Акыркы макалалар

Абакта жаткандарга жеке фирмаларга барып иштеш үчүн эркиндик беришкен

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Новопокровка айылында жайгашкан №37 абак жайында соттолгон жарандарды, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн бошотуу боюнча коррупциялык система иштеп турган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

№37 абак жайдын кызматкерлери камакка алынгандарды эмгеккке орноштуруу боюнча жасалма келишим түзүшкөн. "Абак жайдын жетекчилиги жасалма документтерди жасап, камакка алынгандарды мыйзамсыз кое берип аларга жаза өтөөдөн качыш үчүн жакшы шарт түзүп беришкен",-деп белгилейт ИИМ.

Текшерүү маалында жумуш берүү тууралуу 56 келишим табылган. Алардын баарында чарба субъектилери абакта камалган кээ бир жарандардын иши үчүн 7 500 сомдон айлык берип жатат деп көрсөтүлгөн. Бирок жумуш берди делген жеке фирмалар өздөрүндө мындай жарандардын иштебегенин текшерүү маалында белгилешкен. Ушундай коррупциялык жол менен кылмыштуу топтун мүчөлөрүн, экстремизмге, алдамчылык фактыларына айыпталып соттолгон адамдарды иштеп жатат деп эркиндикке чыгарып турушкан.

Бул фактылар боюнча кылмыш иши козголду. Иликтөө иштери башталды.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...