Акыркы макалалар

Алтынбек Максутов, Маданият, маалымат жана туризм министри: «Маданияттын деңгээли көтөрүлсө, ошол мен үчүн чоң ийгилик»

--Алтынбек мырза, министр болуп келгениңизге да жарым жылга чукулдап калыптыр, ушул убакыт аралыгында эмне жумуш жасай алдыңыз? Ошондой эле өзүңүздүн иш планыңызды сунуштаган элеңиз, алар канчалык деңгээлде ишке ашып жатат?

--Албетте, ушуга чейин көзгө көрүнгөн да, көрүнбөгөн да көп жумуштар аткарылды. Өзүм министр болгонго чейин «Маданият министри эмне жумуш кылат? Кылган жумушунун дайыны жок, жөн эле отурушат» деп жиним келе берчү. «Оорунун кадырын соо билбейт» демекчи, бул тармакта 24 саат бою иштесең да бүтпөй турган көйгөйлөр бар экенин башыма түшкөндөн кийин билдим. Башка элдердин маданиятына караганда биздин маданиятыбыздын бай экенин, аткарыла турган жумуштардын көптүгүн көрүп сүйүнөсүң. Бирок, аткара келгенде көйгөйлөр пайда болуп, «кантип жасайм» деген ой келбей койбойт. Кызматка дайындалып жатканда өзүм айткандай эле, 2020-жылга чейинки маданиятты өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыктык. Бир сыйра талкууга алып, вице-премьер Дамира Абазкановнанын катышуусу менен толуктоолор киргизилди. Буюрса, жакында өкмөткө сунуштайлы деп турабыз.

--Ал иш планыңызга эмнелер камтылды? Өзүңүз театр адамы эмессизби, театрларды өнүктүрүү унутта калбаган чыгар?

-- Быйылкы жылдын негизги пландарынын бири бул - көптөгөн жылдардан бери гастролго чыкпай калган театр дүйнөсүн элге тааныштырып, элибиздин руханий дүйнөсүн байытуу. Театрлардын деңгээлин көтөрүп, жарнамалап элге жайылтуу үчүн спектаклдерди коюу пландалган. Кыргызстанда 21 профессионалдык театр бар болсо, алардын баары республикабыздын ар тарабында облус, район, айылдарга чейин спекталдерин көрсөтүшөт. Сөз түрүндө айтканга оңой болгону менен иш жүзүндө бир топ кыйын нерсе. Себеби, театрларыбыздын машиналары жок, атайын каражат бөлүнгөн эмес. Бул маселени биз кыйналсак да чечип, гастролдорго чыгарабыз. Ар бир театр өздөрүнө караштуу аймактарга чыкпастан орун алмашуу менен чыгышат. Буюрса, алгачкы гастролдор башталды.

--Театрларыбыз ошого даярбы? Айтайын дегеним, бир муун театр эмне экенин түшүнбөй өсүп калды, ошолорго түшүнүктүү боло тургандай, элдин деңгээлине жараша спектаклдер даярдалышы керек да?

--Туура айтасыз, театрлар 20 жылдап гастролго чыкпай калды. Биз руханий дүйнөбүздү байытыш үчүн мектептен эмес, бала бакчадан баштап тарбиялашыбыз керек. Бул боюнча атайын меморандум да түзүлгөнү жатат. Албетте, тарбиялык кеңеш түзүлгөн. Алар кандай спектаклдер коюларын карап көрүп анан уруксат беришет. Андан сырткары, 27-март театр күнүнө карата бардык театрлардын директорлорун чогултуп кеңешме өткөрдүк. Анда биз ошол гастролдордон пайда табабызбы же зыян тартабызбы? Кайсы театрда кандай көйгөйлөр бар, мунун баарын ортого салып талкууладык. Андан сырткары, билим берүү министрлиги жана айыл өкмөттөрү менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Жылына ар бир театр 5тен спектакль койсо, жылына 105 жаңы спектакль коюлат. Биз ошолорго эч кандай каражат бөлгөн жокпуз, өздөрү эптеп таап коюп жатышат.Ошол эле мезгилде маданият тармагына сын тагып эле отура бербей массалык маалымат каражаттары да бизге жардамдашса жакшы болмок. Биз өлкөбүзгө жакшы заманды алып келүү үчүн биримдикте болушубуз абзел.

--Сиз келгенде маданияттын абалы кандай эле, азыр кандай? Деги эле маданиятыбызды көтөрүүгө кандай тоскоолдуктар бар экен?

--Маданияттын абалы оор болчу, азыр деле оор бойдон. Биринчиден, айлык маянанын аздыгынан профессионал адистер жетишпейт, бош кызмат орундары көп. Экинчиден, көпчүлүгү бул тармакты тепкич катары гана колдонуп башка жумуштарга которулуп кетишет. Ал эми маданияттын өнүгүүсүнө, көтөрүлүүсүнө тоскоол болгон нерсе бул - каралоо. «Маданият болбой калды, министрди алыш керек, коюш керек. Министрликти жоюш керек» деген сыяктуу маалыматтардын чыгышы да талкалап салат. Жаман десең иштеп жаткан адам деле иштегиси келбей калат. Андан сырткары, кендирди кескен каражат маселеси да тоскоолдук жаратып коёт. Анткени, жакшы бир нерсе жаратуу үчүн каражат керек. Мисалы, билим берүү тармагын карасак, жүздөгөн мектептер курулду. А маданият тармагында эч нерсе курулган жок, тескерисинче кулап талкаланып баратат. Бул маданиятка көңүл бөлүнбөгөндүн белгиси. Каражат бөлүп өнүктүрүүгө салбасак талкаланып кете берет. Анан акча табуу үчүн театрларыбызды тамак ичкенге ижарага бере баштайбыз.

