай, соорун берүү, эптеп шылтоо менен акча, дүйнѳ жыйнамай. Салтты бузуп жатабыз. Уул тойдо болсо - никеге туруш үчүн 10дон ашык окшош машина, ага кеткен бензинди айт, ичкилик, сѳзсүз бир кафеге олтуруп, анан үйлѳнүү тойго келмей. Баары жакшы бүтсѳ мейли го, аягы ый менен бүткѳн, ата-энени сыздаткан учурлар аз эмес. Жѳн эле 2-3 машина менен барып, никеге туруп, анан күтүп жаткан эл менен тойдо эле ичсе болбойбу? Бир той ээсинен сурасам, дос балдары Россиядан келген экен, чыгымдарды ошолор кѳтѳрүп жатат деп компоёт. Баардыгы карыз, эртең ал үйлѳнгѳндѳ сѳзсүз кошуу керек, аны ойлонбойбуз. Бул нерсени токтотуу элдин ѳзүнүн колунда. Бизге ѳкмѳт же ички иштер кызматкерлери келип урушуп туруш керекпи. Атак-даңк алабыз деп жүрүп жарды болуп карызга батып калбайлык. Ашыкча ысырап кылуу күнѳѳ. Тойдо да, аш берүүдѳ дагы, маркумду узатууда да эл ѳзүбүз, бирибизден-бирибиз ѳтѳбүз деп ысырапкорчулукка барып атабыз.

Азыркы “базар” заманына шайкеш келген сапаттарга ээ болуш үчүн башка элдердин дагы мыкты касиеттеринен ѳрнѳк алсак. Мисалы: орустардын ачыктыгы, еврейлердин бүйрѳлүгү, немистердин тактыгы, кытайлардын мээнеткечтиги, япондордун тартиптүүлүгү бизге аба менен суудай керек. Дүйнѳ жыйнайм деп кыялында байып, анан сазга баткандар арбын учурайт. Процентке ар жактан акча алып, той, аш ѳткѳрүп, шаан-шѳкѳткѳ батып, 2-3 күн чардап, анан акча таба албай үйүн ѳткѳрүп бергендер кѳбѳйдү.

Маркумду узатууда болсо ичкилик куюп, соорун берип, жыртыш айрып, жоолук байлап, калпак-чепкен жаап, тойдон айырмасы болбой баратканын тана албайбыз. Балдарына окшош сайма чапан кийгизип, боз үйдүн сыртына катар тургузуп койгонун айт. Алар эмне ырдашабы? Ал чапан сахнада кийилчү эле го. Кайгыруунун, аза күтүүнүн белгиси - кара менен белгиленсе, саймасы жок кара чепкен кийгизип ыйлашса болгудай. Барчылыгын билгизип, маркумду жайына алып кетүүдѳ акча чачканга жол болсун. Ѳкүрүп, батага келген эркектерге жоолук курчап, ѳзбек болуп баратабызбы? Сѳѳк коюуда бир жолу «силер кетпей тургула, азыр жибердим» деди башкаруучу болуп жүргѳн адам. Бизге жоолук курчай албай калган эле. «Жоолук үчүн канча акча кетти?» десем, 7 миңге чукулдап калды дейт. Мына сага ысырапкорчулук. Жакшы санаалаш, кѳңүлү жакын адамдарымдан (Базар-Коргон, Ноокен тараптагылар) «силерде маркумду узатуу кандай?» десем, «Эт, ичкилик маселеси жолго түшүп калды, бирок, атамдын кѳзү ѳткѳндѳ 24 кап ун кетти» деди. «Неге андай?» десем, «Эй, айтканга да жарабайт. Эркекпи, аялбы, киргени эле салафанга салып чыгып кете берет экен. Кайрадан боорсок, нан, конфет алып келип коюга туура келет» деп үшкүрүнѳт. Тоолуктарда, биздин Аксыда жакшы экен деп койдум. Бирок, салафан баштыктары бизге да келе баштады. Ойлонолу. Кыргызда тээ ачарчылык убакта да эл бир боорсок алган эмес деп, аксакалдарыбыз, умай энелерибиз уялтканы эп болор. Дин деп, жанын-жанга урган сакалчандар, ѳзүңѳр баш болуп баштыкка салбай, чын дилиңерден мусулман болсоңор ушул ишке тикеден-тик туруп, токтотконго жардамдашкыла. Айрыкча эркектер талашып ороп жатканы уят, ѳлүм менен барабар иш го.

Бир жолу катма куран окутканда 20дан ашык киши олтурдук, жарымынан кѳбү ажылар. Ортого түйүндѳрдү түйүп коюп, үй ээси эшикке чыгып кетти. Анан ажылар талашып, чоңураактарын ѳздѳрү алып талашып жаткандарына жийиркендим. Сѳзүм куру болбосун үчүн Жалал-Абад шаарында болгон окуяны жаздым. Маркум узатууда аялдар деле дасторкон, кийит кѳтѳрбѳй эле келишсе. Зарыл болсо дасторкон үчүн деп акчасын берсе оң болор. Карап туруп уяласың, ансыз да эл батпай жатса, бир чоң бѳлмѳнү ээлеп, бир-эки аял кийит алмаштырып, нан-таттуу салуу менен алек. Кыш мезгилинде үй тар, эшик кар болуп жатканда тозок эле иш болот экен. Маркумга кара ашын берип, бир бейшембилигин ѳткѳрүп койсок оң болгудай. Кара ашка мал союнун да шартын карасак. Ушундай жагымсыз кѳрүнүштѳрдүн катарында биздин жаштарыбыздын да (баары эмес) ата-энеге болгон кайдыгер мамилелери кездешет. Орусча окуп, анан кыргызча билбей салт-санааны унуткандар кѳп эле. Буга ата-энелер ѳздѳрү да күнѳѳлүү. Себеби, орус тил билсе маданияттуу болот, тез эле жетекчи кызматка жетет деп, ушундай ишке барышат. Маркумду узатуу (айрыкча ата-энени) салтанатында ар бир улуттун ѳзүнүн салты, ызаат-сыйы бар. Биз кыргыздар да ѳз салтыбызды кылсак, бул кыргыз элинин улуу эл экенин, бар экенин тастыктаганыбыз.

