Акыркы макалалар

АЛТЫНДАН КЫМБАТ ТОПУРАК

Топурак - бул жаратылыш жараткан, тоо тектердин талкалануусунан, микроорганизмдердин жана єсїмдїктєрдїн иш-аракетинен пайда болгон, асылдуулукка ээ, тєрт фазалуу (катуу, суюк, газ жана тирїї организмдер) структурадан турган, жердин їстїўкї катмары. Топурактын айыл чарбасындагы негизги маанисинин бири - топурактын асылдуулугу. Топурактын асылдуулугу башка эч бир затта кезикпейт.

Топурак кыртышы - элдин жашоосунда эў маанилїї ресурс болгондуктан, биз кїнїмдїк гана пайдабызды ойлонбостон, топуракка кылдат мамиле жасап, анын сапатын начарлатпай, келечекти да ойлонуп, їнємдїї колдонушубуз керек.

Топурактын сапаты - дыйканчылык жїргїзїї деўгээлине жараша болот. Адамдар єстїргєн єсїмдїктєрдїн тїшїмї менен топурак кыртышынан кєптєгєн органикалык жана минералдык заттарды алып, топурактын кыртышын арыктатат жана топурактын асылдуулугун начарлатат.

Топурактын асылдуулугу- топурактын єсїмдїктї сиўимдїї азык зат, суу, аба, жылуулук, єсїмдїктєрдїн тамырларынын борпоў топуракка муктаждыгын жана анын єсїїсїнє керектїї бардык азык элементтери менен камсыздаган топурактын жєндємдїїлїгїн айтабыз.

Республиканын территориясындагы жаратылыш шарттары топурактардын кєп тїрдїї болуп калыптанышына шарт тїзїп, анын ичине, табигый кїрдїїлїгї жогору болгон боз, коўур, кара, кара-кїрєў, субальпы жана альпы кара тїстїї уникалдуу топурактарын таралышын шарттаган.

Айыл чарбанын єнїгїшїндє, азык коопсуздугун камсыздоодо, жагымдуу жаратылыш чєйрєсїн тїзїїдєгї негизги кєйгєйлєрдїн бири – айыл чарба жерлеринин асылдуулугун сактоо жана жогорулатуу болуп эсептелет.

Азыркы учурда айыл чарба багытындагы жерлердин топурактары интенсивдїї деградация процесстерине чалдыгып жана топурактардын баалуу касиеттеринин тємєндєшї байкалууда.

Жерлерди сарамжалдуу эмес пайдалануу акыркы эки он жылдыкта топурак-экологиялык шарттардын бузулушуна жана республикада деградацияга учураган жерлердин кєбєйїшїнє алып келди. Ошол эле учурда суу, шамал, сугат эрозиясы интенсивдїї єєрчїп, туздуу жана шор баскан топурактар кєбєйїп, жер алдындагы кара суулардын деўгээли кєтєрїлїїдє.

Топурак кыртышынын бузулушу, топурак кїрдїїлїгїнїн негизги кєрсєткїчї болгон - гумустун кескин азайышы жїрїп жатат.

Айрым бир маалыматтар боюнча, Чуй облусунда тараган боз топурактарда гумустун камтылышы 1-2,5 % тємєндєгєндїгї кєрсєтїлїп келет. Эгер гумустун мындай жоготуусу келечекте улана берсе, анда дагы 40 жылдан кийин бул топурактардын асылдуу жогорку катмарын толук жоготобуз.

Сугат жерлердин 80% ашыгы жана жайыттардын 50% кєбї ар кандай деградация деўгээлинде турат.

Кыргыз Республикасынын жер балансы боюнча 2014-жылга карата республиканын жалпы жер аянты 19,995 млн. га тїзєт.

10561,2 миў гектар айыл чарба жерлеринин ичинен туз баскан топурактардын аянты 1332,8 миў га. Шор басуу процессине 650,6 миў га чалдыкса, суу эрозиясына 5699,8 миў га, ал эми шамал эрозиясына 5789,3 миў гектар жер аянты чалдыккан. Таш баскан топурактар 4272,0 миў гектарды ээлейт.

2014-жылга карата Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министрлигине караштуу Суу чарба жана мелиорация департаментинин маалыматы боюнча 1,0 млн. га сугат жерлеринин 0,8 млн. га аянты жакшы, 61,8 миў га канааттандырарлык, 96,7 миў га канааттандыраарлык эмес абалда.

Азыркы учурда айыл чарбасы топурактарынын кїрдїїлїгїн сактоо, жогорулатуу боюнча жана эффективдїї иштешине байланыштуу кєптєгєн кыйынчылыктарды тартып келїїдє. Айыл чарба багытындагы жер участкаларынын менчик ээлеринин кєпчїлїгї топурактын кїрдїїлїгїн сактоо жана жогорулатуу боюнча тиешелїї финансылык, техникалык жана башка ресурстарга, ошондой эле, билимге, ыкмаларга, тажрыйбага ээ эмес.

Топурактын булганышынын

негизги себептери тємєндєгїдєй:

1. Уу химикаттар - пестициддер (гербициддер - єсїмдїктєрдї жоготуу їчїн колдонулуучу химиялык заттар; инсектициддер - зыянкеч курт-кумурскаларды жок кылуучу химиялык каражаттар; фунгициддер - єсїмдїктєрдїн ооруларына каршы жана уруктарды мите козу карындардан коргоочу химиялык заттар).

