Акыркы макалалар

Ичимдикти мыйзамсыз саткандарга каршы ишеним телефону иштей баштады

Өкмөткө караштуу мамлекеттик салык кызматы жарандардан ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү жана сатуу фактылары боюнча ишеним телефонуна чалууларын өтүнөт. Ал үчүн (0312) 90-05-49 ишеним телефону күн сайын эрте менинки саат 09:00дөн 18:00гө чейин иштеп турат. Аталган номерге спирт ичимдиктерин мыйзамсыз өндүрүү, сатуу жана сактоо фактылары боюнча ар бир жаран кайрыла алат.

Белгилей кетсек, жакында Жалал-Абад облусунун Аксы жана Ноокен районунда лицензиясы жок ири көлөмдөгү спирт ичимдиктери табылып, тиешелүү материалдар Жалал-Абад облусу боюнча мамлекеттик экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

НАЗГҮЛ БОСТОНБАЕВА

22-февраль, 2013-жыл, №07

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...