Акыркы макалалар

Эшектин эти делген бир нече каптагы этти Бишкектин четине таштап кетишкен

Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында милиция белгисиз жандыктын союлган эттерин тапты. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде "ВБ"га Чүй областтык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.

Ведомствонун басма сөз катчысы Нурбек Токтосуновдун айтымында, өткөн жума күнү Новопокровка айылындагы Чоң Чүй каналдына жакын жерге кимдир-бирөө бир нече союлган эт салынган каптарды таштап салганы тууралуу билдирүү түшкөн. Аны жергиликтүү тургундар таап алышкан жана алар бул койдун же уйдун эти эмес деп ишендиришүүдө. "Буттары кыска, мойну узун - мунун баары эшекке тиешелүү. Бул эшектин эти экенине ишенимдүүбүз",-деген айыл тургунунун бирөө.

Алдын ала маалыматтарга таянсак, эт салынган каптарды каналдын жанына таңга маал алып келишкен. Бир нече этти иттер ташып кеткенге үлгүрүшкөн.

Этти табышкандан соң Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам-иликтөө тобу барган. Азыркы учурда тергөө бөлүмү этти утилизация кылууга даярданууда, бир кесим этти анализге жиберишет.

Токтосуновдун берген маалыматына таянсак, экспертизанын жыйынтыгы бир аптанын ичинде белгилүү болот.

Ыкчам иликтөөчүлөрдүн алдын ала маалыматына караганда, ишкерлердин бири мындай жол менен өндүрүшкө эшектин этин колдонгонун жашырууга аракет кылган.

"Эшек фермасында болгон чатактан кийин баардык мал соючу жайлар жана колбаса чыгарган цехтер тыкыр иликтене баштады. Эшектин этин колдогон кайсы бир өндүрушчү андан кутулууга аракет кылып шаардын четине алып чыккан окшойт",-дейт Токтосунов.

Азыркы учурда милиция кызматкерлери жергиликтүү калктан маалымат сурап жатат. Ыкчам иликтөө иштери башталды.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...