Акыркы макалалар

Үй-бүлөнү бекемдөөнүн 6-С формуласы

Үй-бүлөнү бекемдөөнүн 6-С формуласы

Үй-бүлөнү бекемдөөнүн

6-С формуласы

Үй-бүлө – турмуш куруу, укум-тукум улоо максатын көздөгөн, бир түндүктүн астындагы эң кичинекей жана эң маанилүү социалдык топ. Үй-бүлө – коомдун данеги жана пайдубалы. Үй-бүлө – адам болуунун сырларын үйрөткөн куттуу уя. Ошол эле учурда үй-бүлө уясынын ички-сырткы терс таасирлерден калкалоочу функциясы да бар. Адам баласы түтүнү көккө булаган коломтосунан кубанычын, сүйүнүчүн, бактылуулугун арттырат, өкүнүчүн, кайгы-муңун жеңет. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн ар бири өз жоопкерчилигин сезүү менен бири-бирине жардамдашып, турмуштун түмөн түйшүгүн биргеликте жеңишет. Үлгүлүү, бактылуу үй-бүлө куруу үчүн анын ар бир мүчөсү өз милдеттерин так аткарышы зарыл. Өз милдеттерин аткара албаган же билбеген үй-бүлө мүчөлөрүндө бактылуулук гармониясы болбойт. Айтор, үй-бүлө тууралуу айтылчу алтын эрежелер оголе көп. Биз ошолордун ичинен окурмандын эсинде оңой сактала турган, жан дүйнөсүнөн жайлуу орун таба турган атайын формуланы ойлоп таптык. Бул формула 6-С формуласы деп аталат.

Сүйүү

Сүйүү – түгөйлөр алгач турмушка аттанарда жана үй-бүлө кургандан соң да муктаж болгон эң маанилүү түшүнүк. Сүйүү рухтун бышып жетилгендигин сезүүсүн, өтө жактырган нерсесине карата маани берүүсүн туюнтат. Аалам сүйүүдөн жаралып, сүйүү менен курчалган. Улуу Жаратуучу бизди сүйүү менен сүйүп жаратып, бизге да тартуулаган сүйүү күчүн Өзү, сүйгөндөрү жана ыраазы болгондору үчүн колдонуубузду талап кылган. Бул бүтпөгөн жана колдонгон сайын, арткан сүйүү казынабыздан насипкер адамдардын эң башында өмүрлүк жарыбыз, балдарыбыз жана жакындарыбыз, андан соң башка адамдар турат. Сүйүү – үй-бүлөлүк бакытты камсыздаган эң негизги булагыбыз. Эгерде бул булак соолуй турган болсо, анда үй-бүлө бейпилдиги да коркунучка кириптер болот. Андыктан “сүйүү чыдамдуулукту талап кыларын” эстен чыгарбай, сүйгөнүбүздүн айрым кемчиликтерине көз жумуп, сабыр кылуубуз зарыл. Азыркы заманда адамдар бири-бирин бат сүйүшүп, бирок ортодогу сүйүү оту бат өчкөнүнө көбүрөөк күбө болуудабыз. Сүйүүдө туруктуу болуу үчүн, аны ыйык деп эсептеп, сүйкүмдүү жубайыбызды сүйүү, ага махабат сезимдери менен кароо кудайдын сүйүүсүнүн талабы экендигин эстен чыгарбоо керек. Аялзаты күйөөсүнөн дайыма сүйүүнү жана көңүл бурууну күтөт. Ал эми жубайы болсо күйөөсүнө убагы келгенде ашыкчасы менен жооп кайтарат. Мына ушундайча сүйүү жашаруу, күчтөнүү жана жайылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Сүйүүнүн жашаруусунда, күчтөнүүсүндө жана ырааттуулугунда жакшы сөздөр, жакшы жүрүм-турумдар, жакшы күндөрдү эстеп туруу, майрамдашуу, белек беришүү, кээде тамашалашып туруу, анан, албетте, түгөйлөрдүн бири-бирине дуба кылып туруусу маанилүү ролду ойнойт. Үй-бүлө мүчөлөрү материалдык жактан тың, руханий жактан тынч жашоо, атүгүл бейиште да бирге болуу максатында кудайдан жардам сурап туруулары зарыл.

