Акыркы макалалар

“Мамлекеттүүлүктүн” маңызы

“Мамлекеттүүлүктүн” маңызы

“Мамлекеттүүлүктүн” маңызы

Эламан Дербиш

Чынында маданиятыбызда мамлекеттин орду таптакыр башкача. Ал жөн гана башкаруу маанисин билдирбестен, ошол эле кезде эркиндиктин, бейпилдиктин жана тынчтыктын символун, улуттук мүнөздүн уюткусун да туюнтат.

“Мамлекет” деп аталган түзүлүштүн адам менен байланышы, анын маани-маңызы боюнча, “идеалдуу мамлекет” кандай болушу керектиги боюнча талкуулар канчалаган кылымдардан бери жүргүзүлүп келүүдө. Адамзаттын тарыхынын жапалуу доорлоруна көз чаптырбай туруп мамлекеттин эмне болгонун түшүнүү мүмкүн эмес. Мамлекет – кээ бирлер үчүн муздак бир элес, кээ бирлер үчүн карама-каршылыктуу түшүнүксүз иш, айрымдар үчүн “болбой калышы мүмкүн болбогон” муктаждык. Негизинен, ар бир табылга муктаждыктардан улам пайда болгондой эле, мамлекеттик түзүм дагы адамдардын мал-жанын сырткы коркунучтардан коргоо максатында түзүлгөн эң жогорку уюмдашуу катары пайда болгон. Антикалык доордо Платон менен Аристотелдин “идеалдуу мамлекет” деген ой-кыялы менен көтөрүлгөн мамлекеттин теоретиги батыш горизонтунда бир канча убакыт өз таасирин көрсөткөн соң, мусулман-түрк маданиятында Фарабинин адамгерчиликтүү жана таалайлуу коомду кыялданган “Аль-Мадиинатул-Фаазыла” аттуу чыгармасында иликтөөгө алынса, Ибн Халдундун акыркы ой чабуулдары менен созулуп отуруп бүгүнкү күнгө чейин жеткен.

Тарыхтын ар бир тилкесинде коомдун басымдуу бөлүгү кембагалдардын чордонунан орун алган мамлекеттик системага жылуу карабагандар да бар. Мисалы, мамлекеттик саясатка жана укукка караганда экономикалык түзүлүштү көбүрөөк ойлогон Сен-Симондун жана Прудондун ою боюнча адамдын акылы коомдук зыяндардан коргой алат, адамдардын эркиндигин чектеген башка системага муктаждык жок. Мамлекетти коомдук жашоодон чыгарууну көздөгөн социалисттер сыяктуу эле, ислам дүйнөсүндө да саясий башкарууга жылуу карабаган топтор болгон (Харижи жана Батынилер сыяктуу).

Адамдар маданий табиятка ээ жандуулар катары топ-топ болуп жашоого жана ошол эле кезде тартипти орноткон башкаруу бийлигине муктаж. Башкарууда талант, өнөр, чеберчилик гана эмес, күчтүү, кубаттуу боло алуу да керек. Анткени адам, табияты талап кылгандай, тартипти, ырааттуулукту издейт. Адамдардын өз оюна, абалына таштап коюу бир жагынан улуттук уникалдуулук, жардамдашуу, көмөктөшүү сезимдерин жабыркаткан көптөгөн кастыктын, душмандыктын пайда болушуна себеп болот, тарыхый тажрыйбалар муну айкын тастыктап турат. Башкача айтканда, кээ бир балээлердин жана согуштардын артынан пайда болгон караандуу доорлор, айрым башкаруудагы одоно кемчиликтер же акыйкат жана укук көз көрүнөө тебеленген окуялар ички тартипти, ырааттуулукту бузуп, коомдук бейпилдикти, ишенимди жок кылган. Башкаруу болбогон жерде бузукулук жана туңгуюктук сөзсүз жайылат. Мамлекеттик түзүлүштөгү жаракалар, жеке каалоолордун көбүрүшү бейпилдик душмандарынын жана анархист рухтардын мамлекеттик түзүмдөргө киришине жол ачат. Мыйзамга баш ийбеген мамлекеттик күч мына ушул жерде негизги милдетинен алыстап, күрөшүүгө мүмкүн болбогон абалга келет да, кимдир бирөөлөр айрым жерлерде жетекчилик кыла башташат. Ошол үчүн мамлекетке каршы чыгуу улуттун биримдигин бузгандарды кайраттандыруудан башка эч бир ишке жарабайт. Континенттерди термелтип, тарыхта жалпысынан 120 000 ири-майда мамлекет курган тектеш түрк элдери сан кылымдар бою бирдей маселелерге туш болушкан. Андай болсо, саясий жана маданий сырларыбыздын берекелүү жарыгында тарыхыбызда мамлекеттин жана мамлекеттик ишмердин кандай мааниге келгенин ашкерелешибиз керек.

