Акыркы макалалар

Адам єнєрлїї болсо, таштан суу, такырдан гїл чыгарат

Адам єнєрлїї болсо, таштан суу, такырдан гїл чыгарат

Кийиз – колдонмо кол єнєрчїлїктєн жаралган жашоо тиричиликтин жабдыгы катары иштелип чыккан алгачкы кездеме їлгїсї. Курамы жагынан жеўил, жылуу, бїктєєгє ийкемдїї, кескенге, тиккенге, уютуп жасоо ыкмасына ылайыктуу, ички тїзїлїш торчосу абаны толук єткєрїп туруучу таза, ысыкта салкын, суукта жылууну сактаган, толук жїндїн єзїнєн жасалуучу материал болуп эсептелет. Ал кєчмєн элдин тапкычтыгынан, ойчулдугунан, жашоо шартына ылайыкташуу, ыкташуу тобокелдигиндеги талантынан жаралган. Ошондуктан, кийиз – кєчмєн кыргыз элинин боз їйїнєн тарта анын тиричилик жабдыктарына чейин камтып турат. Ал эми кийизге, ташка, идиш-аяктарга, буюм-тайымдарга сайылган саймалар болсо, кыргыз элинин кєчмєн "Жибек Жолу" аталган ата бабадан калган басма тарых чиймелери катары эсептелет. Гезитибиздин ушул санында кийиз менен сайманы айкаштыра алган, бакыйган эки єнєрдїн ээси аталган Шейшеева Фариза эженин кєркєм єнєрїнє кєўїл салдык.

Талант эч качан жерде калбайт, деген чын окшобойбу. Чоў энесинин иштїїлїгї небересине єтїп, ааламды жарган кол єнєрчїлїк Фариза эже їчїн дагы чоў дїйнєнїн жаўылыгы болду. Ал кесиби боюнча – сїрєтчї. Азыркы Чуйков кєркєм окуу жайын 1986-жылы бїтїргєн. Дайым изденїї менен жїрєт. Єнєрлїї адам їчїн окуу єзїнчє келип, изденїї менен єнєрдї єўєрє кетїї єзїнчє болот экен. Фариза эже їчїн дал ушундай баамдар кєп айтылып келет. Анткени, ал кийизди жасоо жагынан дагы, ага чыраштап тарых беттеринен саймалаган, сїрєткердик жагынан да ат салдырбаган єнєрлїї адамдардан. Ал азыр панно коллекциясы багытында эмгектенип, бардык саймалары їчїн кийизди таза меринос койдун жїнїнєн жасайт. Боёкторду болсо, табигый жол менен дагы, атайын боёктор менен дагы даярдап алып боёп, єзїнїн каалаган єўдєгї кийиздерин даярдап алат. Табигый боёктор бозомук болуп, чылкый єў бербегендиктен, ачык, таза єўдєрдї алуу максатында даяр боёкторду колдонот. Бул да болсо ал кийизден жасала турган буюмга, саймалардын тїшїрїлїшїнє жараша тандалат. Кийиздин єзї бышырылбай жасалбайт. Чоў килемчелерден баштап, курчактарга чейин бардыгы бышкан кийизден жасалат. Кээде килемчеге талаа тилкелерин же талды-суулардай баскан кыйма жолдордун кєчєтїн берїїдє гана башка жїндєрдї айкаштырып, анын їстїнкї беттерине бастырып чыгат. Бул болсо сайманын сырын толуктап, оригиналдуулукту берип турат. Ошондой эле, Фариза эже сайма тїшїрїїгє ылайыктуу кийиздин жакшы сапатын чыгаруу їчїн анын жукалыгы, тегиздиги, бїктєєгє, илїїгє ийкемдїїлїгї жана берилген башка тїстї кармап кала турган тыгыздыгы маанилїї экендигин айтат. Себеби, кийиз сапаты жагынан жакшы болбой, ага кошкон тїс ачылбай калса, саймадагы берейин деген сїртїмдєр дагы ачылбай, кыз сырындай жабык бойдон бозоруп кала берет.

Бир тїшкєн

саймаларым экинчи ирет

кайталанбайт...

Саймачылыктын санжыргалуу салты, абалы, боз їйдїн ички-сырткы кооздолгон жасалгаларынан кєп сакталып калган. Маселен, боз їйдїн “эшик тышы” тордолуп, же болбосо, чырашталып кооздолгон буюм-тайымдар менен жабдылган. Алар туш кийиз, кеп такыя, элечек, белдемчи, аяк кап, кїзгї кап, самын кап, жаздыктар, сандык жапкычтар болуп, бардыгы улуттук оймо-чиймелер менен саймаланып, сайманын чыраш, секиртме, жєрмє, басма, кєптїрмє, илме дос, карга тырмак деген аталыштагы тїрлєрї колдонулган..

