Акыркы макалалар

Айылдан чыккан генерал

Айылдан чыккан генерал

Кайсыл жерде, кимге болбосун ата-теги, үрп-адаты, каада-салты, маданияты, чыгаан инсандары тууралуу сөздөп берүүсүн суранганыбызда сөзсүз түрдө жогоруда айтылгандар тууралуу ким болбосун сыймыктануу менен жооп беришери турган кеп. Байлыгы, кооз табияты, жагымдуу абасы менен айрым « жер соорусу»- деп даңкталса, эр- азаматтын даңкы улуу-кичүүгө мамилеси, эли –жерине арналган чексиз сүйүүсү жана өтөгөн эмгеги менен бааланат эмеспи.

Ал эми жогоруда айтылгандай суроо биздин өзгөндүктөргө берилген болсо, бизде да айтаарга арзырлык, кимдин болбосун көз жоосун өзүнө тарткан жерибиз, элим дегенде өз кызыкчылыгын экинчи баскычка койгон эр-азаматтарыбыз менен сыймыктана алабыз .

Андайлардын катарында, эли кең пейил, мейман дос, кызыр жылоологон жерди мекендешкен Өзгөн районунун Куршап айылында 1966-жылы чабандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келеген генерал- майор Жапаров Аскарбек Маматовичтин ысымын атоого болот. Генералдын балалык чагы чабандын үй-бүлөсүндө өскөндүгүнө байланыштуу эс тарткандан ата-энесинин оорун колдон ала мээнеткеч, ары көп көрүнүштөргө баамчыл болуп өскөнү айылдаштарынын айтымдарында, атасынын купулуна толчу дешет. Атасы Мамат акенин эмгек жолундагы жетишкендиктеринде Лениндин 100 жылдык юбилейлик медалы, 1968-жылы КРнын Жогорку Советинин Президимунун Ардак громатасы, 1973-жылы «Эмгектеги каармандыгы үчүн», 1968-жылы СССР ВДНХнын күмүш, коло медалдары менен сыйланган, райондун элине таанымал ак эмгектен баар тапкан белгилүү инсандардын бири . Учурда КРнын Өкмөтүнүн алдында өзгөчө эмгек сиңиргендиги үчүн өзгөчөлөнгөн пенсиянын ээси.

Ал эми он баланын бири, каарманыбыз Аскарбек Жапаров 1973- 1983-жылдар аралыгында Ы. Бектемиров атындагы орто мектептен окуп, жүрүм-туруму, окуудагы жетишкендиктери өзгөчөлөнө ийгиликтүү аяктаган.

Жогоруда айтылгандай жаштайынан баамчыл, келечегине кайдыгер карабаган, баардык жагдайды айттырбай билген, тээ өткөн чагында аскердик кийимчендерге суктана карай, «мен да келечекте аскер адамы болом»- деген балалык кыялын ишке ашырууну көздөп, мектепти аяктаганы Россия мамлекетиндеги Ордженикидзе атындагы аскер окуу жайына кирип, аны 1987-жылы бүтүргөн. 1994-97-жылдарда полководец М.В. Фрунзе наамындагы аскер Академиясын, 2005-2006-жылдарда аскер Академиясынын генералдык штабын бүтүргөн.

Эмгек жолунда 1987-2002-жылга чейин бөлүктүн командиринен баштап , КРнын Коргоо министринин орун басары, генерал -лейтенант К./сенбековдун ысымын алып жүргөн жогорку аскердик окуу жайдын начальниги, чегара кызматынын төрагасы болуп эмгектенген.

Жыйынтыктап айтканда, аскердик турмуштун ачуу-таттуусуна чыдап, күн кечирген генерал-лейтенант Аскарбек Жапаров Кыргыз элинин тынчтыгына тымызын чок таштаган Баткен коогалаңындагы террорчулардын мизин кайтарып, согуштагы эрдиги бааланып, II даражадагы «Эрдик», «Күжүрмөн» медалдары менен сыйланганы, анын элим, жерим үчүн деген аскердик антына болгон жообу деп айтсак болот.

Турсунбай Адышов.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...