Акыркы макалалар

Кыргыздын сїттїї эчкилери

Кыргыздын сїттїї эчкилери

Кыргызстанда эчки чарбачылыгы эзелтен бери эле єнїккєн тармактардын катарына кирет. Айыл-чарба малдарынын башка тїрлєрїнє жараксыз болгон жайыттар, жер шартынын єзгєчєлїктєрї, эчкилерге ыўгайлуу болгон тоолор, жергиликтїї элди эчки чарбасын єнїктїрїїгє жана эчкилерден алынган азык-тїлїктєрдї кеўири пайдаланууга себеп болгон.

Кыргыздын сїт багытындагы эчкилеринин тиби жергиликтїї кылчык жїндїї кыргыз эчкилери менен тїпкї теги Швейцариялык Заанен текелери менен аргындаштырылып чыгарылган. 2005-жылы айыл чарба министрлиги тїзгєн атайын комиссия тарабынан жактырылып, апробация болгон. Авторлору А.Х. Абдурасулов, И.А.Альмеев ж.б. Кыргызпатент тарабынан берилген селекциялык жетишкендик кїбєлїгїнє жана патентке ээ.

Бул эчкилердин конституциясы чыў, дене тїзїлїшї тєп келишкен, экстерьеринде кемтиги жок жана желини жакшы єрчїгєн. Тїсї негизинен ак, кээде бозомтуктары да кездешет.

Текелеринин салмагы 60-80 кг, саан эчкилериники 44-46 кг тїзєт. Саан мезгилинде 450-550 литр сїт берет, сїтїнїн майлуулугу 4,0-5,0% болот. Тєлчїлдїгї 170-180% жана андан жогору.

Акыркы жылдары шаар жеринде элдин саны єскєнїнє байланыштуу тамак-ашка, єзгєчє сїткє болгон элдин талабы єсїїдє. Бул талапты канааттандыруу їчїн шаардын четиндеги чарбаларда, сїт єндїрїїнї кєбєйтїї керек. Бирок, бул баалуу азыкты єндїрїї їчїн уй чарбасынан башка мїмкїнчїлїктєрдї колдонуу зарыл болуп турат. Мындай шартта сїт азыктарын кєбєйтїїнїн бирден-бир кошумча булагы жана ыўгайлуу жолу сїт багытындагы эчкилерди єстїрїї болуп саналат. Шаардын четиндеги кичи райондордо, ал эми уй кармаганга мїмкїнчїлїгї болбогон жеке чарбаларда сїттїї эчкилерди оўой эле єстїрсє болот.

Эчкилер дїйнєнїн 170 єлкєсїндє єстїрїлєт, алардын жалпы саны 700 млн.дон ашат. Дїйнє жїзї боюнча эчкилердин 148 породасы бар, анын ичинде 61 порода сїт багытындагы эчкилер болуп саналат. Эчкилердин саны боюнча биринчи їч орунду Индия, Кытай жана Пакистан, ал эми эчки сїтїн єндїрїї боюнча Индия, Тїркия жана Греция ээлейт.

Европада Заанен жана Тоггенбург тукумундагы сїт багытындагы эчкилер кеўири таралган, алар саан мезгилинде (10-11 ай) орто эсеп менен 800-1200 литр, ал эми эў алдыўкылары 3000 литрге чейин сїт берет.

Заанен эчкилери Кыргызстанга негизи 90 жылдары келген. Андан тышкары сїттїї эчкини жакшы кєргєндєр Орусиядан алып келип єстїргєндєр.

Эчкинин сїтї – аш болумдуу азык, уйдун сїтїнє караганда организмге жеўил сиўет.

Эчкинин сїтї уйдукуна караганда майлуу келип айрыкча жаш балдар їчїн диетикалык тамак катары пайдалуу. Эчкинин сїтїнєн айран, май, сыр, курут жана тїрдїї тамактардын тїрлєрї жасалат. Мисалга, Швейцария єлкєсїндє медицинада колдонуучу баалуу майларды, сырларды даярдайт.

