Акыркы макалалар

Дистанттык окутууну уюштуруунун чет элдик тажрыйбаларынан

Дистанттык окутууну уюштуруунун чет элдик тажрыйбаларынан

Уланбек Мамбетакунов,

педагогика илимдеринин доктору,

Генуя университетинин (Италия) стажеру

Ар качан элибиз жогорку билимдүү болууга умтулуп келген. Бирок акыркы мезгилде жашоо шартынын ѳзгѳрүшү менен (убакыттын жетишсиздиги, каалаган окуу жайынын узактыгы) күн алыс дарстарга жана семинарларга катышуу айрымдарга кыйынчылыкты туудурат. Ошондуктан Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Кыргызстандын окуу жайларында дистанттык окутуунун киргизилишин замандын талабы деп түшүнсѳк болот.

Окумуштуулардын изилдѳѳлѳрү боюнча дистанттык окутуу XXI кылымдагы эң жеткиликтүү жана максаттуу окуу болуп эсептелинет. Ошондуктан дистанттык окутуу – билим берүүнүн келечеги.

Дистанттык окутуунун негизги принциптерин азыркы учурда кѳпчүлүк маалымат булактарынан тапсак болот. Ошондуктан ага кеңири токтолууга негиз жок.

Дистанттык окутуу чет мамлекеттерде кандай жүргүзүлѳрү тууралуу кыскача айта кетүүнү чечтик. Өнүккөн өлкөлөрдө дистанттык окутуу салтка айланган. Мисалы:

АКШ. Дистанттык окутууну америкалыктар алгачкылардан болуп ишке ашырышкан. 1960-жылдары айрым сабактарды теле аркылуу сунуштай башташкан. Бул демилге ийгиликтүү болуп, бүт Америкага тараган, андан кийин Европага, Кытайга, Австралияга кеңири жайылган. 1984-жылы дистанттык окутууга керектүү билимдер топтолуп, аны кеңири жайылтуу үчүн Улуттук технологиялык университет ачылган. 1991-жылы университеттин курамына кырктан ашуун инженердик мектеп кирген; миңдеген студенттерден түшкѳн киреше 13,5 млн АКШ долларынан ашкан. АКШда ѳткѳрүлгѳн сурамжылоо боюнча жарандардын 60%дан кѳбү дистанттык билим алууну туура көрүшөт.

Жапония. Акыркы 50 жыл ичинде Жапония билим берүү тармагында дүйнөнүн көпчүлүк мамлекеттеринин астына чыкты. Азыркы учурда Жапониянын маалымат жана билим берүү технологиялары толугу менен дүйнөлүк стандартка жооп берет.

Мамлекетте 7579 жогорку окуу жайы бар, анын 426сы – университет, калгандары – колледждер жана институттар. Негизги окутуу методикасы – дарстар (семинарлар көпчүлүк учурда 2-курстан баштап киргизилет). Окутуу процессинде автоматташтырылган окутуу комплекстери, электрондук китептер, спутник жана кабель телевидениеси, Интернет ж. б. бар.

Окуу жайларынын ортосундагы келишимдин негизинде ар бир окуу жайы дистанттык программаларды ишке ашырат. Ошондуктан окутуучуларга катуу талап коюлган. Ар бир окуган предмет боюнча окутуучу жөн гана предмети боюнча кыскача маалымат берип койбостон, кеңейтилген окуу-методикалык комплексин университеттин базасына тапшырууга аргасыз. Бул базага ушул окутуучунун студенттери гана эмес, башка окуу жайдын студенттеринин дагы колдонушуна шарт түзүлгөн.

Улуу Британия. Heriot-Watt университети биринчилерден болуп 1990-жылы дистанттык окутууну баштаган. Андан бери 143 мамлекеттен 9000ден ашык студент дистанттык негизде билим алган. Ар бир предметтин материалдары Европанын жана АКШнын белгилүү бизнес-мектептеринин окумуштуулары тарабынан түзүлүп, студенттердин өз алдынча иштөөсүнө басым жасалат. Студенттер билимин өз алдынча текшерүү үчүн дифференцирленген тесттер жана ар кандай деңгээлдеги суроолор менен камсыз болушкан.

Окуу программасы студенттин жашоо шартына жана акчасына карата ийкемдүү. Себеби студент кайсы предметти кайсы убакытта окуурун өзү аныктайт. Ар бир предмет 3 сааттык экзаменди камтыйт. Экзамендер жылына 2 жолу атайын борборлордо өткөрүлөт. Азыркы учурда 130 мамлекетте 300дөй экзамен алуучу Heriot-Watt университетинин борборлору жайгашкан. Экзаменди качан тапшырарын студенттер өздөрү чечишет, бирок эки гана жолу тапшырууга уруксат берилет. Ар бир предметтин материалдарында экзамен үчүн бланк тиркелет. Ошол эле учурда студенттер жайкы мектептерде окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Анда дарстарды, презентацияларды угуп, биргелешип иштеп, предметтин негизги концепциясын түшүнүүгө жана практикалык билимдерди кеңири өздөштүрүүгө шарт түзүлгөн.

Кѳпчүлүк мамлекеттердин ѳкмѳттѳрү дистанттык окутууну эң эле артыкчылыктуу багыт деп жарыялашып, жыл сайын аны ѳнүктүрүүгѳ каражат бѳлүп келишет. Азыркы учурда эң ири дистанттык окутуу борборлору АКШда, Канадада, Улуу Британияда, Нидерландда, Германияда, Испанияда, Израилде ж. б. мамлекеттерде иш жүргүзүүдѳ.

Жыйынтыктап айтканда, дистанттык окутууну уюштуруу үчүн тѳмѳнкү шарттар негизги деп эсептелинет:

• керектелүүчү сапаттуу техникалык каражат (компьютерлер, видеопроекторлор, Web-камералар, наушниктер, микрофондор);

• тез ылдамдыктагы интернет-байланыш жана тез ылдамдыктагы окуу жайынын локалдык түйүнү;

• окутуучунун методикалык жана техникалык даярдыгы (маалымат технологияларын колдоно билүүсү);

• студенттердин техникалык даярдыгы (компьютердин негизги программалары менен иштѳѳ);

• электрондук лекцияларды түзүү жана колдонуу үчүн окутуучуларды стимулдаштыруу;

• студенттердин компьютер менен жана ансыз иштѳѳ убактысын чектѳѳ;

• студенттерди жана окутуучуларды дистанттык окууну жүргүзүү боюнча колдонмо менен камсыз кылуу;

• окутуучулар үчүн дистанттык окутуунун талаптары менен тааныштырган атайын курстарды уюштуруу;

• ушул технология боюнча ар дайым билимдерин ѳркүндѳтүү курстарын жайылтуу.

Ушул жагдайларды ишке ашырсак, атына заты төп келген, практикалык жана теориялык жактан такшалган, толук кандуу адистер даярдалып чыгышына шарт түзүлмөк.

Билим берүү жана илим министрлиги жүргүзүп жаткан реформа ийгиликтүү ишке ашса, анда биздин мамлекет билим берүү боюнча мындан да жакшы жетишкендиктерге ээ болот. Бирок бул реформаларда окутуучулардын ролу чоң, ошондуктан бул реформалык аракеттердин жүзөгө ашырылышы алардын аракетине байланышкан.

Шоокум. №78,февраль. 2013-жыл.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...