Акыркы макалалар

Депутат Майрамбек Расулов: “Балдардын мектепке чейинки мекемелеринин жетишпегендиги курч маселе бойдон калууда”

Бишкек, 8-апрель /Минара Ибраева-Кабар/. Бүгүнкү күндө балдардын мектепке чейинки мекемелеринин жетишпегендиги курч маселе бойдон калууда. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Майрамбек Расулов айтып чыкты .

Анын айтымына караганда азыркы тапта Республика боюнча 62 менчик бала бакча иштеп жатат. Ал эми аларга болгону 4288 бала барат.

“Бул мекемелер бир баланы окутуу үчүн айына 4 миң сомдон 15 миң сомго чейин акча каражат алышат. Ал эми бюджетте акча жоктугунан 2014-жылы өлкөдө болгону 1 мамлекеттик бала бакча курулган. Ошондуктан жеке менчик бала бакчаларды салыктан бошотсок, баалар арзандап, бул сыяктуу мекемелер көбөйөт эле",- деп айтты депутат М.Расулов.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...