Элибизде «Эсиў чыкса эчки бак, эчки тууйт эгизди, эки жылда сегизди» деген сєз бекеринен айтылбаса керек. Сїттїї эчкилерден орто эсеп менен ар бир жїз тубарынан 180-200 дєн ашык улак алынат, кээ бир маалыматтарга караганда бир эчки бир туутта 5-6 га чейин тєл берет. Сїт багытындагы эчкилер тєлдїї келип, салмагы чоў-чоў болгондуктан эт єндїрїїдє пайдасы чоў. Эчкинин эти- даамы, кубаттуулугу жагынан койдукунан калышпайт, ал эми аш болумдуулугу боюнча уйдукунан жогору турат.

Сїттїї эчкилердин териси жука, тегиз, ийилчээк жана бышык болот. Мындай терилерден эў жогорку сапаттагы кийимдерди жана бут кийимдерди жасоого болот. Ошондуктан, сїт багытындагы эчкилердин санын кєбєйтсєк элибиздин турмуш-тиричилигинин жакшырышына кичине болсо да єбєлгє тїзїлмєк.

Эчкилерди тандоодо, эў башкысы - анын ден соолугуна, дене тїзїлїшїнє, сїттїїлїгїнє, жашына, келип чыгышына кєўїл буруу зарыл. Ден соолугу жакшы эчкинин жїнї тегиз, жылтылдак, кєўїлї шайдоот болот. Сыртынан караганда дене тїзїлїшї чыў, бардык мїчєлєрї жакшы єрчїгєн болуш керек.

Жакшы тїзїлїштєгї сїттїї эчкилердин кєкїрєгї кеў, кабыргалары узун-узун, бели узун, буттары тїз жана туяктары бекем болот. Сєєктєрї жакшы єрчїгєн, желиндери болсо асылып турбастан жакшы туруш керек. Асылып турган желини басканда эки жакка чайпалып кыймылды кыйындатат. Желини катуу, кичинекей болсо, сааганга кыйын болот. Эчкилердин желинине тандоодо гана кєўїл бурбастан, дайыма карап туруу керек. Белгилей кетсек, азыр кїнїнє 5 литрден кем эмес сїт берген сїт багытындагы эчкилердин 2-3 айлык улагы эле 5 миў сомго чыгып кетти. Сїттїї эчкилер болсо 12-15 миў сомдун тегерегинде кармалууда. Негизи Чїйдєгї Панфилов, Кемин райондорунда кєбїрєєк багылууда.

СЇТТЇЇ ЭЧКИЛЕРДИ

БАГУУ ШАРТЫ КАНДАЙ

БОЛУШУ КЕРЕК?

Сїт багытындагы эчкилерди багуу сїттї аз берген уйларга, башка тїрдєгї эчкилерге салыштырмалуу бир канча жеўил жана экономикалык жактан алганда їнємдїї. Селекция иши жакшы жїрбєгєндєн улам, Кыргызстандын кєпчїлїк айыл жергесинде уйлардын сїттїїлїгї бир кїндє 5-6 литр сїт болот. Эгер анын ордуна сїттїї эки эчкини бакса экономикалык жактан пайдалуу болмок.

Эчкилерди ордунда багуу. Эчкилер їчїн короо кургак, таза, жарык, жакшы желдетилген, кышында жылуу, жайында салкын болгону жакшы.

Короонун кєлємї эчкилердин жайгашуусуна ыўгайлуу болушу керек. Мында 1 тубар эчкиге улактары менен 3-4 чарчы метр, улактары жок болсо 2 чарчы метр, ал эми 6 айдан 12 айга чейинки улактарга 1,2 чарчы метр орун талап кылынат.

Улаккана жарык болушу керек, себеби, жарык - оору козгоочу микробдорду єлтїрєт. Улаккананын терезеси тїштїк жагынан коюлуп, бийиктиги полдон 1,5-1, м болот. Бул бир чети кїндїн нуру ар дайым тийип турушун камсыз кылат, экинчиден жылуулук кєбїрєєк топтолот. Жаткан жериндеги абанын температурасы кышында чоў эчкилер їчїн 6-7 градус, эгер улактары менен болсо 8-10 градус жылуу болуш керек.

Белгилей кетчї нерсе, текелерди эчкилер менен чогуу кармоого болбойт. Текенин мїнєздїї жыты эчкилерге уруп калат дагы, бара-бара эчкиден сїтїнє єтєт. Эгер таптакыр єзїнчє кармай турган бєлмє болбосо ортосун тыкыз кылып тосуп, эшигин башка жактан ачат. Аба-ырайы жакшы болгон кїндєрї малды колдон келишинче короодо кєпкє кармабай сыртка алып чыгып сейилдетип турган жакшы.