Сый

Түгөйлөрдүн ортосундагы мамилелердин бекем улануусу үчүн, оболу, сүйүү керек, бирок аны жабыркатпай, алсыратпай, түгөтпөй, таман алдына тебелетпей алып жүрүү үчүн сый-урмат керек. Сый-урмат өмүрлүк жарлардын бири-биринин намысын коргоо, баалуулугун жана тандоолорун эске тутуу, акысына жана укугуна көңүл буруу, айлана-чөйрөсүндөгүлөргө баа берүү сезимталдыгы болуп саналат. Сый-урмат жаныңдагы адамга маани берүүнү, өзүңө жасалышын каалабаган нерсени ага да жасабашыңды туюнтат. Сый-урмат назиктикти, сыпайылыкты, жогорку деңгээлдеги маданияттуу мамилени, адамдын акысына жана укугуна маани берүүнү талап кылат. Ошондуктан сый-урматтуу адам өмүрлүк жарына жаман сөз айтпайт, анын ой-пикирине кош көңүл карабайт, жүрүм-турумун сындабайт, баалуулуктарын басмырлабайт, тууган-урук, курбу-курдаштарынан баш тартпайт. Өмүрлүк жарын сыйлаган адам “сүйөм дагы, сөгөм дагы” түшүнүгүн кабыл албайт.

Сабыр

Үй-бүлө куруу бир жагынан жоопкерчиликти сезүүнү да билдирет. Жоопкерчилиги арткан адамдын жүгү да артат, ролдору да... Адатта турмуш кургандан кийин түгөйлөрдүн бойдок кездегиге караганда милдети жана жоопкерчилиги артат да, көбүрөөк чарчап-чаалыгышат. Чарчаган түгөйлөрдүн стресси да көбөйөт. Стресс көбөйгөн кезде урушуп-талашуу, кыйкырып-өкүрүү да пайда болушу мүмкүн. Мындай чекке жеткенде урушуп-талашууга, кыйкырып-өкүрүүгө каршы туруу үчүн, түгөйлөр сабыр кылышы шарт. Сабыр түгөйлөрдүн бири-биринин айрым жаман сөздөрүнө, жүрүм-турумуна дароо каршы чыкпастан, жайма-жай, түшүнүү менен мамиле кылуусунда абдан маанилүү ролду ойнойт. Ошол эле убакта бири-биринин каалоолорун, талаптарын канааттандыра албай калган учурда да түгөйлөрдүн сабыр кылуусу эң жогорку деңгээлдеги кайрымдуулук болуп саналат. Мындай кайрымдуулук түгөйлөргө эле эмес, жакындарына, курбу-курдаштарына да көрсөтүлүшү керек. Сөз кезеги келгенде айтып коюу керек: өмүрлүк жары айткан аркы-берки сөздөргө сабыр кылгандар анын энесинин айткандарына да сабыр кылуусу зарыл. Мындай мамиледеги пенде кудай тарабынан да чоң сыйга ээ болот. Бул боюнча сүйүктүү пайгамбарыбыздын (с.а.в.) мындай деп айтканы бар: “Кулк-мүнөзү жаман күйөөсүнүн каарына чыдаган аялга Алла Таала тарабынан Фараондун аялы Асыяга берилген сыйдай сый берилет. Ошондой эле мүнөзү жаман ажаан аялга сабыр кылган эркекке болсо (денесин жара каптап, кыйналса да, нааразы болбогон) Аюп пайгамбарга тартууланган сооптой сооп тартууланат”. Турмуш курууда, өзгөчө түгөйлөр бири-бирин таанууга аракет кылган алгачкы жылдарда айрым терс көрүнүштөр, материалдык кыйынчылыктар, айлана-чөйрөдөгү адамдардын басмырлоосу болушу мүмкүн. Булардын баарын табигый көрүнүш катары кабылдап, сабырдуулук менен жеңүү керек. Эл арасында айтылып жүргөн “Сабыр кылган дербиш максатына жеткен имиш”, “Сабырдын түбү – сары алтын” деген накыл кептер үй-бүлөгө да тиешелүү экендигин унутпоо зарыл.

Садык

Садык (чынчыл) деген сөз түгөйлөрдүн бири-бирине калп айтышпай, иштеринде ишенимдүү болушун туюнтат. Садык сезими өмүрлүк жарынын келбетине, кулк-мүнөзүнө, күч-кубатына, мал-мүлкүнө ыраазы болуп, башкаларга көз артпай, токпейил болууну билдирет. Өмүрлүк жарынын абалына нааразы болуу (садыксыз) башкалардын артыкчылыктарынан пайдаланууну көздөгөн ач көздүктөн, башкаларга суктануудан, акча же мансаптан, алдануудан болушу мүмкүн. Булардын баары натыйжада жаңылгандыкты туюнтат. Алдануу, жаңылуу болсо адамдын жетилбегендигин, намысы жоктугун, туруксуздугун, кайрымсыздыгын көрсөтөт. Бир сөз менен айтканда, кудайдын тартуулаган жакшылыгына ыраазы болбогондукту каңкуулайт. “Садык” сөзүнүн антоними – “кыянаттык”. Бул сыпат өмүрлүк жарларга, мусулман кишиге таптакыр жарашпагандыктан, Ыйык Куран китебинде тыюу салынган жана сүйүктүү пайгамбарыбыз дагы муну эки жүздүүлүктүн белгиси катары эсептеген. Мисалы, Куранда “Алла Таалага, пайгамбарга, силерге аманат болгондорго (бала-чакаңарга, жубайыңарга) кыянаттык кылбагыла”, – деп буйрулат. Мусулман адам жубайы жана башка адамдар менен болгон байланышын садык адеп-ахлак, салабаттуулук, дурустук, ачык-айкындык принцибинин негизинде жүргүзөт. Түгөйлөр мейли үй-бүлөдөгү милдеттерин аткаруу жагынан болсун, мейли ар-намысын сактоо жагынан болсун, бири-бирине садык болушу керек. Аял үй-бүлөсүнө чынчыл боло албаган күйөөсүнөн өч алууну көздөбөшү керек. Себеби ар кимдин күлк-мүнөзүнө жараша жүрүм-туруму болот эмеспи, башкача айтканда, ар ким өзүнүн кыймыл-аракетине көз каранды жана ар ким өзү үчүн жооп берет.

