Акыркы макалалар

Чыныбай Турсунбеков “Кыргызтудейди” сотко берди

Чыныбай Турсунбеков “Кыргызтудейди” сотко берди

Парламенттеги КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков kyrgyztoday.kg сайтын сотко берди. Депутат сайтта өзү жөнүндө чыккан бир катар маалыматтарга нааразы болуп юристтерге кайрылганын “Азаттыкка” билдирди:

-Аталган сайт мен жөнүндө дайыма туура эмес кабарларды таратат. Буга мыйзам чегинде баа берилишин каалайм, - дейт Турсунбеков.

Ал интернет-басылмадан 5 миллион сом талап кылууда. Бул кабарды kyrgyztoday сайтынын кабарчысы Келдибек Назиров да тастыктап, 24-апрелге Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан чакыруу келгенин айтты.

Kyrgyztoday.kg cайтынын кожоюну мурдагы депутат Бегалы Наргозуев. Интернет-басылмадагылар муну бийликтин сайтты жабуу амалы катары баалоодо.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...