Акыркы макалалар

Токтогул суу сактагычында 6,2 млрд. куб метр суу калды

Бул бир жыл ичинде суу сактагычтагы суунун көлөмү 29,5% азайганын көрсөтөт. Өткөн жылы апрель айына карата өлкөнүн негизги суу чөйчөгүндө 8,9 млрд. куб метр суу бар болчу.

“Электр станциялары” АКнун маалыматы боюнча бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычына агып кирген суу менен андан агып чыккан суунун айырмасы секундасына 121 куб метрге барабар болууда.

Токтогул суу сактагычында суу өткөн жылдан тартып азая баштаган. Энергетика министрлиги буга былтыркы кургакчылыкты себеп кылса, кээ бир байкоочулар электр энергиясын ашыкча иштетип сатуу үчүн суу көп чыгымдалганынан улам ушундай кырдаал жаралганын айтышат.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...