Акыркы макалалар

Ала-Букадагы аскер бөлүгүнө алты объект курулат

КРнын Мамлекеттик чек ара кызматы тарабынан Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) менен биргеликте чек арачылардын жашоо-шартын жакшыртуу максатында 2013-жылы Ала-Бука районундагы 2030-аскер бөлүгүнө алты объект куруу пландаштырылууда.

Бул тууралуу аталган аскер бөлүгүнүн саркеринин убактылуу милдетин аткаруучу Кыялбек Толонбаев билдирди. Анын берген маалыматына караганда, курула турган объектилер: «Чаткал», «Май», «Көк-Таш», «Актам», «Кербен» чек ара бекеттеринин жана чек ара кошуунунун башкармалыгынын имараттары. Азыркы учурда Ала-Бука мамлекеттик райондук администрациясынын жардамы менен «Май» жана «Актам» чек ара бекеттеринин имараттарын курууга жер бөлүнүп берилди. Ошондой эле «Кербен» чек ара бекетинин имаратын куруу үчүн да жер бөлүндү.

«Келечекте Сафед-Булан айылына чек ара бекетинин чектүү штаттык санын ачып, жер бөлдүрүп, имарат куруу пландаштырылууда. Мындан сырткары, КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчилиги тарабынан мамлекеттик чек араны коргоо жана кайтарууну жакшыртуу максатында Ала-Бука чек ара кошуунунун жоопкерчилик аймагында Көк-Серек айылдык округунун Көк-Серек айылында чек ара тозотун ачуу чечими кабыл алынды. Чек ара бекетинин чектүү штаттык саны бекитилди», - дейт К.Толонбаев.

Анархан Жаңыбаева, Жалал-Абад

22-февраль, 2013-жыл, №07

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...