Ууз эженин саймасы – эски, илгертеден келе жаткан басма сайма. Ал кийиз бетине тїшїрїлгєн сайма сїрєттєрїнє ички ой толгоолорду жараштырып, тоо бетиндеги таштардагы саймаларды, бугу-эликтердин, кїн бала деген дїйнє жїзїнє таанылган саймаларды, улуу жибек жолун, кыргыздын кєчмєн жашоо-турмушундагы сїрєттємєлєрдї кєчїрїп тїшїрїї жагын пайдаланат. Саймаларды кєчєттєп тїшїрїїдє, тарыхтагы тїркїн ойлорду, окуялардагы майда кєз ирмемдерди берїїгє аракет жасайт. Анын кийиз бетине сайган ар бир килемчедеги саймалары бир гана сїртїмдєргє байланып, эч убакта кайталанбайт. Суранган адамдар їчїн кайра жасап, окшоштуруп берїї дегиле мїмкїн эмес, дейт бир тууган эжеси. Анткени, Чолпон эженин айтуусунда, ар бир єнєрдїн єзї “касиет” болуп, сенин берейин дегениўди, болгон ой-толгооўду чыгарып, тартуулап турат окшобойбу. Ошондуктан, эженин кийиз килемчелериндеги саймалары єзїнїн мезгилинде, єзїнїн убактысында жаралып, бїгїнкїсї эртеўкиге, биринчиси экинчисине окшошпой, айырмаланып турат.

Ийгиликтер дагы алдыда

Изденїї менен жїргєн адамды, дайым ийгилик коштойт эмеспи. Фариза эже єзїнїн єнєрї менен Борбордук Азиялык кол єнєрчїлїктї колдоо Бирикмесинин Кыргызстандагы — «КАКСАРК-кейджи» ресурстук борборуна мїчє. Бул борбор 2009-жылдан бери Кристенсен фонддун колдоосу менен «Табигат менен їндєш кооздук: кыргыз улуттук буюмдарынын жасалыш ыкмалары жана оймо» деген долбоордун їстїндє кызуу эмгектенип келе жатат. Мына ушул борбордук уюмдун єткєргєн бардык кєргєзмєлєрїнє катышып келет. Андан тышкары, КРнын Маданият министрлигинин колдоосу астында Индияга, Тїркияга барып єнєр сынашкан кїндєрї болгон. Ошондой эле, ал - ЮНЕСКОнун “Сапаттык белгисин” їч жолку утуп алган кол єнєрчїлєрдїн бири. 2006- жылы КРнын Маданият министрлигинин “Алтын диплом” менен акчалай сыйлыгына татып, бир эмгеги Шанхайдагы жасалгаланган Кыргыз їйдїн ичинде илинип турат. Мына быйыл дагы жаўы эмгектери менен экинчи орунга чыгып отурат. Буга чейин Германия, Шотландия, Англия єўдїї мамлекеттерге барып, элдик кол єнєрчїлїктїн єзгєчєлїгїн салыштырып, алардын айырмачылыгын тереўден таанып, єз эмгектери менен да таанылып келди. Алардын кєргєзмєлєрїнє кыргыз курчактары менен тєєнїн, койдун, кийизден бышырылып жасалган майда сєлєкєт буюмдарынан тарта - чоў паннолорго чейинки эмгектери атайын каталогго єз аталыштарында киргизилип, даярдалган эле. Бул жерде кийизден жасалып, саймаланган курчактардын ар биринин илгерки аттардын сакталышынан алынган Нурак, Айтурган, Беш кєкїл сыяктуу аттары бар. Бул дагы кыргыз атын єчїрбєй, кыргыз жїзїн саймалап, анан барып кыргыздын колорити болгон кийизден куюп бышырып турушу - єнєр адамынын элинин тарыхына, маданиятына болгон сый-урматы, анын накылдыгы, деп тааный кетсек жаўылыштык болбос.

Фариза эже жакында Кара-Балтадан єзїнє чакан ишкана ачып алды. Эми келечекте сїрєт галереясы менен кєркєм кол єнєрчїлїгїнїн эл аралык дїкєнїн ачсам,- деген тилеги бар. Кыргыздын кєркєм кол єнєрчїлїгїн арттыруу менен аны дїйнє жїзїнє таанытууга такшалган алдыга бир топ ой-максаттарын коюп келет. ..Эмне дейбиз, ийгилик сизге Фариза эже! Бар болуўуз!

Фарида Бектурганова

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...