Эчки менен чогуу тоокторду да кармоого болбойт, себеби, алар тоюттарды булгап эчкилерге тїрдїї мителерди (биттерди) жугузат.

Улакканада кесек тоют, жем, силос жана тамыры тоют єсїмдїктєр їчїн аштоолорду жасайт. Ар бир тоюттандыруунун алдында калып калган тоютту, айрыкча силосту аштоодон тазалайт, себеби калган тоют бат бузулуп чирип, эчкинин ашказанын оорутушу мїмкїн.

Кышта аба-ырайынын жакшы кїндєрї эчкилерди короонун алдына сейилдеткени алып чыгып ошол жерде тоют берет. Таза абага чыкканда эчкилердин ден-соолугу чыўалып табити жакшырат. Короонун ичинде аба-ырайынын суук кїндєрї гана тоют берет.

Эчкилердин санына жараша короонун ичине эни 50-60 см болгон тактайдан, бийиктигин 40-50 см кылып, жатканга ылайык такталарды жасайт. Эгер мындай такта болсо, эчкилер сєзсїз ошол жакта жатат. Себеби, жакшы эс алып уктайт жана жїндєрї булганбайт. Жїнї кыска эчкилерди кїнїнє эртеў менен сааштын алдында катуу щетка менен тазалайт. Мында териси ар кандай булганычтан тазаланып, теринин дем алуусу кїчєп, кан айлануусу жакшырат. Булардын баарысы сїттїїлїгїнє жакшы таасир этет.

Жазында жїнїн алгандан 10-15 кїндєн кийин кїн ачык учурда жылуу суу менен самындап жууса болот. Жуугандан кийин кургата аарчып, 2-3 саат короодо кармайт.

Эчкилерди жайытта багуу. Эчкилер негизи жайыт малы. Ошондуктан, аларды жаз башталаары менен кеч кїзгє чейин жайытта багуу керек. Жайыт эчкинин ден соолугун чындайт, азыктуулугун жогорулатат, продукциясын жакшыртат жана аны дайыма кєзємєлдєп карай турган чыгымдарды азайтат. Ал эми айыл ичинде бакканда, эчки дарактарды кажыбас їчїн кєкїрєгїнє атайын эни калыў кур тагуу сунуш кылынат. Мындай болгондо, эчки эки арткы буттары менен тура албайт дагы, дарактарды кажыбайт.

Сїт багытындагы эчкилер жайыттын бардык тїрїн, саздак жерлерден башкасын жакшы колдонот. Саздак жайытта кєбїнчє курттар кєп кездешет, экинчиден эчкинин желини чоў болгондуктан, суук єтїп мастит, жана башка ооруларын пайда кылат. Ошондуктан сунуш кылынбайт.

Ордунда багуудан жайытта багууга акырындык менен 7-10 кїн аралыгында єтїї керек. Жазгы чыктуу єсїмдїктєргє чукул єтїї - ашказандын бузулушуна алып келет. Ошондуктан, эчкини биринчи кїнї жайытка жарым же бир саат, экинчи кїнї бир-эки саат чыгарып, акырындык менен кєндїрїп толук жайытка єтєт.

Жакшы чєптїї жайытта эчки бир кїндє 7-9 кг чєп жейт. Бул єлчємдєгї чєптїн аш болумдуулугу эчкилердин аш болумдуу заттарга болгон талабын канааттандырып, 2,5 литрге чейин сїт алууну камсыз кылат. Эгер эчкилер кєп сїт бере турган болсо, аларга салмагына, сїттїїлїгїнє жараша эртеў менен, кечинде кошумча тоют берилет.

Эчкилерди агып жаткан суудан сугарган жакшы, себеби кєпкє туруп калган сууларда ар кандай курттар кєп кездешип, эчкини мите курттар менен жабыркатып коюшу мїмкїн. Жайында саан эчкилерди эки жолу: эртеў менен кїн ысыганга чейин, кечинде кїндїн табы кайта баштаганда саайт.

Жайытта бакканда эчкиге кїнїнє 8-10 грамм аш туздан берет. Мїмкїн болсо, майда эмес, малдын жалап жукташына ыўгайлуу болгон кесек туздан берген жакшы.

Кыргыздын сїттїї эчкилеринин автору, профессор Абдуганы Абдурасулов

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...