Акыркы макалалар

Абактагы кыйноого каршы болуп колун кести...

Жалал-Абад шаарындагы “Адилеттик” укук коргоо уюму тарабынан облустагы бир нече убактылуу кармоочу жайлардан сурамжылоо жүргүзүлгөндө бир атуул тергөө абагындагы кыйноодон улам, токмоктоого каршылык иретинде өзүнүн колу менен мойнун тилип салууга мажбур болгонун айтып арызданды.

Ал эми дагы бир жаран өткөн жылы 6-ноябрда убактылуу кармоочу жайда кыйноого алынганын билдирди. Ноокен райондук убактылуу кармоочу жайында дагы бир адам былтыр милиция кызматкерлери тарабынан ур-токмокко алынганын айткан.Учурда ”Адилеттик” уюму даттанган адамдардын арызы боюнча текшерүү жүргүзүп, чара көрүү өтүнүчү менен күч органдарына кайрылды. Анархан Жаңыбаева, Жалал-Абад

22-февраль, 2013-жыл, №07

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...