Акыркы макалалар

Зыяратчылар үчүн Меккеге авиабилетердин баасы $1500ди түзөт - КМДБ

Зыяратчылар үчүн Меккеге авиабилетердин баасы $1500ди түзөт. Бул ууралуу КирТАГга Кыргызстандын мусулмандар диний башкармалыгынын башчысынын орун басары Замир Ракиев билдирди.

«Бизде авиакомпаниялардын арасында тендер өткөрүлдү. Flynas авиакомпаниясы Меккеге зыярачыларды ташуу боюнча тендерди жеңип алды. Зыяратчыларды ыйык шаарга ташуу 2015-жылдын август-сентябрь айларында башталат. Билеттин баасы 1500 доллар, өткөн жылы 1350 эле», - деди З. Ракиев.

Анын айтымында, баардыгы болуп тендерге эки компания – Flynas (Сауд Аравия) жана жергиликтүү «Манас Эйр» катышкан. Бирок жергиликүү компания документерди толугу менен тапшырган эмес, ошондуктан чет элдик авиакомпания жеңди. Бүгүнкү күндө зыяратчыларды ташуу боюнча гана маселе чечилди. Азырынча сапардын жалпы баасы аынктала элек.

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...