Биздин айылда он балалуу, айылдын тил билги адамынын кѳзү ѳттү. Ошол жерде болгон окуяны кѳрүп туруп, ушул ыр саптарды кѳзүм жашылдана жараттым эле, сиздердин, элдин назарына тартуулагым келди. Окуган жаштар ата-энеге кайдыгер мамиле кылбасын, сыйлай билсин деген ниет.

Он перзенттүү атанын кѳзү ѳткѳндѳгү кѳрүнүш

Он перзенттин атасы,

Айылдын асыл адамы.

Дүйнѳдѳн ѳттү коштошуп,

Кѳп адамдын агайы.

«Жакшы адам эле» деп баарысы,

Ак дилден кѳңүл бурушту.

Кошуна-колоң тик туруп,

Ак кызматын кылышты.

Агайдын окумал балдар-кыздары

Шаарды кѳздѳй качышкан.

Эки кыз, эки баласы,

Айылда калып калышкан.

Эң улуусу Ак үйдѳ,

“Ак жиптен” түштү чоюлуп.

Желке чачы далыдан,

Кызымтал кѳзү коюлуп.

Чоочун жерге келгенсип,

Үңүлдѳп бир аз койкоюп.

Ак үйдѳмүн дегенсип,

Учурашпады чойкоюп.

Айрылдык деп атаңдан,

Кучактаса жакын абасы.

«Кайрат кылың» деп коёт,

Кѳңүл айтып ага карачы.

Кийинкиси да кызматкер,

Ак калпак кийбей башына.

Чет элдик шапке кийиптир,

Кѳп элдин келди кашына.

«Ауди» минип койкоюп,

Үчүнчү уулу бизнесмен.

Балчайып толуп алыптыр,

Жигиттик сыпаа, түр кеткен.

Бош боло калса бир азга,

Машинасын улам тазалап.

«Чийилет, жакын турба» дейт,

Жаш балдарды жазалап.

Мен деле чоңмун дегенсип,

Милициясы шыпшынып,

Ал ѳкүргѳндү унутуп,

Папирос сорот мыкчыйып.

Айылдык балдар азамат,

Бирѳѳсү жалаң мал багат.

Эң кенжеси чоң уста,

Келиштирип там салат.

Не болсо да бул экѳѳ,

Ак мээнет менен жан багат.

Катар туруп экѳѳсү,

Атасын жоктоп ыйлашып,

Окчун турат шаарлыктар,

Эки-экиден сырдашып.

Айылда калган кыздары,

Кошулуп ыйлап шаңкылдып.

Шаардан келген эки кыз,

Уламдан эшикке чыгат жаркылдап.

Улуу кызы эсепчи,

Турмушка али чыкпаган.

Сѳѳлѳттүү жигит кѳрүнсѳ,

Кѳзүн сүзүп ыктаган.

Кийинкиси алып-сатар,

Бирди экиге улаган.

Акча, алтын дегенде,

Жар башынан кулаган.

Түрлѳрүн кѳрүп булардын,

Ирээнжиди калың эл.

Аксакал Жакып чакырды,

«Тѳрт шаарлык бери кел,

Катар туруп үн чыгар,

Атаңар үйдѳн чыкканча.

Каапыр болуп кеткиле,

Салт-санааны бузганча».

«Эй чал, - деди, - погончон,

Кѳзүңүзгѳ караңыз.

Кыйкыра берсең кѳбүрѳѳк,

Штраф тартып каласыз».

Бизнесмени килкилдеп,

Ыкшып күлүп калганы.

Ак үйдѳгү чорогой,

Койгула деди жаңжалды.

Алып чыгаар мезгилдин,

Келсе дагы болжолу.

Ѳмүр баян айтылып,

Коштошуу азем болбоду.

Салт-санаага бул балдар,

Анчалык кѳңүл бурушпай,

Башка улутча олтурду,

Жаназага турушпай.

«Балам жок» деп кѳп жылдар,

Зар ыйлап жүрчү Бекбото:

«Он бала ушул болсо…» деп,

Кол шилтеди чоң жолдо.

***

Алдейлеп багып ѳстүргѳн,

Унутпа мээрбан апаңды.

Адам бол деп окуткан,

Ардакта асыл атаны.

Эне болуп бере албайт,

Эки-үч кабат ак тамың.

Элиңдин салтын унутуп,

Маңкурт болуп калбагын.

Ата болуп бере албайт,

«Аудиң», баккан малдарың.

Сен сыйлабасаң атаны,

Билип кой,

Сыйлабайт сени балдарың.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...