--Быйыл дагы «Мейкин Азия» фестивалын өткөрүүгө даярданып жаткан экенсиздер, мунун канчалык зарылчылыгы бар?

--Эстрада жана фольклорду өстүрүү үчүн «Мейкин Азия» фестивалынын салымы чоң болот. Бул фестиваль быйыл 3-жолу өткөнү турат. Каражат жагын ала турган болсок 10 млн. керектеле турган фестивалга 3 млн. гана бөлүнгөн. Калган каражатты өзүбүз чуркап демөөрчүлөрдү таап, жогорку деңгээлде өткөрүүгө аракет кылып жатабыз. Ошондой эле башка мамлекеттерде маданий күндөрдү өткөрүү үчүн да бир топ иштер жасалууда. Музыка дүйнөсүндө да жаңылануулар болуп жатат. Мисалы, жоголуп бараткан партитураларды калыбына келтирүү, эпосторубуздун эл аралык фестивалын өткөрүү пландарыбыз бар.

--Жогоруда өзүңүз айткандай, маданият тармагына айтылып жаткан каралоолорду кантип жойсок болот? Ал үчүн эмне кылуу керек? Балким, маданиятыбыз оңолгондо андай көз караштар өзүнөн-өзү жок болот чыгар?

--Биз элдин мээсине сиңип калган терс пикирлерди алып салууга аракет кылышыбыз абзел. Мен эч качан негативдүү нерселерди айткым келбейт. Жаманын жашырып, жакшысын ашырып айтканды каалайм. Мисалы, «менин баламдын шымы жыртык» десең анын шымынын жыртыгы кимге кереги бар? Шымы жыртык болсо да «менин балам акылдуу, күчтүү» деп мактап турсаң, шымынын жыртыгын деле унутуп, жакшы жакка аракет кылат. Анын сыңарындай, артисттер деле жакшы пикирлер айтылып турса, театрынын жаман экенин унутуп калып иштей берет. Андан сырткары, «маданият министрлиги сөөк коюучу, маараке өткөрүүчү бюрого айланып калды» деген пикирлер айтылып жүрөт. Мисалы, жакында Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгын өткөрдүк. Бул жерде саясат жатат. Биз кийинки муунга маалымат берүү үчүн Алыкул атабыз жөнүндө жарыя кылышыбыз зарыл. Анын ким болгонун, чыгармаларын, китептерин кийинки муун билиши керек. Ал эми акыркы сапарга узатууну театрдан өткөрүү акыркы кездери азайып баратат. Биз ошону ким кайсыл жакта иштеген болсо, ошол жактан узатылсын деп айтып жатабыз.

--Туризм багытында кандай иштер жасалып жатат?

--Туризм багытында бизде 11 эле киши эмгектенет. Туризм дегенибиз менен бизге эч нерсе карабайт, баары жеке менчик. Он бир киши туризмди кантип өнүктүрүү керек, ошонун программасын гана иштеп чыгат. Пансионаттарга же эс алуучу жайларга барып программаларды сунуштайт. Өнүккөн өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен жолугуштуруп туризмди кантип өнүктүрүү керек, туристтерди кантип тосуп алуу керек сыяктуу окутууларды жүргүзөт. Сезондордун ачылыштарын уюштурат, качан, кантип, кайсы пансионат менен ачылат, кайсы ММКдан маалымат таратылат, ушулардын баары уюштурулат.

--Аймактагы маданият үйлөрүнүн абалы мышык ыйларлык деңгээлге келип калган. Аймактарга көңүл буруп жатасыздарбы?

--Аймактардагы маданият үйлөрүн карай турган болсок, ал жерде кесибине туура келбеген эле кишилер иштеп жүрөт. Алар маданиятка кандай салым кошушу мүмкүн? Ошондуктан, биринчи кезекте профессионал адистерди алуу үчүн атайын буйрук чыгарып тазалап жатабыз. Керектүү гана адистерди алып, айлык маяналарын коюп беребиз. Андан сырткары, пилоттук программалар менен иштеп баштадык. Мисалы, кайсы бир аймактагы маданият үйүнө өзгөртүүлөрдү киргизип, сыноодон өткөндөн кийин башка аймактарга колдонобуз.

--Өзүңүз чыгармачыл киши эмессизби, кызматка келгенден бери убактыңыз аябай тар болуп жатса керек? Жеке чыгармачылыгыңызда кандай өзгөрүүлөр бар?

--Жеке чыгармачылыгым азырынча токтоп турат. Бирок, көптөгөн жакшы ой-максаттарым бар. Маданияттын жумушун жүргүзгөндөн чоң чыгармачылык жок болсо керек деп ойлойм. Чыгармачылык бул - менин ички байлыгым, аны эч ким тартып ала албайт. Мен өмүрүмдө тышкы байлык чогулткан эмесмин. Өмүр бою чыгармачылык менен алектенип келгенмин. Азырынча мага коюлган милдеттерди аткарсам, убагы келгенде улантам. Ага чейин чыгармачыл кишилердин ички дүйнөсүн түшүнүп, аларга жардам берсем, алардын деңгээли көтөрүлсө, маданиятыбыз өссө, ошол мен үчүн чоң чыгармачылык.

Парахат Шукурова

Түп нускага шилтеме : de-facto.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...