Эл арасында айтылып жүргөн “үч түрк бир арага келсе, мамлекет курат” деген сөз менен туюнтулган бул жагдайды француз тарыхчысы Бенуа Мечин: “Тектеш түрк элдери саны аз көрүнгөнүнө карабай, мамлекеттерди курушкан жана башкарууда өздөрүнө тиешелүү жөндөмдүүлүккө ээ болушкан. Бул – алардын эң жогорку даражага тиешелүү сапаты”, – деп эскерет. Чындыгында маданиятыбызда мамлекеттин таптакыр башкача орду бар. Ал – жөн гана башкаруу мааниси эмес, ошол эле кезде эркиндиктин, бейпилдиктин жана тынчтыктын символу, улуттук мүнөздүн уюткусу. Сан кылымдар бою жашоо шарттарынын кыйынчылыгына карабай, көз карандысыздыгынан жазбай, мекенинен туш тарапка көчүүгө аргасыз болгон тектеш түрк уруулары белгилүү иреттүүлүктө, тартипте жашоонун жолун мамлекеттин күч-кубатын сактоодон көрүшкөн.

Болбосо бул түшүнүк “эң жаман башкарууну дагы мамлекеттин жоктугунан жогору койгон” маданиятыбызда кылымдар бою өнүгүп-өрчүп отуруп, бактылуулук, тынчтык, береке, байлык маанилерин туюнтмак беле?! Сүйгөндөрүн “элдин багына жаралган уул” деп узаткан, мамлекетти элдин муктаждыктарын камсыздап, ач калгандарды тойгузган боорукер “ата” катары көргөн, эл башына келгендерге “башыңа бакыт кушу конду” деп сүйүнүчүн билдирген, шейит болуу мартабасына жетүүнү “эл шейити” нускасы менен улуулаган, эң купуя жери болгон үйүн “үй-бүлө – мамлекеттин пайдубалы” деп барктаган, уламалуулугун аны менен бүтүндөштүрүп, “Жараткан мамлекетти жана элди зыяндан сактасын!” деген батасын оозунан түшүрбөгөн биздин эл эмес беле?

Экинчи жагынан элдик салт өкүмдардын жанында дайыма ыйманы күчтүү, акыл-эстүү ишмерлердин болуусун талап кылат. Орто Азия элдеринин салт-санаасында өкүмдар мамлекет дарагынын тамыры болсо, акыл-эстүү кеңешчилер жана жөндөмдүү даанышмандар дарактын бутактары, жалбырактары болуп саналган. Огуз кагандын жанында Ыркыл кожо, Манастын жанында Бакай, Илтериш Кутлук кагандын жанында билимдүү увазир Тонүкүк, Дукактын жанында Коркут Ата дайыма кызмат кылышкан. Ислам динин кабыл алгандан кийин да бул салт бузулган эмес. Атүгүл түрк мамлекеттери бир мамлекеттин бири-бирин толуктап турган бөлүктөрү катары каралган. Укук мамлекеттин алдынан орун алып, Куран жана сүннөт менен жөнгө салынган жана мамлекеттик башкаруунун сыртында өнүгүп, ага багыт берип, мамлекетти тескеп, чексиз монархиядан, зулумдуктан коргогон. Максат исламдык мамлекет эмес, ислам дининин адамдарга түшүндүрүлүшүнө жана дин коопсуздугунда жашоого шарт түзүп берүү болгон. Куранда мамлекеттик түзүлүшкө тиешелүү аяттар болбогондой эле, өкүмдарлардын өкүмөттүк түзүмдөрү да айтылбайт. Бул темага бир дагы хадис токтолгон эмес. “Аллага итаат кылгыла, пайгамбарга да итаат кылгыла жана силерден болгон буйрук ээлерине дагы...” (Ниса сүрөсү, 59-аят) деген аят темага байланыштуу жагы менен кандайдыр бир режимди эмес, биримдикти, бүтүндүктү нускалайт. Кеңешүү (истишара, шуара) жана ант берүү (бият) эрежелери дагы исламдын башкы өкүмдөрүнөн. Пайгамбарыбыз Мадинага көчүп барган соң ислам мамлекетинин чатырын куруп, “бакыт доору” (аср-ы саадат) деп эскерилген теңдешсиз бир доор жашаткан. Натыйжада исламдын негизги булактарында башкаруучулардын туура жолдо жүргөн-жүрбөгөндүгү айтылат, же болбосо зулумдуктарына жана адилеттүүлүктөрүнө көңүл бурулат.

