Акыркы макалалар

АКСАКАЛДАР СОТУНУН ИШИН ЖАНДАНДЫРУУ КЕРЕК

Райондук ички иштер бөлүмүнүн жыйын залында «Бүгүнкү күндөгү аксакалдар сотунун коомдогу орду жана көйгөйлөрү» деген аталыштагы жыйын болуп өттү.

Ага райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги милициянын полковниги Талант Мамытов жана орун басары милициянын подполковниги Дүйшөн Ниязкулов жана районубуздагы аксакалдар сотторунун төрагалары менен айылдык участкалык бөлүмчөлөрүнүн кызматкерлери катышышты.

Жыйында аймагыбыздын башкы милициясы Т.Мамытов төмөнкүлөргө токтолду.

Эзелтен эле элибиздин өсүп-өнүгүшүнө, калыптанышына, аксакалдар зор салымдарын кошуп келишкени баарыбызга маалым. Ошондуктан калк арасында «Карынын сөзүн капка сал», «Атанын сөзү-акылдын көзү» — деген нускалуу кептер бекеринен айтылган эмес.

Эгемендүү өлкөбүз өз туусун колго алган мезгилден баштап, мамлекет жетекчилери жергебизде жашаган кадырлуу карыларыбыз менен тыгыз байланышта болуп, көптөгөн маселелерди оң жолго чечишип келе жатышат. Натыйжада өлкөбүздө Президенттин буйругунун негизинде курамы ардактуу аталардан уюшулган аксакалдар соттору иштеп келет. Алардын күжүрмөн эмгеги элдин арасындагы тынчтыкты, ынтымак-ырашкерликти сактап, каада салтыбызды жөнгө салууда жардамдары чоң экендиги талашсыз. Бүгүнкү жыйындын максаты; Сиздердин ишиңиздерге ички иштер бөлүмү тарабынан кандай жардамдар керек. Жалпы эле иш жүзүнө ашпай жаткан көйгөйлөрдү ачык айтып, пикир алмашуу болуп эсептелинет. Ошону үчүн бардык проблемаларды ачык айтып, кеңири сүйлөшсөк деген пикирин айтты.

Кадамжай шаардык аксакалдар сотунун төрагасы Ураим Бакировдун айтымында, 3-4 жылдан бери, аксакалдар сотунун ишине жакшы көңүл бурулбай, райондук маанидеги чогулуштарга да чакырылбай сыртта калып жатышканына тынчсызданды. Андан кийин алыскы айылдардан келген аксакалдардан иштеринде, атайын бланкалар менен канцелярдык буюмдардын жетишсиздиги айтылды. Ошондой эле аксакалдар сотунун атайын иш бөлмөлөрүнүн жоктугу негизги көйгөй экендиги баса белгиленип, айыл аймактары тарабынан айлык акы төлөнсө-деген да ой-пикирлер да болду. Аксакалдар сотунун ишине аймактык инспекторлордун салымдары чоң экендиги белгиленип, аларга аксакалдар тарабынан ыраазычылык билдирилди..

А.Асанов

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...