Акыркы макалалар

Жан-жаныбарлардын єнїгїї эволюциясы кайда кетти?..

“Климаттын єзгєрїїсї єтє кыйынчылык менен жетишилген тынч-тыкка, бакубатчылыкка, миллиарддаган адамдар їчїн жаралган мїмкїнчїлїктєргє коркунуч туудурууда. Биз бїгїн дїйнєнї бир багытка салышыбыз керек. Климаттын єзгєрїїсї - биздин доордун тагдыр чечїїчї маселеси. Глобалдык температуранын жылышын эки градустан єйдє чыгарбоо їчїн ар ким єзїнїн адилеттїї їлїшїн кошуусу абзел”

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун

Менимче, бизге жандуу жаратылыш їчїн жандануу бир топ мезгил кечигип калгандай. Анткени, бул климаттык єзгєрїї кечээ жакында гана эмес, мындан 20 жыл мурун эле башталган. Мурдагы жандуу табияттын кєрїнїшїн азыр эч жерден кєрє албайсыў, сезе албайсыў, ал толук эмес, жарым-жартылай же алсыз араў жан гана.

Мына менин балалыгым так ошол жандуу жаратылыштын кучагында єттї. Таў эрте їйдїн чатырынан кїрїлдєгєн кєгїчкєндїн, тыўшай калсам чымчыктын їнї жаўырып, уйкум да тез ачылаар эле. Анан чуркап эшикке чыксам, чырылдап чабалекейлер сызып, кырка тигилген теректердин башынан кїкїк сайрап, кошуна атанын короозу кошо жарыша кыйкырып, бир башкача жандануу бар эле. Чуркап барып, чакадагы муздак сууга шапшына коюп, акырын карасаў, тїбїндє жыбыраган чємїч баштарды кєрчїсїў.. Анан бакырып, чєпкє куласаў да, алдыўан кирпи жїгїрїп качар эле. Ушул убакытты аўдып-кїтїп тургансып, шылдыўдап кїлгєндєр да - таў эрте форель балыгын чатырга илип жаткандар болчу. Анан жєн тїшїп кетпей, їйдїн бийик дубалдарына аппак кылып салып койгон чабалекейлердин уясын аўдып, чукулап, бузуп, жумурткасын сындырышар эле. Ошондо деле чабалекейлердин уяларын которуп учуп кеткен учурун байкаган жокмун. Туулган жерим Кочкордун ушундай кызуу таўында бизге дайым чоў атам баш багып турар эле. Атамдын їнї катуу болгондуктан, короо жактан укканда эле, аталап чєптї аралай чуркачубуз. Мына ошондо пырпырап учкан тїрдїї кооз кєпєлєктєрдї кєрїп ал, аларга аралашып сапсары болгон тоголок кечки саратандар уча кашчу. Ошол чєп арасы толо жайылып апамдын жєжєлєрї да жїрчї эле. Алар каалаган жеринен сєєл жыландарды сууруп жешчї. Кєрсє, ошол кезде жердин табигый биогумусу табияттан бай экен окшобойбу.

Эми айылдын токою андан сонун керемет десеў. Дайым тїш ооп калганда, сууга тїшєбїз деп ошол токойго барчу элек. Жардан тїшкєндєн баштап, калыў токойго киргенче саз бети толо бака жатчу. Алардын чардаганы токойго жїз метр калганда угулуп турчу. Азыркынын ден-соолукка эў баалуу деп саналган кызыл колтук бакасы мына ушул токойдун кожоюну болчу. Анын саны абдан кєп эле. Кичинекей эле кєлмє болсо жыбырап чємїч баштары толуп кетчї. Анан аларды былчылдата тебелеп барып, эптеп ары єтїп, калыў токойго жашынмак ойногону кирээр элек. Жыш єскєн чычырканак бактарында адам баласына кєп кєрїнбєйт деген кадимки кыргоолдор отурчу. Алар кїндїз сыртка учуп чыкчу эмес, дайым бактардын кєрїнбєгєн жеринде отурганын кєрчї элем. Чуркап ысып суу жээгине барганда да сыртка чыккан кыргоол кєрбєдїм.

Биз тїшкєн ушул токой ортосундагы кєлмє сууда балык деген кєп болор эле. Сууга кирсеў иткелерди укмуш кєрєсїў. Ай толгондо айылдын чоў балдары тїн ортолоп балыкка келишчї. Форельдерди айдын жарыгында сайып кармагандар да болгон. Ошол эле суунун жээги толо кемирчектер єсєр эле. Колу-бутубузду тыттырып, аны да казып жеп, калганын їйгє алып келип тил укчубуз. Анткени, чоў ата, чоў энелерибиз ашыкча ысырап кылып, ачкєздїк менен їзгєндїгїбїз їчїн урушаар эле.

Кыргоол, кундуз, кызыл колтук бакалар кайда кетти?