Тагдырдын тамашасын караңыз, “бактылуулук билими” же “мамлекет куруу билими” маанилерин да өз ичине камтыган, коомдун исламдык эрежелер менен жаңылануусунда негизги орунда турган Жусуп Баласагындын “Кутадгу Билиги” ислам түрк адабиятынын алгачкы чыгармасы болуп саналат. Аталган китептин автору бул жерде адамдык шык-жөндөмдү “адилеттүүлүк”, “мамлекет”, “акыл” жана “канаат” формасында төрт бөлөк киши катары сыпаттап, аларды өз ара баарлашууга чакырат. Бул жерде акыл адилетке өтө көп насаат берет.

Элибиздин татаал тагдырында маанилүү ролду ойногон чыгаан тарыхый инсандарыбызга назар салчу болсок, алардын көсөм насаатчылардын акыл таразасына кайрылып турганын көрөбүз. Мисалы, Атаке баатыр (XVIII к.) атасы Тынай бийдин аскер башчысы Эр Солтонойдун, Боромбай Бекмурат уулу (XIX) Бирназар, Ормон, Жантай, Жаңгарач, Алымбектердин, Байтик Канай уулу (1820-1886-ж.) аталаш агасы Жаңгарачтын даанышмандык чөйчөгүнөн уурттап, алардын акылмандыгынын жарыгында алдыга кадам таштаган.

Ал эми Анадолу жергесинде кичинекей бектик деңгээлинде жашаган Осмон бектин урпактары дүйнөнү дүңгүрөткөн Осмон мамлекетин курушкан. Мунун сыры мына ушунда жатат. Осмон Гази уулу Орханга: “Аалымдар, улуулар, чечендер – мамлекеттин күчү. Буларга көңүл буруп, сый көрсөт... Өкүмөтүңдө уламалар, аалымдар, билимдүү адистер көбөйсүн, саясат жана дин иштери тартипке келсин” деп айткан керээзи дагы мына ушул ойду бышыктап турат.

Бүгүнкү күндө уюткулуу мамлекет маданиятына ээ болуп келген элдин биримдигин сактай албай, чиеленген маселелердин чордонунан чыгалбай кыйналганы, жетекчилердин акыйкатта өзү үчүн да, коом үчүн да пайдасыз утурумдук маселелер менен убакыт коротуп, энергияларын түгөтүп жатышканы кандай гана кейиштүү көрүнүш. Мынчалык тарыхый тажрыйбанын чоочун адамдарга берилиши мүмкүн эмес, албетте, бирок адам болгон жерде дарттар да бүтпөйт тура. Тамыры тереңге кеткен маданияттарды курган бир элдин ушундай эле кризистерди андан мурда баштан өткөрүшү нормалдуу болгондой эле, уу жандыруучу заттын эмне болгондугун билүүсү дагы табигый нерсе эмеспи. Акыйкатта башкаруучулар биринчи даражадагы жооптуу адамдар катары бул абалда эмне кылганы, кыйынчылыктарды ашып өтүү үчүн кимден кандай жардам алганы да бизге жол көрсөткүч маанисинде болушу керек.

