Акыркы макалалар

Аба каттамдарда учак билети арзандайт

Ушул жылдын 1-мартынан тартып ички авиакаттамдарга билеттердин баасы арзандатылат.

Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, буга чейин көптөгөн жарандар депутаттарга жана аталган министрликке ички каттамдардын баасын төмөндөтүү боюнча кайрылышкан.

15-17-февралда «Манас» ачык акционердик коомунун, «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик мекемесинин, «Жарандык авиация» агенттигинин жетекчилери Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Исфананын аба майдандарында болушкан.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Бишкек-Ош аба каттамы 500 сомго, Бишкек-Жалал-Абад, Бишкек-Баткен жана Бишкек-Исфана аба каттамдары 300 сомго арзандамакчы.

Мындан сырткары, каникул учурунда студенттер жана жаш балдар үчүн тарифтер каралат. Назгүл Бостонбаева

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...