Азыркы айылдын абалы, чамасы, кєрїнїшї таптакыр башкача. Боз ала болгон тилке жылаўач кєчєлєрїнєн, ылгый баскан малынан, їйїлгєн чєп менен картошкасынан башка эч нерсе калбады. Аба ырайы єзгєрдї. Кара Кочкор деген менен кар жатпаганы болбосо, шамал аттуу аз болчу. Кичине куюн єтїп кетсе, кєзїбїзгє топурак кирет деп качып калчубуз. Эми барсаў бир кїндє аба ырайы беш жолу єзгєрєт. Кїнїгє кїн батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 8-9 метр секунд ылдамдыкка жетет. Жыл сайын єрїк гїлдєгєндє катуу жаан же шамал сапырып кеткени адатка айланды. Акыркы кїндєрї эл дагы єрїк тикпей, жалаў алмага єтїп кетишкен. Ак-Жар айылында жер ным тартып, жайылган суунун агымы жарга такалып турган болсо, азыр соолуп, токойдун ортосуна чейин майда суулар качан эле жерге сиўип кеткен. Кеч кїїгїмдєн таў аткыча чурулдаган кєчє толгон кур бакалар жоголду. Баягы токойдогу жайнаган кызыл колтук бакалардан дайын жок. Ошол кезде їймє-їй уя курган чабалекейлер калбады. Сары тєш таранчы деп койчубуз, абдан кооз келип, тєшї сыртка чыгып, сапсары болуп турчу. Акыркы 10 жыл аралыгында андай чымчыкты бир да жолу кєрє албадым. Токойдогу кыргоол менен чий аралап чуркап калган кара кундуздун тукуму курут болгондой. Азыр айылда кечкисин саратан учпайт, кєк кєпєлєк азайды. Єзєн-суулар какшып, балык кармаган бала кєрбєйсїў. Токой суюлуп, баягы калыў бактар ачылып, аўырайып суу єткєн жерлер гана калгандай. Эми ошол четинен чириген бак-дарактарды айылдыктар кыркып алып, кышы бою отунга кетиришет экен.

Мына климаттын єзгєрїшї. Же болбосо мынча жаныбардын єнїгїї эволюциясы кайда кетти? Булардын сиўип жок болушунун себеби эмнеде? Албетте, бул - климаттын єзгєрїшї. Канча жыл мурун эле климат кєчїп, тамырыбыздан акырын талкалай баштаганын капарга алган эмес экенбиз да.. Менимче, климаттын билинбей акырын єзгєрїшїн эў биринчиден жаныбарлардын азайып же таптакыр жок болуп кетїї кєрїнїшїнєн байкоого болот. Анткени, алар табиятка сезимтал келип, бардык нерсенин алдын алып тураары анык окшобойбу.

Суулар кайда сиўип жатат

Кочкор жери - ар жагынан Кєк-Жар, бери жагынан Ак-Жар болуп, жар алдынан оргуштап булак суулары чыгып турган сууга бай аймактардын бири эле. Жолду кыркалай суу латоктору созулуп жатчу. Сугат убагында суу жырып кетиптир деп эле атабыз таў атканча чырак кїйгїзїп, талаада жїрчї. Себеби, суунун агымы катуу болчу. Эми азыр элдин айдоо жерине суу жетпейт. Кєп жылдык чєп айдалган кайрак жерлер чыгып, суулар кайдадыр сиўип кетип жаткандай. Демек, климаттык єзгєрїїнїн таасири астында жыл мезгилдери бери дегенде 25 кїнгє оошуп жатат. Анткени, ар бир пландаштырылган мезгилдин милдеттери єзїнїн температурасынан жогору же ылдый болуп калган абалга кабылып, кїткєн жаз бир айга кечигет дагы, жїрє турган їшїгї алча-єрїк гїлдєп калган мезгилге туура келип калат. Ошондо буудай арпанын бышаар убагы куйкалап кургакчыл болгон ысык кїнгє туура келип, кїйїп калып жатат. Мындай айырмачылыкты айыл жериндеги дыйкандар жакшы эле баамдап калышты. Ал эми суулардын дайынсыз сиўип кетїїсїнїн экинчи себебин, жер алындагы жаракалардын чоўоюшу деп айтышат. Анткени, жергиликтїї элдин айтымында, 2006-жылы декабрь айында Исакеев айылында болгон жер титирєєдє жер алдынан искра чыгып, караўгы тїн бир укмуш жаркылдаган дешет. Бул тууралуу кєл эли дагы жер алдындагы жаракалар аркылуу "Кумтєрдїн" кєп зыяндуу заттары агылууда деген кєп нерсени айтып келишет. Эмнеси болсо дагы, климаттын єзгєрїшїндє дїйнє эли чырылдаган эки градустун абалын кєзємєлдєп, ар ким єзїнїн їлїшїн кошуусу абзел. Себеби, жаратылыш келечеги - биздин келечегибиз.

Фарида Кыязова

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...