Акыркы макалалар

Ошто ашпозчулардын кадыр-баркын көтөрүүнү колго алышты

Ош шаардык мэриясынын жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси менен 4-апрель күнү алгачкы жолу акысыз түрдө ашпозчуларды жана тейлөөчүлөрдү даярдоо окуу долбооруна кабыл алуу үчүн маектешүү өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Жалпысынан сынакка 150 кыз-улан катышып, жыйынтыгында 50 адам кабыл алынды, сынактан өткөндөр кийнки жумадан окуусун уланта башташат.

Окуу долбоордун негизги максаты- жаштарды ашпозчу кесибине тартуу, бул кесиптин кадыр-баркын көтөрүү болуп эсептелет.

Кулинардык окуу долбоорун ийгиликтүү аяктаган жаштар сертификат менен камсыз болушат.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...