
3-апрелде М.В. Фрунзе атындагы Кыргыз мамлекеттик мемориалдык үй-музейинде “Элдик революцияга — 5 жыл” көчмө көргөзмөсү ачылгандыгын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай көргөзмөгө 2010-жылдагы апрель революциясы туурасындагы китептер, газетага чыккан материалдар, фотоматериалдар коюлган.
Аталган көчмө көргөзмөнүн максаты – апрель революциясынын келип чыгуу себептерин жана андан алган сабактар туурасында маалымат берүү.
Белгилей кетсек, аталган көргөзмөнүн ачылышына экс-министр Алиясбек Алымкулов, ошондой эле апрель революциясында каза болгондордун туугандары, ИИМдин академиясынын курсанттары катышышты.
Түп нускага шилтеме : kyrgyztuusu.kg
Азырынча бир да пикир жок...