Акыркы макалалар

Ак-Суудагы балдар реабилитациялык борбору оңдолду

Ысык-Көл облусунун бириккен ооруканасына караштуу Ак-Суу балдар реабилитациялык борбордун үч кабаттуу башкы корпусу толук ремонттон өтүп, пайдаланууга берилди.

Аталган борбордун тарыхына кайрылсак, мындан туура 116 жыл мурда, тактап айтканда 1896-жылы дарыланууну каалагандар үчүн ванна-кабина салынып, чакан үй курулган экен. Кийин бул жай республикалык маанидеги ден соолукту чыңдоочу жайга айланган. Жыл өткөн сайын балдардын реабилитациялык борборуна келгендердин саны өскөн. Маселен, 1998-жылы орундардын саны 205ке жетип, союздук республикалардын дээрлик бардык булуң-бурчунан тубаса шал болуп төрөлгөн балдар-кыздар, нерв оорусу менен жабыр тарткан өспүрүмдөр аталган жайга келип дарыланып турушкан. Бул жерден термалдык суулардын 26 булагы табылып, радондун, бромдун жана башка микроэлементтердин табигый аралашмалары айрыкча нерв системаларынын бузулушун калыбына келтирүүдө табылгыс дары катары эсептелет. Тубаса шал, нерв оорусу менен жабыр тарткан өспүрүмдөр үчүн мектеп да болгон. Тилекке каршы, акча каражатынын тартыштыгынан, ошол кездеги бийлик төбөлдөрүнүн кайдыгерлигинен борбордун башкы корпусу дээрлик кароосуз калган. Медициналык жабдуулардын эскилиги жетип, четинен керектен чыга баштаган. “Президент Алмазбек Атамбаев премьер-министрлик кызматын аркалап жаткан кезинде бул жерге атайын келип, кароосуз калган жайды капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча протоколдук тапшырма берген. Мына ушул протоколдук тапшырманы аткаруу максатында 2011-2012-жылдары облусттук өнүктүрүү фондунан 41 млн. сом акча каражаты бөлүнүп берилди. Ошондой эле борбордун материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында “Ашар-жалпы-иш” кайрымдуулук фондусу менен бирдикте марафон өткөрүп, андан түшкөн 2 млн. 200 миң сомго катуу жана жумшак инвентарлар алынды. Борбор азыркы заманбап шарттарга ылайыкташтырылып оңдолду, 5,6 млн. сомго жаңы үлгүдөгү медициналык жабдуулар коюлду”,-дейт ачылыш салтанатта сүйлөгөн өкмөттүн облустагы ыйгарым жана толук укуктуу өкүлү Мирбек Асанакунов.

“Чындыгында эле бул жер уникалдуулугу менен айырмаланат. Облус жетекчилиги өкмөттөн 5 млн. сом жардам сурап кайрылып, бул маселе чечилди. Аталган каражат борбордун материалдык-техникалык базасын жакшыртуу иштерине жумшалды. Буту-колу баспаган балдар-кыздарын жондоруна көтөрүп дарылатып жүргөн ата-энелери, борбордун жалпы эмгек жамааты санитардык автоунаа сурашты эле. Бул өтүнүчүңүздөрдү да орундаттык”,-деп белгилеген КРнын вице-премьер-министри Камила Талиева аталган борбордун эл аралык деңгээлге көтөрүлөөрүнө ишенээрин айтты. Шейшекан Жаналиева, Ысык-Көл

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...