Акыркы макалалар

Лейлекте сел жүрдү

Райондун Ак-Суу айыл аймагында кечээ кечке жуук мөндүр аралаш жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрдү. Сел Чоюнчу айылында беш үйдү каптап, алты баш бодо малды агызып кеткен. Ошондой эле Жар-Кыштак айылын да сел каптады. Ош-Исфана-Кулунду автожолунун Ак-Кум айылынын тушу сел агызып келген кум-ташка толуп калып, автоунаа кыймылына кыйынчылык жаралган. Жолду аймактагы 13-ДЭУнун грейдери тазалап, учурда кыймыл кайра жанданды.

Лейлек районунун акими Тилеберди Ариповдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча сел келтирген чыгымдар эсептелип жатат.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...