Тарыхчы, социолог жана саясат таануучу Ибн Халдун мамлекеттик түзүлүш жана башкаруучулардын сапаттары боюнча кылымдарды жаңырткан анализдерди жүргүзгөн белгилүү “Мукаддима” аттуу эмгегинде мамлекеттин үстүнөн башка бир күчтүн жана боштуктун болбошун эскертет. Бир элдин жамааттык аң-сезимден келген чогуу аракет кылуу түшүнүгү “күч-кубат” сөзү аркылуу ачыкталгандан кийин адамдын жашоосу менен мамлекеттин ортосунда өтө таң калыштуу байланыш курулат. Адамдар кантип төрөлүп, чоңоюп, акыры өлүшсө, мамлекет дагы дал ошондой төрөлүп, өнүгүп, акыры кыйрайт. Башкаруучулардын дүнүйөкордугу, аң-сезимсиз абалга келиши мамлекеттин алсырашына себеп болот. Системанын туруктуу жашашы жана элдин колдоосу, негизинен, мамлекет башчысына байланыштуу болот. Ошондуктан эл башчылар жеке турмушунда жөнөкөй, кызматында салабаттуу, салмактуу, эл алдында боорукер, жароокер жана адилеттүү болушу зарыл. “Кутадгу Билигде” “Бийликтин негизи адилеттүүлүктө!” деген принцип канчалаган кылымдар мурун айтылган.

Адам баласын негиз алган жана муну башкаруучу менен башкарылуучунун кайтарымдуу жоопкерчиликтери аркылуу этти сөөккө бүтүндөштүргөн бир дене түзүлүшү катары карасак болот. Күчтүү байланыштардын курулушу мамлекет менен элдин ортосундагы бүтүндүк аркылуу болушу мүмкүн. Башкаруу иш-аркеттеринде өтө сезимтал жана тең салмактуу болуп, эл дагы бир жагынан өзүнүн жоопкерчиликтерин сезип, экинчи жагынан тескөө укугун өз ордунда колдонушу керек. Иш башкаруудан башталууда, (балык башынан сасыйт!) коомдук пикирдин бүтүндүгү же тескерисинче, карама-каршы көп пикирдин болушу мына ушул жерден элге тарайт. Маселенин негизи мына ушунда. Мамлекет жалпысынан башкаруу (саясат/бюрократия), илим (билим берүү), адилеттүүлүк (сот), күч (аскер/милиция) сыяктуу негизги төрт элемент менен көтөрүлөт. Салтыбызда мамлекеттик түзүлүш туруктуу иш алып баруусу үчүн бул бөлүмдөрдүн ырааттуулугуна, ыңгайлуулугуна жана туруктуулугуна өзгөчө маани берилген. Мындай кезде системанын мүчүлүш жактарын элден мурда аныктап, талдап, өз убагында өз ордунда эскертүү, жарандарды туура жолго багыттоо даанышман коомдук ишмерлердин милдети болот. Бул багытта жазылган саясатнаамалар, адилетнаамалар, насыятнаамалар, санатнаамалар, жазма эстеликтер, дастандар, каттар, макал-лакаптар, долбоорлор, жарлыктар жана чечимдер мамлекеттүүлүк философиябыздын тереңдигин көрсөтөт.

Мусулман элдеринде эч качан көз жаздымда калтырылбаган дагы башка бир жагдай – аманаттарды ээсине берүү маселеси. Куранда “Чындыгында Алла силерге аманаттарды ээсине берүүңөрдү жана адамдар арасында өкүм чыгарган учурда адилеттүүлүк менен өкүм чыгарууңарды буюрат” (Ниса сүрөсү, 58-аят) деген эскертме маселени ачык-айкын колго алган. Канчалаган мезгилдерден бери өзүнүн олуттуулугун жоготпогон бул тема коомдук ишмерлерди көбүрөөк түйшөлткөн.

Анан дагы мамлекеттүүлүк түшүнүгүнүн өзөгүндө адамды тарбиялоо маселеси турат. Адам ресурсун колго алуу ишин көз жаздымда калтырууга болбойт. Маселени чын дилден кабыл алып, тамыры тереңге кеткен, узак мөөнөттүү инвестицияларга багыт алуу керектигин жүрөктөн сезип, терең ой жорушубуз керек.

Урпактар бийиктикте канат жайып учуу жолун маани-маңызга ээ ата-бабаларынын жүзүнө карап элестете алышат. Мамлекет менен элдин жуурулушуусу аркылуу келечектин эң жогорку доорлоруна жетүү сырын алардын куттуу коломтосунан көрүшөт. “Адамды жашатууга маани бер, ошондо мамлекет жашайт” деген накыл кеп мамлекеттүүлүк түшүнүгүздү жаңылашыбызга негиз болушу керек деп ойлойбуз.

Шоокум, №78, февраль. 2013-жыл

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...