Кыргызстанда пестициддер єндїрїлбєйт, негизинен Орусия, Кытай, Єзбекстан, Франция, Германия, Индия жана башка єлкєлєрдєн алынып келинет. Биздин єлкєдє «Кыргызагробиоцентр» эксперименталдык биофабрикасында биологиялык пестициддер гана єндїрїлєт.

2. Агрохимикаттар - минералдык жер семирткичтер (айыл чарбасын интенсивдїї пайдаланууда жана топурактын асылдуулугун жогорулатууда минералдык жер семирткичтерсиз элестетїї мїмкїн эмес. Бирок, кєбїнчє минералдык жер семиркичтерди єлчємїн так аныктабай, топурактын єзгєчєлїгїн эске албай берилїїчї єлчємїнєн ашыкча берїїдє топурактын булганышы жїрєт).

3. Булгануучу уу заттарды камтыган атмосфералык жаан-чачын жана газ-тїтїндїї кошулмалар (топурактын нормалдуу иштешине єндїрїш ишканаларынан чыккан газ- тїтїндїї кошулмалар чоў зыян келтиришет. Топурак адам баласынын ден-соолугу їчїн коркунучтуу оор металлдар сыяктуу заттарды чогултууга жєндємдїї. Кыргызстандын аймагындагы тоо-кен єнєр жайларынын ишканаларына жакын жайгашкан аймактардагы топурактардагы зыяндуу заттардын концентрациясын аныктоо жокко эсе.

4. Єндїрїш таштандылары жана башкалар. Топурактын интенсивдїї булганышына єндїрїштєрдєн чыккан таштандылар да таасирин тийгизет. Шаар жана калктуу конуштарга жакын жайгашкан аймактарды тиричилик жана кїл таштандылары топуракты булганууга алып келїїдє.

Жогоруда белгиленген факторлор топуракты гана булганууга алып келбестен, топурактын деградацияга дуушар болушуна да шарт тїзєт.

Топурактын деградациясы - топурактын сандык жана сапаттык касиеттеринин жана функцияларын єзгєртїп, тємєндєтїїчї, топурактын асылдуулугунун жоголушуна алып келїїчї процесстердин жыйындысы.

Анын тємєндєгїдєй

маанилїї тїрлєрї бар:

- технологиялык (топуракты узак убакытта иштетїїдєн келип чыгуучу топурак катмарынын бузулушу);

- топурак эрозиясы;

- топурактын тузданышы жана шор басышы;

- топурактын сазданышы;

- топурактын булганышы;

- чєлгє айлануу

Деградацияга дуушар болгон топурактарын акыркы этабында топурак катмары толук жок болот.

Топурактын пайда болушу узак убакытты талап кылган жана тынымсыз процесс. Топурактын пайда болушуна жїздєгєн жана миндеген жылдар талап кылынат, мисалы, 1 см боз топурактардын пайда болушу 100 дєн ашык жыл талап кылынса, адам баласы топуракты булгоо менен кыска жылдардын аралыгында жок кылышы мїмкїн.

Ал эми, адамдар бул кыртышты бир нече жылда эле жок кылып салышат. Окумуштуулардын божомолдоосу боюнча дуйнєдєгї топурак кыртышынын 35% чєлгє айланышы мїмкїн.

Жер семирткичтердин милдети болуп жогорку жана туруктуу тїшїм алууну камсыз кылуучу єсїмдїктїн азык режимин жєнгє салуу жана топурактын асылдуулугун кєтєрїї менен тїшїмдїн сапатын жакшыртуу эсептелет. Белгилїї болгондой, єсїмдїктїн курамына 60 ашык химиялык элементтер кирет. Алардын ичинен негизги єсїмдїк їчїн азот, фосфор, калий, кїкїрт, темир, кальций жана магний єтє маанилїї.

Жер семирткичтер бир гана тїшїмдїїлїктї жогорулатпастан, ошондой эле анын сапатын (кант, май, белок, биологиялык активдїї заттар, кїл элементтеринин кармалышын) да жакшыртат.

Айыл чарба єсїмдїктєрїнїн жер семиркичтерге болгон керектєєсї топурактагы азык заттардын єлчємїнє, алардын єсїмдїктєргє сиўиримдїїлїгї, ошондой эле климаттык шарттардан кєз каранды. Топурактан азык заттардын єсїмдїктїн тїшїмї менен алынып кетиши єсїмдїктїн тїрїнє, сортуна, тїшїмдїн деўгээлине, климаттык жана топурак шарттарга жараша болот.

Кыргызстандын 2013-жылга карата айыл чарба єсїмдїктєрїнє минералдык жер семирткичтерге болгон талабы 340,8 миў тонна (анын ичинен азоттук- 200 миў тонна, фосфордук- 129,1 миў тонна, калийдик- 11, 7 миў тонна). Жыл сайын республикага 90-95 миў тонна минералдык жер семиркичтер алынып келип, ал керектєєнїн 30% гана тїзєт.

Таза топурак- бул таза тїшїм, таза тїшїмдєн таза тамак аш алабыз, таза тамак аш ден-соолугу таза адамдар, ден соолугу таза адамдар – бул таза улут.

“АгроЛид” Коомдук бирикмеси

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...