Акыркы макалалар

МУЗЫКА - УЛУТ, ЖЕР, ТИЛ ТАНДАБАЙТ

МУЗЫКА - УЛУТ, ЖЕР, ТИЛ ТАНДАБАЙТ

Жакында Нарын шаарындагы №8-А.Буйлаш уулу атындагы орто мектебинде кыргыз элинин залкар композиторлору Жүмамүдүн Шералиевдин жана Рыспай Абдыкадыровдун ысымындагы музыка канасы ачылды.

Бул саамалык Жумамүдүн Шералиевдин 100 жылдык мааракесине карата улуу таланттардын ысымын, кыргыз искусствосу үчүн калтырып кеткен баа жеткис мурасын кийинки муунга жеткирүү максатында мектеп жамаатынын колдоосу жана Жумамүдүн Шералиевдин кызы, ушул мектептин музыка мугалими Турдугүл Шералиеванын демилгеси менен ишке ашты.

Музыка канасынын ачылыш аземине Нарын шаарынын коомчулугунан сырткары Кыргызстан аялдар конгрессинин төрайымы Замира Акбагышева, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы кыргыз тил комиссиясынын бөлүм башчысы Элмира Касымбекова, Ж. Шералиев атындагы фонддун аткаруучу директору Жумакадыр Курмангалиев, аталган фонддун төрайымы, Ж. Шералиевдин кызы Нарынкүл Шералиева баштаган меймандар күбө болду. Иш чарада Жумамүдүн Шералиевдин улуулугу, кайталангыс өнөрү дагы бир ирет даңазаланып, бул ишке салымын кошкондорго Кыргызстан Аялдар конгрессинин жана Жумамүдүн Шералиев атындагы фонддун Ардак грамоталары менен Ыраазылык каттары ыйгарылды.

Музыка канага Жумамүдүн Шералиев менен Рыспай Абдыкадыровдун музыкалык аспаптары, сүрөттөрү жана алар тууралуу маалыматтар коюлган.

«Жумамүдүн Шералиевди жаш муунга таанытуу үчүн 100 жылдык мааракесине карата 100 класс ачалы деген демилгебиз бар эле. Иш жүзүндө 119 класс ачылганы калды. Поэзия, музыка жана адабий чыгарма улут, жер, тил тандабай, жүрөктү гана тандайт экен. Ошон үчүн бул класска Рыспай Абдыкадыровдун ысымы кошо камтылып атканы чоң сыймык. Мындай бийиктиги үчүн Турдугүл Шералиевага ыраазылык билдиребиз,-дейт Ж. Шералиев атындагы фонддун аткаруучу директору Жумакадыр Курмангалиев/

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...