Сергек жашоо

Сергек жашоо, ириде, үй-бүлөдөгү жандуулукту камсыз кылат. Коомдо идеалдуу урпактардын өсүп-жетилиши түгөйлөрдүн ден соолугунун чың болушуна көз каранды. Мындан улам жаш жубайлар биресе физиологиялык жактан жабыркатуучу уулу маңзаттардан, спирт ичимдиктеринен алыс болушу керек болсо, биресе руханий жактан кыйратуучу ыймансыздык баткагынан, жек көрүү, көрө албастык, ачууга алдыруу, башкалар тууралуу жаман ой жүгүртүү сыяктуу терс сапаттардан ыраак болууга жан үрөшү керек. “Аз уктоо, аз тамактануу, аз сүйлөө” принцибинин негизинде сергек жашоого умтулуу, руханий жактан азык болчу, акыл өрүштү кеңейтчү басылмаларды, китептерди окууну көндүмгө айлантуу, балким, бул темада алгылыктуу аракет болот.

Анан да жыныстык өзгөчөлүктөр – адам табиятынын бир бөлүгү. Адамды сезимтал, акылга сыярлык кылып жараткан кудай ага жыныстык арзуу күчүн да берүү менен абдан таң калыштуу көрк кошкон. Бул күч менен адам ырахаттанат, берекелүү урпактардын дүйнөгө келишине себепкер болот, жашоосуна көрк кошот. Баш кошкон түгөйлөр бул темага да өзгөчө маани берүүлөрү зарыл.

Сарамжалдуулук, жоопкерчилик

Кубаттуу үй-бүлө уясынын курулушу түгөйлөрдүн сарамжалдуу, жоопкерчиликтүү болушу менен ишке ашат. Сарамжалдуулук, жоопкерчилик үй-бүлөдө түгөйлөрдүн алгач өзүн тарбиялоосун, терс факторлордон коргоосун, сезимтал болуусун, өзүнө жүктөлгөн милдеттерди толук аткаруусун, өмүрлүк жарына, бала-чакасына, улууларга, тууган-уруктарга кандай мамиле жасоону билүүсүн туюнтат. Үй-бүлөдө материалдык жана руханий жоопкерчиликтер бар. Булардын биринчисине баш калкалоо, жеп-ичүү, кийинүү, таалим алуу, белгиленген түз жолдо кезүү, эс алуу сыяктуу социалдык муктаждыктардын аткарылышы кирет. Руханий жоопкерчиликте болсо өмүрлүк жарлар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү ден соолугун чың кармап, руханий жактан толуп, маданияттуу, сабаттуу болушу, жан дүйнөсүн тазартууга аракет жасашы зарыл. Өзгөчө мамлекеттик жана коомдук жумушту аркалаган түгөйлөрдүн үй-бүлөдө бири-бирине көмөкчү болушу, балдардын таалим-тарбиясына, билимине, физиологиялык жана руханий жактан өсүп-өнүгүшүнө маани берүү, тууган-урук менен болгон байланышты арттыруу (анткени үй-бүлө очогу жакындар жана жоро-жолдоштор менен күчтөнөт), үй-бүлөнүн намысын жана сырларын сактоо, каражатты сарамжалдуу пайдалануу, жакшылыкты да, жамандыкты да бөлүшүү, бейишке барчу жолду биргеликте басып өтүүгө аракеттенүү ж. б. – булардын баары – түгөйлөрдүн сарамжалдуулугуна, жоопкерчилигине байланыштуу жагдайлар. Бул жоопкерчиликтер эске алынбаса, аларга маани берилбесе, үй-бүлө эртедир-кечтир урап калышы толук мүмкүн.

Даярдагандар: Эламан Дербиш, Шоола Абдыкаар кызы

Шоокум, №78, февраль, 2013-жыл

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...