Акыркы макалалар

Аты жаман рак дартын жеўе бил!

Наристенин дартка чалдыгышына эненин саламаттыгы таасир этет

Тїн уйкумду бєлїп, миў толгонуп чоўойткон кичїї кызымдын кыздуу болгонуна жетине албай жїргєн элек. Атына заты жарашкан таттуу, татынакай наристе 1 жаш їч айга толгондо, анын бєйрєгїндє шишик барлыгы аныкталды. Андан бери арадан жылдар агылып єткєнї менен караан тїн тїшїрїп, мончок кызды ач ажалдын чеўгелине салып берген кїн бїгїнкїдєй кєз алдымда. Тыпылдап чуркап жїргєн наристем, операция бєлмєсїнє алып кирерде бир нерсени тїшїнгєн жандай:- «Мен коком го, коком го»,- деп таттуу тили менен жїрєктї эзе шыбыраганы алиге кулагымда жаўырат. Наристем рактын азабынан, жандандыруу бєлїмдєн жаны менен коштошуп учуп кетти.

Айдай болгон алтын неберемди, доктурдан доктурга кєтєрє чуркап жїргєнїбїздє Бишкектеги, Онкологиялык оорукананын балдар бєлїмїнє барганыбызда, ал жердеги врачтар, Талас облусунун Кєк-Сай айылынан келгенибизди угуп, аябай таў калганы эсимде. Анткени, биздин айыл тараптан биринчи жолу рак дартына чалдыккан наристе келгени экен. Ал жердеги врачтардын єз иштерине аябай жоопкерчиликтїї мамиле жасагандыгынан мындай оор дарттарга чалдыккан балдар кемде-кем. Кайсы жерде дарыгерлер кїчтїї болсо ошол аймактын элинин саламаттыгы чыў болорунан кабар берет деген эле. Наристелердин мындай дартка кабылышына энелеринин жетиштїї витаминдер менен камсыз болбогону, анемияга кабылганы башкы себеп болорун да ошондо укканмын.

Рак дарты єзгєчє аял затында кєп

кездешеби?..

Биздин ден-соолук рубрикабыздын алдында «Эргене» Коомдук фондусунун рак дарты боюнча даярдаган макалаларын їзбєй берип келген элек. Аталган коомдук фонддун демилгеси менен ракка каршы кїрєшїї кыймылы тїзїлгєн. Алар ар кандай иш-чараларды єткєрїп келет. Эргене коомдук фондунун аракети менен республикалык ооруканаларда дарыгерлердин кеселман адамдарга жасаган ыксыз мамилелеринен тартып, зарыл дары-дармектердин кандай берилип жатканына чейин маалым болгон учурлар кєп. Албетте кандай дартка кабылса да адам баласына оўойго турбасы белгилїї. Ошондой болсо да, єтє коркунучтуу, медиктердин кїчї жете бербейт, айыктыра албайт деген шишиктердин алдын алууда адам баласы, єзї ишенимдїї коргонуу менен алдын алууга болорлугу акыркы кїндєрї далилденїїдє. Биздин республикабызда эле бир топ айымдар бул жеўилбес дартты жеўип, кайратынан жазбай коомдук иштерге аралашып, рак дартына кабылгандардын маанайын кєтєрїп, жашоого болгон умтулуусун жандандырууда. Бул ооруу менен кїрєшїїдє эў башкысы спортко кєўїл буруп, денени чыўдоо зарыл.

Бул дартка чалдыккан адам жашоодон тїўїлє тїшїп, дал болуп олтуруп калары турган иш. Жыл сайын мына ушул аты жаман дарттан жабыркаган 560 жаран катталат. Жатын моюнчасынын рагына кабылгандардын 213 аял заты 15-жаштан 44 жашка чейинкилер. 2010-жылы рак дартына кабылган 531 аялдын 197си ошол жылы дартка жеўилип, ємїрї менен коштошкондор. Сїт бездеринин рагынан жабыркагандар дїйнє жїзїндє 1млн 700 миў адам болгон, бул жалпы рак дартына чалдыккандардын 11,9% тїзєт. Ал эми 2013- жылы Кыргызстанда рак дартына чалдыккан 5 миў 126 адам катталган, сїт бездеринин рагына кабылган орто жаштагылары, улгайгандары болуп 600 аял кайрылган.

Мындай оор жоготуулардын башкы себеби, аялдардын врачтарга єтє кеч кайрылгандыгынан улам келип чыгат. Бул оору чындыгында ар качан їстємдїк кылып адам баласын ажалга тїртєбї, же аны менен кїрєшсє жеўиш тирїїчїлїк тарапка келеби, деген мыйзам ченемдїї суроо адам баласын кыйнап келет. Врачтарга эрте кайрылып диагнозду туура коюп, дарылануу менен бул дарттын азабынан кутулуп, жеўиштїї кадам шилтегендер жок эмес.

