Акыркы макалалар

«НЕГИЗГИ НАТЫЙЖА КЛАНДЫК БИЙЛИКТИН ЧЕТТЕТИЛИШИ БОЛГОН»

«НЕГИЗГИ НАТЫЙЖА КЛАНДЫК БИЙЛИКТИН  ЧЕТТЕТИЛИШИ БОЛГОН»

Бүгүн Апрель элдик революциясына тарыхый баа берчү учур келди. Бул окуя Кыргызстандын тарыхында кандай из калтырды, анын келип чыгышынын негизги себептери эмнеде эле, натыйжасы жана кесепеттери кандай болду деген суроолордун тегерегинде тарыхый көз карашы менен С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин «Тарых жана философия» кафедрасынын ага окутуучусу Эсенбай Саргашкаев ой бөлүштү.

- Эсен Абдраевич, тарыхчы катары Апрель элдик революциясынын келип чыгышына кайсы себептер түрткү болгон деп ойлойсуз?

- 2010-жылдагы 7-апрель окуясы Кыргызстандын соңку тарыхындагы экинчи элдик толкундоо болуп эсептелди. Тарыхта ар бир революциянын өзүнүн себептери, жүрүшү жана жыйынтыгы болот эмеспи. 7-апрелдеги элдик революциянын негизги себептеринин бири өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалдын начардыгы, элдин социалдык абалынын төмөндүгү болгон.

Экинчиден эгемен республиканын саясий бийлигине Курманбек Бакиевдин келиши жана Бакиевдердин кландык башкаруусунун күч алышы элдин кыжырдануусун жараткан.

Дагы бир себеп электр энергиясынын тарифтеринин көтөрүлүшү болчу. Муну коомчулук негизги себеп деп атап жүрүшөт. Бирок бул негизги себеп эмес. Бул социалдык саясаттын туура эмес жүргүзүлгөндүгүнүн бир көрүнүшү десек болот.

Акаевдин бийлигин үй-бүлөлүк башкаруу деп сындасак, Бакиевдин учурунда кландык башкаруу өкүм сүрүп, Кыргызстандын саясий, экономикалык жана коомдук турмушунун бардык чөйрөсүнө аралаша баштаганы менен коркунучтуу болчу. 2005-жылдын март окуясынан кийин элдин бийликке болгон ишеними акталбай калган. Себеби бакиевчилер бийликке кыргыз элинин коомдук турмушун жана мамлекетти чыңдоо максатында эмес, Акаевдин бийлигин, байлыгын тартып алуу үчүн гана келгендей таасир калтырган. Акаевдин убагында саясий башкарууга үй-бүлөсү аралашса, Бакиевдин мезгилинде ага-туугандарынан жыты туугандарына чейин кийлигише баштаган. Райондун акимчилигинен тартып бийликтин жогорку түзүлүштөрүнө чейинки кызматтарга Бакиевдин ага-туугандары ээ болгон. Кландык башкаруу мезгилинде өлкөдө түндүк-түштүк маселеси, трайбализм күч алган.

Революциянын келип чыгыш себептеринин дагы бири катары кландык башкаруунун социалдык-саясий маселелерде гана эмес маданий чөйрөгө чейин кедергиси тие баштаганын белгилөөгө болот. Ошол учурда кыргыз маданий чөйрөсүндө артисттердин улуттук кийимдеринен бери кандайдыр бир деңгээлде Борбордук Азиянын калмак, дунган өңдүү элдеринин үлгүлөрүндө кездеше баштаган. Ушундай эле көрүнүш курулуш жана архитектура тармагында орун алган. Мунун себеби Бакиевдин теги дунган улутунан болгондугуна байланыштуу болуп атат. Мисалы улуу Кытай эли мамлекет башчысын тандоо тарыхында жети атасы хан-зу болгон адамды гана хан көтөрөт. Биздин тарыхта да ошондой салт бар болчу.

Ал эми экономика тармагын айта турган болсок, чоң көйгөй айыл чарбасына эч кандай көңүл бурулбай калгандыгы болгон. Айыл-чарба жерлери оюн-зоок өткөрө турган имараттарды, ресторандарды курууга бериле баштаган. Бакиевдин бир туугандары жана баласы Максим тарабынан Ысык-Көлдүн тегерегине өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн мамлекеттин эсебинен санаторийлер, эс алуу жайлары курула баштаган.

- Апрель революциясынын натыйжасы кандай болду? Тарыхый ордуна, оң, терс жактарына кандай баа бересиз?

- Эң негизги натыйжасы Бакиевдин кландык бийлигинин четтетилиши болду. Эл жеке бийликтин кереги жок экенин түшүндү. Кыргызстандын конституциясында реформа болду. Реформанын негизинде президенттик-парламенттик башкаруу системасы орноду.

Кээде эл арасында революциянын талаптары аткарылбай калды деген доомат бар. Буларды жүйөөлүү деп эсептесек болот. Анткени бүгүнкү күндө деле элдин социалдык абалы жакшырып кеткен жок. Мамлекеттин экономикасы өнүгүп кетти дегенден алыспыз. Ушул жактары элди бүгүнкү күнгө чейин нааразы кылууда. Буга Акаевдин, Бакиевдин башкаруу мезгилинде түзүлүп калган коррупциялык система негизги себеп. 15 жылдык системаны оңдоодо бүгүнкү күндө дагы кыйынчылыктар болуп жатат.

Революциянын терс жактары албетте кан төгүлүү менен коштолгондугу болду. 100гө жакын баланын өмүрү кыйылып, революциянын курмандыктары болуп калышты. Бирок бул окуя Кыргызстандын келечеги үчүн эң чоң сабак болду. Алардын ысымы, идеялары, максаттары сөзсүз түрдө тарыхта калуу менен коомду патриоттуулукка тарбиялоодо үлгү болмокчу. Анткени булар өз канын Ата-Мекени, элдин эркин келечеги үчүн төктү. Ал эми кыргыз элинин тарыхында элдин жана жердин кызыкчылыгы үчүн өлгөн баатырлар эч качан унутулган эмес.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...