Акыркы макалалар

52 МИЛЛИОН СОМДУК 122 ДОЛБООР

Нарын шаарында жергиликтүү бийлик органдары тарабынан берилген долбоордун сунуштарын тандоону уюштуруу багытында гранттык долбоорлорду баалоо боюнча Комитеттин жыйыны болуп өттү. Жыйынтыгында Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн каржылоосунда Нарын облусунун 30 айылында «Нарын облусун комплекстүү өнүктүрүү» долбоорунун алкагында ишке аша турган 122 долбоор тандалып алынып, кароого коюлду. Гранттык колдоонун жалпы өлчөмү 52 миллион сомду түзөт.

Иш чарада долбоордук сунуштарды тандоо процессинин айкындуулугун камсыздоо багытында гранттык долбоорлорду баалоо боюнча Комитети түзүлүп, анын курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынан өкүлдөр жана Кыргыз Республикасындагы ПРООНдун офиси, суу чарбасы, агрардык өнүктүрүү, энергетика жана ичүүчү суу боюнча аймактык мекемелери киргизилди. Сөз арасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Асизов «Негизинен тандалган долбоорлор айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, айылдыктарды таза суу менен камсыз кылуу, электрожабдууларынын сапатын жакшыртуу, чакан ишкерликти өнүктүрүү, ошондой эле жаңы жумушчу орундарын түзүү сыяктуу жергиликтүү калктын инфраструктурасын жакшыртууга багытталган",- деди.

Жыйындын жүрүшүндө «Долбоорлорду тандоо боюнча бул жыйын жыйынтыктоочу этап болуп саналат. Облустук комитеттен түшкөн бул долбоорлор алгач айылдын, анан тиешелүү райондордун деңгээлинде каралып келген. 2015-жылы аталган долбоорлорду иш жүзүнө ашырууда Россия Федерациясынын Өкмөтүнөн берилген финансылык колдоону дайыма жергиликтүү коомчулуктун деңгээлинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турууну улантуу зарыл», - деп белгиледи Кыргыз Республикасындагы ПРООНдун туруктуу өкүлүнүн программалар боюнча жардамчысы Эркинбек Касыбеков.

Россия Федерациясынын Өкмөтү каржылаган ПРООНдун «Нарын облусун комплекстүү өнүктүрүү» программасы Ак-Талаа, Ат-Башы жана Жумгал райондорунун 30 айылында турмушка ашырылат. Программанын башкы максаты социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү турукташтырууга шарт түзүү аркылуу Нарын облусундагы жакырлыкты басаңдатуу.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...