Акыркы макалалар

Өлкөгө кыянатчылык кылгандар жазасын алабы?

Өткөн жылдын июнь айында өкмөттүн токтому менен “Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүн иликтеп чыгуу үчүн атайын мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Парламенттин дээрлик эки күндүк жыйыны дал ушул маселени талкуулоого арналды.

Инвесторлор баш тартса келишим жокко чыгат

“Кумтөр” кенин иликтеген мамлекеттик комиссиянын курамы 25 адамдан туруп ага бийлик өкүлдөрү менен баардык кызыктар тараптын мүчөлөрү катышкан. Дээрлик жети айга жакын иштеген комиссия кен казып алууда өлкөнүн кызыкчылыгына туура келбеген бир катар көрүнүштөрдү ачыктаган. Комиссиянын жетекчиси Темир Сариевдин айтымында, “Кумтөр” боюнча 1992-жылдан бери 4 келишим түзүлгөн. Ал белгилегендей, жогорудагы макулдашуулардын баарысы кыянатчылык менен ишке ашкан. “Өзүнүн чөнтөгү үчүн, байып алуу максатында биздин чиновниктердин макулдугу менен келишим түзгөн бир катар аткаминерлер бар. Комиссияда аларды чакырып, суракка алып же жоопко тартуу боюнча укук жок. Ошондуктан бул материлдарды карап чыгып, алардын моралдык жана кылмыштык жоопкерчилигин иликтеп, күнөөлүүлөр болсо, жоопко тартуу боюнча Башкы прокуратурага материал жөнөттүк”, - деди ал.

Т.Сариев белгилегендей алтынды иштетип жаткан компанияга Кыргызстандын акцияларын көбөйтүү тууралуу маселе коюлбайт. “Кумтөр” боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алардын макулдугу менен 2009-жылдагы келишимди жокко чыгаргыла деген сунуш бердик. Ошондой эле, өлкөнүн мыйзамдары боюнча салык төлөшүн талап кылып жатабыз.”, - дейт ал. Т.Сариевдин айтымында, “Кумтөр” кенин иштетип жаткан компанияга үч ай убакыт берилет. “Бул аралыкта инвесторлор макулдашууга келбесе келишим бир тараптуу токтотулат”, - дейт Т.Сариев. Ал эми өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев комиссиянын чечимин колдоорун, анын корутундусу “Центерранын” президенти Ян Аткинсонго да билдирилгенин парламентте маалымдады.

Айрым эксперттердин пикиринде Кыргызстан келишимден бир тараптуу баш тартса компания эл аралык соттон утуп алышы мүмкүн. Бирок, “мындай коркунуч эки тарапта тең бар” дейт Т.Сариев. Көз карандысыз эксперт Бакыт Бекетаев эл аралык соттон Кыргызстан 100 пайыз утарына толук ишенет. Анын айтымында, бул үчүн өлкөнүн кызыкчылыгын талашкан адамдар кыргыз улутунан болушу керек.

Бирок, “Ата Журт” фракциясынын депутаты Жылдыз Жолдошева өкмөттүк комиссиянын талаптары туура эмес экенин айтып “Кумтөр” кенин 100 пайыз мамлекетке өткөрүп алуу керектигин билдирди.

Экология жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын жетекчиси Осмонбек Артыкбаевдин айтымында, “Кумтөр” кени экологияга 6 млрд. 800 млн. сом зыян келтирген. Ошондой эле, анын айланасында 60 миллион куб уулуу калдыктар сакталууда.

“Центерранын” президенти Ян Аткинсон жакында Кыргызстанга келип бир катар жетекчилер менен сүйлөшүп кеткен. Өкмөт башчысы Ж.Сатыбалдиев сүйлөшүүлөр мурдагыдай Канада же башка өлкөлөрдө эмес, бир гана Бишкекте жүрөрүн айтууда. Мамлекеттик комиссиянын бүтүмү боюнча аталган компания азырынча үн ката элек. Ал эми Кыргызстан “Центерранын” 33 пайыз акциясына ээлик кылат.

Мамлекеттик комиссия тарабынан “Центерра” компаниясына коюлган талаптар:

- Салык төлөмдөрүн салык кодексине ылайык төлөшү керек. Мисалы, жылына 18,5 тонна алтын казып ала турган болсо, дүйнөлүк алтындын баасына жараша 4,5 млрд доллардан ашык ачка каражаты салык катары төлөнүшү керек,

- “Кумтөр оперейтинг компани” менен «Кумтөр голд компани» бириктирилип, вице-президенттеринин баары кыргыз атуулдары болуш зарыл,

- Компанияда башкаруучу менеджерлердин арасында кыргыз жарандарын көбөйтүү,

- Директорлор кеңешине мамлекеттин өкүлдөрүнүн санын төрткө жеткизүү,

- Социалдык төлөмдөрдү 2 пайызга көтөрүп, анын 1 пайызын Ысык-Көлгө, 1 пайызын Нарын облусуна которуу.

Бирок, эки күнгө жакын талкууланганы менен бул маселеге чекит коюлган жок. Көпчүлүк депутаттардын сунушу менен комиссиянын корутундусу Жогорку Кеңештин үч комитетинде кайрадан каралып, кийинки жумада чыгарылмай болду.

АЛМАЗ ДОСБЕК УУЛУ

22-февраль, 2013-жыл, №07

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...