Демек, дарттын алгачкы белгилерин байкаганда эле тынымсыз аракет жасагандардын ємїрї узарып, таттуу турмуш кечирїї мїмкїнчїлїгї бар. Жогоруда биз сєз козгогон чоў цифралардын келип чыгышы коомду тынчсыздандырды. Ошондон улам «Республикабыздын аймагында сїт бездеринин рагынын алдын алуу жана эрте диагноз коюу» программасынын алкагында «Эргене» коомдук фонду Саламаттык Сактоо министрлигинин уюмдары менен биргеликте бир катар иш чараларды єткєрїп келет. Сїт бездеринин рагы менен кїрєшїїдє аял заты ар качан єзїнїн денесине байкоо жїргїзїп сїт бездеринин эч єзгєрїїсї жоктугуна тереў ишенимде болушу керек. Кандайдыр бир єзгєрїї байкалса токтоосуз тїрдє єздїк дарыгерге же мед айымга кайрылышы зарыл. Ошентсе да, врачтарга кайрылуу менен атайын сїт безинин рагын текшерип туруучу цифралык маммографиядан єтїп туруу, оў натыйжа берїї менен сиздин ишенимиўизди бекемдей алат. Тилекке каршы, мындай заманбап їлгїдєгї маммограф Кыргызстанда болгону 2 гана жерде. Рак дартынын алдын алуу да физкультура менен машыгып, туура тамактанып, єзїнє кам кєрїї менен 40% жакшы натыйжага жетишїїгє болот.

Республикадагы маммографтар аялдарды бекер тейлеп, текшерїїдєн єткєрїшєт. Андыктан, ар бир аял заты бул текшерїїдєн єтїп, єз ден соолугуна кам кєргєнї абзел.

Оорулуу

жандардын

укугун коргойбуз

Ракка каршы Эл аралык Кеўештин (UICC) таасири менен, ар жылы 4-февраль Бїткїл Дїйнєлїк ракка каршы кїрєш кїнї катары белгиленип келет. «Буга биздин кїчїбїз жетет», деген девиз менен єткєрїлїїчї иш-чаралардын максаты элдин калыў катмарына рак дарты туурасында маалымат берїї менен элдин аў–сезимине бул дарттын алдын алып, кїрєшїп жеўїїгє болорлугун жеткирїї болду.

Бир канча жылдан бери тынымсыз аракет їстїндє жїргєн Эргене коомдук фонду, быйыл дагы ушул кїнї атайын тегерек столдо жолугушуу уюштурду. Тегерек столду уюштуруучулар Эргене коомдук фонду менен «Кыргызстандагы ракка каршы кыймылынын» єзгєчє кєўїл бурган жагдайы «Кыргызстандагы онкологиялык оорууга дуушаар болгондордун укуктары» мында онкологиялык дартка кабылгандардын дарылануусунда кездешип жаткан ар кандай актуалдуу кєйгєйлєрдїн чечилиш жолдору, дартты аныктоодо диагностикалык стандартка талап берїїсї, алардын укуктары туурасында кеўири кеп козголду.

Дарылардын жетишсиздиги, КРда катталган таблетка тїрїндєгї морфиндин ташып келинишине каражаттын жоктугу кєйгєй жаратып жаткандыгы башкы маселеге айланды. Эргене коомдук фондунун жетекчиси Таалайгїл Сабырбекованын билдирїїсїндє 4-март кїнї ушул жетишсиз дарыларды алуу їчїн атайын кайрымдуулук кечеси єткєрїлїп, каражат топтоого аракет кєрїлєрї белгилїї болду. Ушул тегерек столдо «Кыргызстандагы ракка каршы кыймыл» тарабынан аталган коомдук фонду «Ачык китепти» ишке киргизип жатат (байланыш телефону: (312) 214015). Мында аты жаман дартка кабылганда єз ой-пикирлерин, аларга жасалган мамилелер туурасында дарыгерлердин олдоксон, орунсуз мамилелери башкада кєйгєйлєрдї ачык жазып калтырууга шарт тїзїлєт. «Кыргызстандагы ракка каршы кыймылы, ракка каршы туруп ар кандай кєйгєйлєрдї чечїїгє кємєктєшїп, оорулуу жандардын укугун коргоп турууга жардам берет. Биз финансалык жардам бере албасак да, адамгерчилик менен гумандуу жардам бере алабыз»,-дешет.

Кейиштїї дарттан кесибин сїйгєн

дарыгер арачалайт

Тээ байыртадан эле, элибиз айыкпас дарттын атын тергеп, аны тїз айтса элге тез келип калчудай, сактана сїйлєшчї тура. Ошол адаты карманып мен дагы аты жаман дарт деп, атаган макаламды аяктап жатып, сєз башында айтылган алыскы айылдардагы врачтардын эмгегине тан бердим. Єткєндє, эхинококкоз дартына чалдыккандар турасында, ал дарттын кесепети жєнїндє макала жазып жатып, Кєк-Сай айылындагы дарыгер Рахатка кайрылсам: «Бизде ал ооруу менен ооруган бир гана бала катталды. Жана ал жеўилирээк болгондуктан, толук сакайып кетет деп турабыз»,- деген жооп алганмын. Учурда алыскы аймактарда жогорку билимдїї дарыгерлер жетишсиз болуп, элеттик тургундардын кыйналып калары байма-бай айтылып келет. Мына ушул жагдайды эске алганда Талас облусунун алыскы айылдарынан болгон Кєк-Сай айылынын дарыгерлери чынында эле алкоого татыктуу экен, деп калдым. Рахат Курманкулова менен Уулбїбї Стамкулованын ишине ийгиликтерди каалап, алган багытыўардан кайтпай, єз эмгек жамаатыўарда єзїўєргє окшогон жаштарды тарбиялап, адистиктерин арттырууга кємєктєш боло бергиле, демекчибиз.

Руслан Элгонов

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...